Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

«Ыйман сабагы» жана бийликтин жоопкерчилиги


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун «мектепте ыйман сабагын окутуш керек» деген пикирин талкуулап көрөлү.

Ынсапсыз кишинин ыйманы болобу?

Бул сөздүн нукура кыргызча жана диний-формалдуу маанилерин тактай кетели. Араб тилинен «иман» ишеним, ишенүү деп которулат. Диний контекстте Кудай жалгыз, Мухаммед – анын элчиси экенине, периштелерге, ыйык китептерге, түбөлүк жашоого, Кудайдын амири менен аныкталуучу тагдырга ишенүү дегенди билдирет. Бирок муну өтө үстүрт, тайыз түшүнгөндөр да көп. «Ля иляха илляаллах, Мухаммад ар расулулах» (Кудайдан башка кудай жок, Мухамед – анын элчиси)» деп келме келтирсе же намазын калтырбай окуса, орозо кармаса эле ыймандуу болот деп, жашоодогу кишичилик парыздарын анча эске албай койгондор көп болгондуктан, «Мусулманда ыйман бар, бирок ынсап жок, оруста ыйман жок болсо да, ынсап бар» деген макал айтылып калат, кээде.

Бир тилден башка тилге өткөндө көп сөздөрдүн семантикалык талаасы (маанилик чеги) өзгөрөт – кээде кеӊейет, кээде тарыйт же кыйла башкача мазмунга ээ болот. Мисалы, биз орусча «личность» (өз алдынча ой жүгүртүп, ар кимди ээрчий бербей, жекече чечим кабыл ала билген, өзүнүн иш-аракеттери үчүн толугу менен жооп бере алган адам) деген түшүнүктү «инсан» деп которуп алганбыз. Бул сөз арабчада «киши», «адам» дегенди эле билдирет экен. Көрүнүп тургандай, кыргыз тилиндеги мааниси кыйла дааналанып, кууш болуп калган, термин катары да колдонууга ылайык келет.


Араб тилиндеги, айрыкча диний маанидеги ыйман менен кыргыз тилинде илгертен колдонулуп жүргөн ыймандын мааниси да ушундай айырмаланат – дал келген келкиси да, бири-бирине сыйбаган жактары да бар. Кыргыз тилинде диний үгүт катуулай элек 1990-жылдарга чейин бул сөз дээрлик диний мазмунсуз эле түшүнүлүп келген.

Түштүктө сүйкүмдүү, илбериӊки, пейили жакшы келиндерди, кыздарды «ыманы ысык» (түсү ийги, жылдыздуу) деп калчу апалар. «Ымандуу» – чынчыл, уят-сыйыттуу. Кимдир-бирөөнүн жаман адатына, жосунуна же кандайдыр бир жагымсыз нерсеге катуу кейигенде: «Жан-ыманыма тийди!» - дешчү. Ушуга окшош маанисин жалпы кыргыз тилинен да байкоого болот. Калп айткан кишини: «Ыйманыӊды жебе!» - деп зекишет.

Ырас, молдолор ошол кезде деле биринчи кезекте диний маанисине көӊүл буруп жүргөн чыгар, бирок жалпы элде динге тикелей байланышпаган мааниси көбүрөөк белгилүү болгону анык.

Соӊку 25-30 жылда мечиттер көп салынып, диний үгүт тынымсыз жүргүзүлгөнүнө байланыштуу эми «ыйман» көбүнчө диний мааниде гана айтыла баштады. Ушул жагын деле тайыз, формалдуу «түшүнгөн» айрым кишилер өтө орой, зулум, караӊгы болгондуктан, аларды сөздүн нукура кыргызча маанисинде ыймандуу (уяттуу, чынчыл, күйүмдүү, адептүү) деш кыйын.

Мектепте кандай окутулат?

Таалим-тарбия ишин улуттук нукта жүргүзүү максатында башталган ишти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, белгилүү этнопедагог, публицист Сабыр Иптаров колго алган. Ал Союз мезгилинде кыргызчага которгон «Үй-бүлөлүк турмуштун этикасы жана психологиясы» аттуу сөздүктө ага чейин орусчадан жасалмалап алынган «нравалык тарбия» түшүнүгүн «ыйман тарбиясы» деп кыргызчалаткан.

«Орус тилинде нрава деген сөз жок, нрав бар. Бул кыргыздын ыйман түшүнүгүнө туура келет», - дечү. Биздин тилде бул сөз кишинин рухий тазалыгын, чынчылдыгын, мээримдүүлүгүн, күйүмдүүлүгүн билдирет.

Бирок Кыргызстандын мектептеринде ыйман сабагы 20 жылдай мурун киргизилгенде, предметтин программасы, мазмуну даяр болбогондуктан, ар ким билген «намазын окуй» баштаган эле. Көпчүлүк мектептерде муну диний тарбия деп ойлоп, молдолорду иштеткендер да чыккан.

«Ыйман» сөзүнүн диний маанисине, айрыкча формалдуу жагына ашыкча басым жасагандар көбөйүп кеткендиктен, кийин сабактын аталышы «Адеп» деп өзгөртүлгөн. Сабыр Иптаров бул предметтин окуу программасын иштеп чыгып, ар кайсы класстардагы пландарын да тактаган. Албетте, бул ишти улантып, мазмунун өркүндөтүп, окутуунун жаӊы усулдарын мугалимдерге үйрөтүү зарыл. Менимче, бул предметке бөлүнгөн сааттарды көбөйтпөй эле, адабият, тарых, адам жана коом, медиа сабат, тил сабактары менен байланыштырып, мазмунун тереӊдетүүгө, таасирин арттырууга болот.

