Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Деси кайта элек жоо, десте сунган ашыктар


Тоо гүлү. Кыргызстан.
Тоо гүлү. Кыргызстан.

Биздин тилге иран тилинен кирген «дес» деген сөз бар. «Күч», «кубат» деген маанини билдирет.

«Жамандын колуна дес тийсе, оңдурбайт» деген макал айтылат. «Десим жетпей калбадыбы» дейт. «Алым жетпей калды, күчүм жетей калды» дегени. «Туугандарынын десин кайтарып, шагын сындырышка алардын эрки жеткен жок» дейт. «Деси кайтты» дейт. «Деси сууду» дейт. «Душмандын деси кайта элек» дейт. «Анын эси жок турбайбы, десин кайтара орой айтып салбадыбы» дейт.

* * *

Кадимки эл бетаарчыны «десоромол» деп да коет экен.

* * *

«Десте» деген сѳз да иран тилинен кириптир. «Алар гүлдесте менен келишти» дейт. «Балдарга ырдесте белек кылышты» дейт.

* * *

«Деңге» деген сѳз бар. «Деңге мас» дейт. «Ал түнкүсүн такыр уктабай уйкуга деңге-мас болуп турат» дейт.

* * *

Чүйдө кадимки эле мамыны деңгек деп да коюшат экен.

* * *

«Деңгээл» деген сѳз бар. «Анын деңгээли начар экен» дейт. «Так деңгээл тушуна келгенде токтоп калбадыбы» дейт. Так тушуна бетме-бет келгенде токтоп калганын айтып жатат.

* * *

«Экѳѳнүн күчү дегелдеш эле» десе, экөөнүн күчү тең экендигин билдирип жаткандагысы.

* * *

Жоро, шерине, үлүш дегендердин маанисин «деңгене» деген сѳз да билдирет экен. «Биз классташтар көптѳн бери деңгене берип жүрөбүз» десе, шерине берип жүрѳбүз дегенди билдирет экен.

* * *

«Деңгил» деген бар. «Ал кымызга эле ала-деңгил болуп калды» дейт. Кымызга кызып калганды айтып жатат.

* * *

«Дендароо» деген сѳз бар. Чечкинсиздикти билдиргени. «Эмне кыларын билбей дендароо болуп туруп калды» дейт. «Депутаттар айрым бир элдик маселени чечерге келгенде калп эле дендароо болуп калышат эмеспи» дейт.

* * *

«Деңкей» дейт. Өзүн кыйын сезип калуу. «Депутат болору менен деңкейип калды» дейт. «Ыманбай сараласын деңкең-деңкең желдирип келатты» дейт. «Жаман атаңдын оозуга-чайын, дагы деңкейип калган турбайбы» дейт. Муну кээде адамга эле эмес, минген атына да айтат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG