Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Диний көйгөйлөрдү эл аралык долбоорлор чечеби?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда эл аралык уюмдар тарабынан дин багытында кандай долбоорлор ишке ашырылат жана алардын дин чөйрөсүнө тийгизген таасири кандай?

Эл аралык уюмдар негизги көңүлдү кандай маселелерге жана кимдерге бурат? Мамлекет менен эл аралык уюмдардын бул багыттагы кызматташтыгы канчалык натыйжалуу болот? «Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын ушул темага арнадык.

Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» («Search for Common Ground») эл аралык өкмөттүк эмес уюмунун Борбор Азия боюнча программалар директору Кеңешбек Сайназаров талкуулашты.

- Кыргызстанда эл аралык уюмдар тарабынан дин багытында кандай долбоорлор жүзөгө ашырылууда? Алардын дин чөйрөсүнө тийгизген таасири менен дарамети канчалык деңгээлде деп ойлойсуз?

- Эл аралык уюмдардын дин багыты боюнча ишке ашып жаткан бир канча долбоорлору бар. Бирок алардын активдүү фазасы 2010-жылдан баштап 2018-жылга чейин болгон. Азыр алардын ишмердүүлүгү бир аз басаңдап калды. Тилекке каршы, алардын басымдуу бөлүгү - 80-90% жакыны экстремизм менен радикализмге байланышкан долбоорлор болчу. Башкача айтканда, дин десе эле экстремизмге жабыштыра калган долбоорлор эле. Калганы дин тутуу эркиндигине багытталган долбоор болду.

Кеңешбек Сайназаров
Кеңешбек Сайназаров

Эл аралык уюмдар дин чөйрөсүндө жүзөгө ашырган долбоорлорду үч алкакта карамакмын. Биринчиси - долбоорлордун 60% жакыны улуттук деңгээлде аткарылган. Атап айтканда, Бишкек шаарындагы уюмдардын тегерегинде, өзгөчө Дин комиссиясы менен бирге жүргүзүлгөн улуттук деңгээлдеги долбоорлор.

Экинчиси - жер-жерлердеги маселелерге багытталган долбоорлор. Ар кандай максаттуу аймактарды алып маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлор.

Үчүнчүсү - облустук деңгээлде талкуу жүргүзүүгө арналган долбоорлор. Бирок алар аябай эле аз деп айтмакчымын.

- Учурда өлкөдө мамлекет менен диндин өз ара мамилесинде, жалпы эле дин чөйрөсүнө тиешелүү кандай маселелер бар? Аларды кандай долбоорлордун, кайсы эл аралык уюмдардын катышуусунда ишке ашырса болот?

- Бул жерде маселелердин бир канчасын санап бермекчимин. Биринчиси - мамлекет менен диндин өз ара мамилесин жөнгө салууда алгылыктуу бир диалог аянтчалары аз иштеп жатат. Көпчүлүк учурда эл аралык долбоорлор тарабынан мамлекеттик түзүмдөрдү көбүрөк күчтөндүрүп, бир жактуу иштеп, ар кандай дин уюмдарына азыраак мамиле кылып калгандай сезилип жатат.

Экинчиси - дин менен мамлекет кантип айкалышып жашашы керек экенин түшүндүргөн иштер жалпы элдин арасында аябай аз. Мисалы, бүгүнкү күндө коомдо талкууланып жаткан малекеттин дүйнөбий түзүлүшүнө билгени деле, билбегени деле сөз кошуп жатат. Анын ичинде кимдин ою туура, кимдики туура эмес экенин эч ким билбейт. Тилекке каршы, көпчүлүк учурда дүйнөбий түзүлүштү талкуулаганда мурунку Советтер Союзунан калып калган түшүнүктөрдү кайра-кайра эле сөз кылганы бир аз ичти оорутат. Себеби, дүйнөбий мамлекет дегендин өзүнүн башка формадагы мамлекеттик түзүмдөргө бере албай турган көп артыкчылык жактары бар. Ошолорду биз сүйлөшпөй жатабыз.

Дагы бир маселе радикализмге тиешелүү. Элдин ичиндеги «аялуу» катмардагы адамдар менен иштөө анча деле натыйжалуу болбой калды. Көпчүлүк учурда радикализмге байланышкан маселелерди мамлекеттик деңгээлде чечүүгө аз көңүл бурулууда. Коркутуп-үркүтүүнүн тегерегиндеги жумуштар көбүрөөк болуп жатат.

- Адатта радикалдашуунун алдын алуу, зордукчулук экстремизм идеологиясынын жаштарга тийгизген таасири, толеранттуулукту күчөтүү, саясаттагы диндин ролу сыяктуу көптөгөн долбоорлор аяктагандан кийин мамлекеттик органдарга жана башка кызыкчылыгы бар тараптарга аткаруучулар сунуштарын жазышат. Изилдөөчүлөр берген сунуштар иш жүзүнө ашып жатабы же жөн эле кагаз жүзүндө калып жатабы?

- Бизде диний багытта изилдөөлөр аябай көп. Тилекке каршы, ошол изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын алгылыктуу колдонгон механизм жолго коюлбай калды. Баары эле изилдеп, өздөрүнүн ойлорун айтып жатат. Бирок мамлекеттик түзүмдөр системалуу түрдө иш жасай албай калды. Бул абдан өкүндүрөт.

Мамлекеттин динге болгон мамилеси сууп калгандай. Эгерде ушинтип кете бере турган болсо, анда акыры айланып барып мамлекет менен диндин ортосундагы мамилеге чоң таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан кеч болуп кала электе кайрадан динге байланышкан маселелерди түбүнөн чечиш керек.

- Сиз жетектеген «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» өкмөттүк эмес уюму дин чөйрөсүнө багытталган көптөгөн долбоорлорду жүзөгө ашырып келет. Сиздер аткарган долбоорлордун эң орчундуулары кайсылар? Алар жалпы диний коомчулукка, мамлекет менен диндин өз ара мамилесин жакшыртууга кандай салым кошо алды деп ойлойсуз?

- Биздин уюмдун дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу боюнча долбоору 2014-жылдан бери иштеп келе жатат. Ал аябай көп алгылыктуу жыйынтыктарды алып келди. Аталган долбоордун алкагында көпчүлүк укуктук-ченемдик документтерди кайрадан карап бердик. Бирок алардын бардыгы өкмөттүн кароосуна же Жогорку Кеңештин деңгээлине барып такалып калды.

Жаштардын арасында болуп жаткан «Жашстан» деп аталган өзүнчө долбоор бар. Жаштарга арналган долбоордун алкагында «радикалдашып жатат, радикализм жолуна түшө баштады» деген жаштар менен Кыргызстандан боюнча 27ден ашуун эң талуу деген ар кандай коомчулуктарда иштеп келе жатабыз. Жыйынтыктары аябай жакшы деп айтмакчымын. Кыргызстан боюнча 360 улан-кыз өзүнүн миссиясын аткарып иштеп келе жатканын көрүп турабыз.

Дагы бир чоң долбоорубуз Борбор Азия чөлкөмүндө ишке ашып жатат. Баарыбыз билгендей, чөлкөм кичинекей, динамикалуу. Бир мамлекетте болуп жаткан нерсе кошуна экинчи мамлекетке тез өтүп кетиши мүмкүн. Ушундай кыйынчылыктардын алдын алуу боюнча Борбор Азия чөлкөмүнүн деңгээлинде ар кандай диалог аянтчаларын уюштуруп жатабыз. Диний маселелерге байланышкан орчундуу маселелерди чечиш үчүн мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосунда диалогдорду өткөрүп жатабыз.

XS
SM
MD
LG