«Кой намаз» керекпи же таза коомбу?

Кошуна Тажикстандагы жарандык согуштун чыгышына диний фактор чоӊ таасир эткени белгилүү. Ошондо оппозициянын негизги күчтөрү «ислам мамлекетин курсак эле бийлик адилет, соттор калыс, байлар ынсаптуу болот да, тез эле жыргал турмуш болот» деп чыгышкан. Алар Дүйшөмбүдөн бери карай созулуп жаткан Кара-Тегин өрөөнүн ээлеп, бир нече жыл бийлик жүргүзүүгө да жетишкен.

Майда-барат уурулукту кан буугандай токтотуп, арак ичкенге, тамеки тартканга, музыка укканга ж.б. тыюу салган можахеддер багымдат жана куптан намазды окуганга мечитке барбагандарды жазалап, бирден кой же жарым тонна, бир тонна картошка айып салышчу. Каяша айткандарды уруп-сабаган, бош цистерналарга солоп, автоматты көкүрөккө такап опузалаган, ал түгүл атып салган учурлар да болгон. Автоматчандардын көзүнчө окулуучу намазды жаштар «кой намаз» деп атап алышкан эле.

Бирок баӊгизат ташыгандар кутуруп, сакалчандардын зулумдугу ашынып кеткендиктен, дал ошол жылдарда динди жаман көрүп калгандар көбөйгөн.


Динди бузукулар бетке кармагандай эле, демократиялык ураан-чакырыктарды кыйкырган мителер да «мыйзам», «сөз эркиндиги», «эркиндик», «парламент» сыяктуу түшүнүктөрдү бурмалап, элге жаман көрсөтүп коёрун Кыргызстандын соӊку тарыхындагы өзгөрүүлөр толугу менен далилдеди.

Коомдук аӊ-сезим өнүгө элек, укук маданияты калыптанбаган, мыйзам үстөмдүгү орнобогон шартта демократия эмес, анын карикатурасы – охлократия (сүрмө топтун, аламандын бийлиги) өкүм сүрүп каларын көпчүлүк түшүнбөй жатат. Мындай шартта айрым саясатчылар диний риториканы ашыкча пайдаланып кетиши ыктымал. Мунун арты кандай болорун Ооганстан менен Пакистандагы жагдайдан эле эмес, кошуна Тажикстанда ислам мамлекетин курабыз дегендердин жорук-жосунунан да билип коюшубуз керек.

Канткенде бийлик ыймандуу болот?

Кайра куруу жылдары «Учительская газета» абдан кызыктуу чыкчу эле. Мугалим эместер деле күркөлөрдөн атайын сатып алып окучу. Бир санында «буга чейин сталиндик педагогика, хрущёвдук педагогика, брежневдик педагогика болгон, ар бир мезгилде башкаруу стилине жараша тарбия-таалим нугу да өзгөрүп келди, мына эми горбачёвдук доордун педагогикасы калыптанат» деп жазган эле бир автор.

Биз эми жаӊыдан шайланып келер президенттин педагогикасы тууралуу сөз кылалы. Эгер ал Кыргызстанда формалдуу ыймандуу (динди бетке кармаган мителердин бийлиги) эмес, нукура ыймандуу (мыйзам үстөмдүгүн орноткон) бийлик болушун кааласа, биринчи кезекте сот реформасын жүргүзүшү зарыл. Соӊку 5-10 жылдагы эле иштерден барактап, даана мыйзамсыз чечим чыгарган учурлары табылган судьялардын баарын аныктап, кызматтан кетирип, аткаруу бийлигинен (президент менен өкмөттөн) жана мыйзам чыгаруу бийлигинен (Жогорку Кеӊештен) толугу менен көз каранды эмес, бир гана мыйзамга баш ийген сот бийлигин куруш керек.

«Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок» дегенди да унутпайлы. Муну эске албасак, Жогорку Кеӊештегиден тышкары мамлекеттик мекемелердин ар биринде кабинеттердин теӊ жарымын намазканага айлантса деле бийлик ыймандуу болуп кетпейт...

Айтмакчы, талапкерлердин бири «шайланып калсам, түрмөлөрдү түрө кыдырып, айыпсыз камалгандарды боштондукка чыгарам» дептир. Бирок президент ар бир доо арыз боюнча иштин мыйзамдуу териштирилгенин көзөмөлдөй албайт – жеке өзү эмес, миӊден ашуун киши иштеген аппараты деле жетишпейт буга.

Дагы бир талапкер «мындан ары тендерди такыр өткөрбөйбүз» деген имиш. Биздегидей теӊирден тескери бурмаланган эмес, чыныгы, таза тендерди эмне үчүн өткөрбөш керек?..

Эгер жоопкерчилик механизмдери так иштелип чыгып, мыйзам үстөмдүгү орносо, буга окшогон маселелердин баары өз нугунда, калыс, адилет чечиле берет. «Балык башынан...» дегендей, эгер бийлик тазарса, коомдогу терс көрүнүштөр тез эле жоюлат.

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG