Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Тоялиева: Элеттик кыздарга үлгү болгум келет


Кыргызстандык модельер-дизайнер Гүлнур Тоялиева.
Кыргызстандык модельер-дизайнер Гүлнур Тоялиева.

Модельер-дизайнер Гүлнур Тоялиева өз күчү менен бөтөн жерде, бөтөн элде сый-урматка конгон кыргыз кызы.

Балалыгы Ноокендин Масы айылында өткөн Гүлнур Тоялиева Европанын мода чөйрөсүндө төңкөрүш жасоого алгачкы кадамын шилтөөдө. Көп балалуу үй-бүлөдө өскөн дизайнер узчулукту апасынан үйрөнгөн.

Кыргызстандык модельер-дизайнер өткөн айдын соңунда өзүнүн "Падышанын кечеси" (Imperial Ball) аттуу кечки жана сый көйнөктөрдүн жаңы топтомун тартуулады.

Gülnur Fashion эн белгисинин түптөөчүсү учурда Венадагы Өзөктүк кубаттуулук боюнча эл аралык уюмда иштейт. Анын акыркы коллекциясына айымдардын 14 саркеч көйнөгү кирген. Буга чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Тоялиеванын "Уруулардын аурасы" (Tribal Vibes) жана "Жибек жолунун тамчылары" (A Touch of Silk Road) топтомдору коомчулук назарына коюлган.

Айылдык модельердин жараткан көйнөктөрү европалык дизайнерлердин иштеринен кыйла айырмаланганы чоң кызыгуу жаратты. Келечекте Тоялиеванын чыгыш колоритине негизделген, аялдын назиктигин ачып көрсөткөн кийимдери австриялыктар арасында кеңири тарашы мүмкүн деп айтканга толук негиз бар.

Гүлнур бир уулдун энеси. Ал Австрияга келгенде колунда кичине баласы менен диплому гана болгонун эскерип отурду.

"Азаттык": Дизайнер болууга сизге эмне түрткү болгон? Мода дүйнөсүнө сапарыңыз кандайча башталды эле?

Гүлнур Тоялиева: Европада жашагандан бери оюмда ар кандай кийимдердин үлгүлөрү көз алдымда пайда болуп, ал фантазия жан дүйнөмдү кытыгылай берди. Бирок ага көпкө чейин маани бербедим. Бир жолу "Мода борбору" атка конгон Миланга барып калдым. Дүкөн кыдырып бир нече кийимди көрдүм. Бирок бири дагы купулума толбоду. Ошондо өзүмдүн кол өнөрчүлүк шыгым, Улуу Жибек жолундагы бачайы кездемелер эске түштү. Анан Европада кыргыз колорити колдонулган өзгөчө мода багытымды өнүктүрүүнү чечтим.

"Азаттык": Мурда дизайнер болом деп кыялданчу белеңиз?

Гүлнур Тоялиева: Башта көп нерсеге кызыккандыктан, бир багытты тандоо кыйын болду. Кичинемде кандай кийимдер, жасалгалар (аксессуар) менен аялдын ар түрдүү образын тартканды жакшы көрчүмүн. Европада келгенде дизайнерликке окугум келди. Бирок уулумдун атасы каршы болуп, 10 жыл бою кыялымды ичке катып жүрдүм.

"Азаттык": Айымдардын шаан-шөкөткө кийчү, саркеч көйнөктөрүн көп жаратканыңыз байкалат...

Гүлнур Тоялиева: Мен сулуулукту жакшы көрөм. Сулуулук – бул эстетика, маданияттын ажырагыс бөлүгү. Менимче, ар бир аял сулуу. "Адамдын көркү чүпүрөк" дегендей менин көйнөктөрүм айымдардын ажарын ачканга салым кошот деп ишенем. Келечекте өзүм жараткан кийимдерди чет жакта жайылтуу, көргөзүү жана модалык трендге айлантуу ниетим бар. Буюрса мен тиккен кийимдер Кыргызстанга да жетет.

"Азаттык": Көчмөндүн кызынын Венада ийгилик жаратуусу оңойго турбаса керек?

Гүлнур Тоялиева: Венага жаңы келген жылдары көп кыйынчылыкка дуушар болдум. Австрияга жаңы келгенде колумда бир жашар уулум, кыргыз паспорту жана кызыл дипломум гана бар эле. Эмгектин арты менен бөтөн жер, бөтөн элде сый-урматка татыдым.

"Азаттык": Ошентсе да туулган жердин илеби жетишпесе керек...

Гүлнур Тоялиева: Албетте... Мага азыр адамдардын жылуулугу, жөнөкөйлүгү жана кечиримдүүлүгү жетишпейт. Мекен деген мекен. Аны эч нерсеге айырбаштай албайсың. Киндик каным тамган Ноокенимде эң сонун көз ирмемдер калган эле. Ал учурду эстөө мага чоң эргүү берет.

"Азаттык": Аялзаты кыялкеч келет эмеспи, балким азыр сиз тууралуу окуган карапайым кыргыз кыздары да Батышка барып ийгилик жараткысы келет. Аларга кандай кеңеш берет элеңиз?

Гүлнур Тоялиева: Мен элеттик кыздарга үлгү болгум келет. Аларга кадыр-баркыңарды билгиле, ким болбосун өзүңөргө сый-урматты талап кылгыла жана ошол сыйга татыктуу болгула деп айтаар элем. Өзүңөрдү кемсинткенге, ала качууга такыр жол бербегиле жана аны колдобогула. Эгер бир нерсени каалабасаңар, жок деп ачык айтканга үйрөнгүлө.

Мен 15 жылдан бери Европада жашайм. Башыман көп нерсе өттү. Мекенинен алыс жүргөн адам салыштырганга да үйрөнөт экен. Австрияда жүрүп кыргыз кыздарынын жан дүйнөсү таза, сулуу, ыймандуу, эрки күчтүү болоруна чындап ишендим. Өзүмдүн кыргыз кызы экениме абдан сыймыктанам.


  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG