Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:05

"Клооп Медиа": Министрликтин жокко чыккан чечими, экинчи соттук иш


Бишкектин административдик соту Маданият министрлигинин Kloop сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. Эгерде министрлик кийинки инстанцияга арызданбаса, сайттагы бөгөт алынат.

Бирок айрым медиа уюмдар ушу тапта басылманын үстүнөн жүрүп жаткан экинчи сот ишине кабатырлануусун билдирүүдө. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура дагы сотко кайрылган. Февралда Бишкектин Октябрь райондук соту “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган эле. Бул боюнча кийинки истанциядагы сот качан болору белгисиз.

Жокко чыгарылган чечим

Бишкектин административдик соту 18-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин kloop.kg сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. “Клооп Медиа” коомдук фондунун адвокаты Нурбек Сыдыков "Азаттыкка" айткандай, соттук отурум учурунда процедуралык бузуулар болгону далилденген:

Нурбек Сыдыков.
Нурбек Сыдыков.

"2021-жылы кабыл алынган жалган маалыматты таратууга каршы мыйзам бар. Ошол мыйзамдын ченемдери дагы одоно бузулган. Процедура боюнча УКМК биринчи маалыматты жокко чыгаргыла деп "Клооп Медиага" кайрылышы керек. 24 сааттын ичинде жооп бербегенде гана Маданият министрлигине кайрылып, "Клооп" белгилүү мөөнөттө жооп бербегенин далилдеп жөнөтүшү керек. Соттук териштирүүдө саясатчы Равшан Жээнбеков тууралуу маалыматты УКМК бербегенин, башка маалыматтар берилгени дагы далилденип калды. Эмненин негизинде Маданият министрлиги ушул маалымат боюнча жапканы дагы түшүнүксүз болуп калды. Ушул суроолорго министрлик так жооп бере алган жок. Кайсыл арыз менен кайрылып, ага кандай маалымат тиркелди эле деген сурообузга орус редакциясына чыккан материал боюнча УКМКнын суранычы болбогону көрүнүп калды. Ушул боюнча так жооп ала алган жокпуз".

Соттун чечими 30 күндүн ичинде күчүнө кирет. Эгер министрлик бул чечимге каршы кийинки инстанцияга кайрылбаса же арызданган учурда да Бишкек шаардык соту шаардын административдик сотунун токтомун күчүндө калтырса, kloop.kg сайты ачылышы керек.

"Клооптун” орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган. Ага “Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды” деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп Маданият министрлигине кайрылган.

Маданият министрлиги ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу “фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимовдун айтымында, жогорку инстанцияга даттануу маселеси соттун чечими менен толук таанышып чыккандан кийин чечилет.

"Соттун чечимине баш ийебиз"

Бектур Ибрагимов.
Бектур Ибрагимов.

"Соттук процессте биз "Клооп" тарабынан мыйзам бузуу болгон деп өзүбүздүн позициябызды айтканбыз. Алар "болгон жок" деп айтышкан. Сот ушундай чечим чыгарды. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин соттун чечимине баш ийебиз да. Ошондуктан биз дагы деле каршыбыз негизинен. Ошол эле позицияда турабыз. Азыр соттун чечимин колго ала элекпиз. Колго алгандан кийин жетекчилик менен кеңешип, өзүбүздүн материалдарды анализдеп, ошого жараша шаардык сотко аппеляция бергенге даярданабыз". - деди Ибрагимов.

Учурда “Клооп Медианын" сайты кыргызстандыктар үчүн жабык. Окурмандар сайтты VPN платформасы жана Бифрост күзгүсү аркылуу окуй алат. Басылманын башкы редактору Анна Капушенко сайт стандарттык режимде иштеп жатканын билдирип, кийинки аракеттер "Клооптун" экинчи иши боюнча чечимге байланыштуу болорун айтты:

Анна Капушенко.
Анна Капушенко.

