Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Диний үй-бүлөдөгү аялга мамиленин өзгөчөлүгү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Адеп башаты» диний уюму «Баары үй-бүлөдөн башталат» деп аталган эки айлык долбоорду ишке ашырууда.

Анын максаты – үй-бүлөдөгү ажырашуунун, зомбулуктун алдын алуу, бир туугандардын байланышын чыңдоо. 2020-жылдын декабрында башталган өнөктүк январдын этегинде аяктайт. «Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүндө ушул долбоор тууралуу жана аялдардын укугу тууралуу кеп кылабыз.

Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору Марс Ибраев таалкуулашты.

Диний үй-бүлөдөгү аялга мамиленин өзгөчөлүгү
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:46 0:00
Түз линк

- Үй-бүлөдөгү милдеттерди диний көз караштан талдай турган болсок эркекке көп ыйгарым укуктар берилип, аялзаты баш ийүүчү катары гана мүнөздөлөт. Мындай тыянак диндар кишилердин көз караштары аркылуу эле коомго чагылдырылып жаткан жокпу?

- Негизинен ислам дининде аялдардын укук-милдеттери эркектер менен бирдей эле. Динди толук изилдеп билген аалым инсандардын, илимий китептердин көз карашы, Куран, сүннөттүн назары, алардын призмасы аркылуу караганда деле үй-бүлөдөгү милдеттерде аял менен эркек бирдей эле укукка ээ. Анткени аялзаты үйдөгү кут, берекет, үйдүн ичиндеги тартиптин, тазалыктын символу катарында, баланы тарбиялоодогу орду да айтылгандарга далил.

Канатбек Мурзахалилов жана Марс Ибраев.
Канатбек Мурзахалилов жана Марс Ибраев.

Аял эркекке караганда мээримдүүрөөк да, боорукер болгондуктан, аял кишиге исламда өзгөчө маани берилет. Бул аялды дискриминациялоо же анын укугун тебелөө, чектөө деген кеп эмес. Тескерисинче, биз үчүн аялзаты өтө назик жаратылган. Аларды биз дайыма коргошубуз керек. Аялзаты мейли ал жубай болсун, кыз бала болсун, эне болсун, ал назик зат. «Биз аларга назик мамиле кылганга милдеттүүбүз» деген нерсе динде айтылат. Динибизде Жараткан тарабынан аялзатына абдан жакшынакай орун берилет.

Исламда «эркектин таман астындагы бейиш» деп айтылган жок. «Эненин таманынын астында бейиш» деп жатат. Ошондуктан диний үй-бүлөдөгү аялзатынын орду менен эркектин орду бирдей эле. Эркек да көбүрөөк камкор болууга, көбүрөөк түз тыянак чыгарууга, үй-бүлөдөгү акыркы сөздү, бир чечимге келген учурда «Эми эмне дейсиз?» деген учурда эркектин ой-пикири жогору, мындайча айтканда басымдуураак.

- Аялдын үй-бүлөдөгү эркиндиги менен ролу тууралуу айтып берсеңиз.

- Аялзаты үй-бүлөнүн ичиндеги иш-аракеттерди толугу менен карап турган башчы сыяктуу. Мисалы, үйдөгү тартип, таалим-тарбия, үйгө эркек таап келип жаткан акчанын адал-арам экендигин көзөмөлдөө толугу менен аял кишинин мойнундагы милдет.

Ханафи мазхабынын негизинде бала төрөлгөн болсо, жада калса күйөөсүнө «жок, мен бул баланы эмизгенге азыр дараметим жетпейт, ден соолугум болбойт. Андан көрө башка бирөөнү таап, мындайча айтканда, өстүргөнгө бирөөнү жалдап, акча төлөп, жалдап болсо да бактыр» дегенге укугу бар экендигин айта алабыз. Бирок биздин элибиз, энелерибиз, аялзатыбыз, мусулман калкы, өзгөчө кыргыз эли «ушундай турбайбы» деп, бүгүн кол шилтеп кете бере турган аялдардан эмес экендигин билем.

Ошол эле учурда аялзаты үйдөгү же үй-бүлөдөгү маселелерди чечүүдө сөз ээси экендигин айта алабыз. Мындайча айтканда, өзүнүн пикирин, акыркы чечимди да балким энелер коюп, «жок, мындай кылалы, атасы» деп, үйдөгү өтө маанилүү, олуттуу болгон маселелерде да өзүнүн оюн айтканга укугу, орду бар экендигин айткым келет.

Аялдын үй-бүлөдөгү ролу өтө эбегейсиз, өзгөчө зор. Эмнеге?Пайгамбарларды төрөгөн да, мен-мен деген улуу залкар инсандарды төрөп, өстүрүп тарбиялаган да эне экендигин эстен чыгарбашыбыз керек.​

- «Аял чыдашы керек» деген стереотип көз караш да коомдо калыптанып калган эмеспи. Үй-бүлөдө зомбулукка кабылган аял өзүн коргош үчүн кандай кадамдарга барышы керек?

- «Кандай болгондо да унчукпашым керек, чыдап жашашым керек» деген көз караш коомубузда бар. Үй-бүлөдө күйөөсү сабап, уруп, кордоп жаткан болсо да «чыдап жаша, эми күйөөнүн санын көбөйткөндөн эмне? Андан көрө сен чыдап жашашың керек» деген сыяктуу нерселер жок эмес. Бул диндин буйругу эмес. Эркек өзүнүн чегинен ашып, Курандын, пайгамбарыбыздын айткан сызып койгон сүннөт жолунан, дегеле ислам дининин баалуулуктарын, буйруктарын, эркекке байланышкан укук, милдеттерин толук аткарбай жаткан болсо, аял зарыл учурда ажырашуу укугуна ээ. Негизи бул укук эркекке берилет. Эркек киши талак берүү, ажырашууга укугуна ээ экендигин айткым келет. Мындайча айтканда, аял казыга же диний өкүлгө барып «мен күйөөм менен жашай албайм. Себеби укуктарымды абдан тебелеп, зордук-зомбулукка абдан чоң жол ачып жатат. Андан көрө ажыратып бериңиз» дегенге укугу бар экендигин динибиз танбайт.

