Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Бектурганов: Ош аба майданын оңдобосо болбойт


"Кыргызстан" авиакомпаниясынын башчысы Жолдошбек Бектурганов учактардын абалы, учуу коопсуздугу боюнча суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Жыл жаңырар алдында сиздердин учак Ошто кырсыктап, бактыга жараша жүргүнчүлөрдүн баары аман калды. Айрым депутаттар мамлекеттик бул жалгыз авиакомпаниядагы коосуздукту сындап жатышат. Ширин Айтматова а түгүл таптакыр эле жаап, жоюп салыш салыш керек деп айтып чыкты. Депутаттардын дооматтары канчалык жүйөлүү? Сиздер былтыр компаниянын 10 жылдыгын белгилегенсиздер. Бул жыл аралыгында канча учагыңар кырсыктады?

Жолдошбек Бектурганов: Учурдан пайдаланып өткөндөгү кырсыктан жабыркагандардан эгер экипаждын күнөөсү болсо кечирим сурайт элем. Чоң кырсыктан кудай сактады. Адам өмүрү кыйылбай, жеңил жаракат менен чыгып кеткенибизге сүйүнүп жатам.

Биздин компанияда коопсуздук маселелерине өтө чоң көңүл бурулат деп ишендирем. Учактын техникалык абалы аябай эле жакшы болчу. Компания мамлекеттик болгондуктан мамлекетке деле жардамыбыз чоң болгон. Мурдагы жылы июнь-апрель окуяларында жабыркагандардын бир канчасын Москвага дарыланганга бекер ташып барганбыз. Оштон Бишкекке жеткирип жаттык. Жапонияда жер титирегенде ал жактан кыргыз жарандарын алып келип жардамыбыз тийди. Андан сырткары улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн Германиядан биз алып келгенбиз.

Он жыл аралыгында биздин компания бюджеттен бир тыйын албай, өзүбүздү өзүбүз каржылап, өзүбүздү өзүбүз багып келетабыз. Өкмөткө зыяныбыз тийген эмес. Өкмөттөн бир тыйын албай, тескерисинче, өкмөткө бир канча миллиондогон сомду салык түрүндө, дивиденд түрүндө төлөп жатабыз. Анан бир күндө эле жаап коюш болбойт деп ойлойм.

“Азаттык”: Быйыл Кыргызстанда учактар коопсуздугу жагынан кандай кам-чом болот? Кечээ эле дагы бир Боинг сатып алдыңыздар. Былтыр жайында да бирди алдыңыздар эле. Бул учактар жаңы эмес, бирок толук оңдоодон өткөн экен. Ошентсе да мындай учактарда учуу опурталдуу эмеспи?

Жолдошбек Бектурганов: Биз өзүбүздүн кызматкерлерди Европадан окутуп, стажировкадан өткөрүп турабыз. Азыркы убакта да Европадан келген адистер биздин кызматкерлерди окутуп жатат. Ушундай келишим бар. Андан сырткары учкучтарды да үйрөтүп, алар жакшы учуп атышат. Биздин кызматкерлер ушунча жыл иштеп, ушунча тажрыйба топтоп коопсуздукту жакшы эле карашат. Учактардын абалы жакшы.

“Азаттык”: Буга чейин дагы бир учагыңар Ошто кырсыктады эле. Айрым адистер Оштун аэропорту талапка жооп бербейт деп айтышат. Чынында эле ошондойбу?

Жолдошбек Бектурганов: Чындыгында ошондой. Биз муну бир канча жылдан бери айта берип тилибиз тешилди. Ош аба майданынын тилкесин оңдобосо болбойт. Ал жакка каражат бөлүп тилкени узартып, аэронавигациялык жабдууларды жаңыртып, башка аба майдандардыкындай кылып сапаттуу жабдууларды койбосо бизге, авиакомпанияларга кыйын эле болуп калып жатат.

XS
SM
MD
LG