Бирок жеңил-желпи нерселер үчүн деле, «пикирибиз келише албай калды же болбосо өңү-түсү мага жакпай калды» деген майда-барат шылтоолор ажырашууга жол ачып койбосун дейбиз. Тарыхтан маалым болгондой, аялзатынын ордун, пайгамбарыбыздын жанындагы жубайлары, өзүнүн кызынын Азирети Али менен болгон байланышын айтсак болот. Биздин Курманжан датка энебиз да эл башкарган, элдин даанышман энеси, аялзаты болгон. Ошондуктан «аял чыдаш керек» деген гана стереотипке мен деле кошула албайм. Албетте, ар бир нерсенин чеги болот. Адам баласы эч бир башка кишини кордоп, уруп, сабап же болбосо кыйнаганга укугу болбогондой эле, эркек да аялды кол көтөрүп урганга, кордогонго акысы жок.

Пайгамбарыбыз деле «аялдарыңарга жакшы мамиле кылгыла» деп эркектерге катуу буйруйт. Аялзатын кордогон же «сен эмне болсо да чыдашың керек» деген сыяктуу нерселерди калтырып, «эптеп үй-бүлөдө өмүрүн өткөрсүн» деген нерсени ислам дини да буйруган эмес. Ислам адамга өз укугун тандоо эркиндигин берген.

Бүгүнкү күндөгү кыргыз коомчулугундагы, биздин мамлекеттеги үй-бүлө кыйынчылыктары укук-милдеттерибизди толук билбегенден болуп жатат. Мусулман коомчулугунда динчил адамдар балким, намазын окуп, орозосун кармайт. Бирок үй-бүлөлүк укук-милдеттерге келгенде эркек да, аял да аны толук билгендиги үй-бүлө мамилелери үчүн өтө маанилүү. Үй-бүлөнү сактап калуу Алла-Таала Куранда айткандай «өзгөчө сүйүү менен боорукерликтин, мээримдүүлүктүн алкагында негизделгендиктен» биз бири-бирибизге ошондой мамиле кылганга милдеттүүбүз.

- Учурда өзүңүз негиздөөчүлөрдүн катарында турган «Адеп башаты» диний уюму тарабынан «Баары үй-бүлөдөн башталат» деген эки айлык акция өткөрүлүүдө. Анын маңызы менен кыргыз коомуна тийгизүүчү тарбиялык мааниси тууралуу айта кетсеңиз.

- Биз көптөгөн атайын долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Акыркы учурда «Пайгамбарыбызды тааныйлы» деген долбоор болду. Бул эки айлык долбоордо пайгамбарыбызды таанытууга багытталган семинарларды, жолугушууларды, сабактарды өткөрдүк. Ар кандай роликтерди тарттык. Азыр да декабрь айында башталган «Баары үй-бүлөдөн башталат» деген эки айлык долбоор уланып жатат.

Кыргыз коомунда, биздин мамлекетте 2019-жылдын статистикалык маалыматына ылайык 38 миңден ашуун үй-бүлө баш кошкон болсо, анын ичинен 8 миңден ашууну ажырашкан. Бул үй-бүлө институту алсырап баратат дегенди билдирет. Бизде кайсы бир денгээлде таалим-тарбия берүү, насаат айтуу, кеп-кеңеш угуу деген нерсе бар.

Бүгүн биз кайнене-келин маселеси, ата менен баланын, күйөөсү менен аялынын ортосундагы байланыш, балдардын бири-бири менен болгон мамилеси, бир туугандардын арасындагы байланышы алсырап жаткан учурда жашап жатабыз. Биз бири-бирибизге бул мамилелерди чыңдап, билбеген нерсени үйрөтүп, үйрөнүп, ага үндөп кызмат кылганга милдеттүүбүз деп айткым келет. Андыктан эки айлык акциянын алкагында кыргыз коомчулугу үчүн ар кандай семинар, тренингдер уюштурулуп жатат. Өзгөчө күйөөгө тийе турган кыздарга, үйлөнө турган балдарга арналган үй-бүлөлүк даярдоо курстары өткөрүлүүдө.

Эки айлык долбоор аркылуу үй-бүлө мамилелерин бир аз жандандырууга салым кошолу, кайра асылыбызга кайталы дедик. Биздин ата-бабаларыбыз жакшынакай жашап келишкенин билебиз.

Долбоордун алкагында Кыргызстандын деңгээлинде ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Мисалы, «Чырпыктан чынарга» деген көргөзмө уюштурулду. Кайнене менен келиндер ынак болсун, ынтымакта жашашсын деген максатта алардын ортосунда жарыштар өткөрүлүүдө. Себеби бул да өзүнчө чоң маселе.

Аталган долбоор аркылуу биз инсандарыбызга үй-бүлө институтун бекем сактап калсак, мамлекетибиз күчтүү болот, канчалык үй-бүлө күчтүү болсо мамлекетибиз, коомубуз күчтүү боло тургандыгын айткыбыз келип турат. Аз болсо дагы үй-бүлөлүк мамилелерге арналган видео роликтерди социалдык тармактарда активдүү жайылтканга аракеттенип жататбыз. Ошондой эле бул маселеге арналып, жазылган макалаларды медиа каражаттарынан чыгарып туруу да биздин негизги планыбызда бар.

XS
SM
MD
LG