"Биз Маданият министрлигине каршы соттошуудан уттук. Бул анчалык деле жакшы угулбайт. Анткени азыр биздин сайтка коюлган бөгөттөөнү алышпайт. Сайт Бишкек шаардык соту дагы ушундай эле чечим чыгарганда гана ачылат. Ал эми "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу тууралуу сот боюнча биз апелляциялык арыз бергенбиз. Бул иш боюнча соттук отурум качан болору азырынча белгисиз. Юристтердин айтымында, эгер Бишкек шаардык соту коомдук фондду жабуу тууралуу чечим чыгарса, анда сайттын бөгөттөлүшү боюнча чечим өзүнүн күчүн жоготот. Анткени фонддун өзү жоюлуп калат. Ошондуктан азыр экинчи иш боюнча кандай чечим чыга турганын күтөбүз. Басылма кадимкидей режимде эле иштеп жатат, мазмун жаратып, сайтка, социалдык тармактар жана ар кайсы платформаларга жайылтып жатабыз. Биз мурда кандай иштесек ошондой эле иштеп, Кыргызстандагы окуяларды чагылдырууну улантып жатабыз".

Ушу тапта басылмага каршы экинчи дагы сот иши бар. Бишкек шаардык прокуратурасы “Kлооптун” сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы былтыр 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Көзөмөл органы катында Kloop Media уставында көрсөтүлгөндөн сырткары ишмердик кылып, “сайтында жана социалдык тармактарда жарыялаган материалдары азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын кескин сындоого багытталган” деп билдирген. Доо арызында Кыргызстандагы бир катар көйгөйлөрдүн себеби катары “Клооп” басылмасын көрсөткөн.

Ушул жылы февралда Бишкектин Октябрь райондук соту “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган эле. Бул боюнча кийинки истанциядагы сот качан болору али белгисиз.

Журналист жана активист Адил Турдукулов соттор саясий, маалымат каражаттарга байланыштуу иштерди караганда бийликтин тапшырмасын аткаруусун улантууда деп эсептейт. Ал "Клоопко" байланыштуу иште эл аралык уюмдардын басымы да таасирин тийгизиши мүмкүн деген ойдо:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Бул жерде соодалашуу болуп жаткандай. Анткени такыр эле саясий талааны тазалаган жокпуз, мындай эркин медиалар дагы бар" дегендей белги берип жатышат. Экинчиден, Батыштын дагы басымы болушу мүмкүн. Анткени буга чейин эл аралык уюмдар терс пикирин айтып, керек болсо санкцияга чейин барышыбыз мүмкүн деген ишарат кылгандан кийин бийликке репрессияны токтото туралы деген ой келди окшойт. Бир жагынан сестентүү аракети болгон. Клоопко, башка маалымат каражаттарга, ошол эле "Азаттыкка" дагы ошондой белги жөнөтүп жатат деген божомолум бар".

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги кысымга кабылып жатканы боюнча байма-бай билдирүүлөрдү жасап, сөз эркиндигине басымды токтотууга бийликти чакырган. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

"Эл аралык уюмдардын чечимдери эске деле алынган жок"

Анткен менен журналист Асел Сооронбаева кыргыз бийлиги эл аралык уюмдардын пикирин эске алган деле жок деп эсептейт. Ал соттун "Клооптун" сайтына байланыштуу чечимин шылдыңдоо катары кабыл алган.

Асел Сооронбаева.
Асел Сооронбаева.

"Менин баамымда бийлик эл аралык уюмдардын чечимдерин уккан деле жок. Буга чейин деле медиа коомчулук бир топ кайрылууларды жасаганбыз. "Клооптун" Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтоткон соң сайтын ачып коёлу дегендей элес калтырууда. Мен шылдыңдагандай эле кабыл алдым. Мисалы, ЖМК тууралуу мыйзамды артка кайтарган менен бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды дароо эле кабыл алып коюшкан сыяктуу. Бир жагынан "биз консенсуска келип жатабыз, алдыга бир кадам таштап жатабыз деген элес калтырып, башка жагынан журналисттердин мүмкүнчүлүгүн алып коюп жатышат. Негизи журналисттерге болгон куугунтук бир нече жылдан бери бар. Биз авторитардык өлкөгө айланып баратабыз. Ар бир маалымат каражатына өзүнчө ыкмаларды колдонуп, анын ишмердүүлүгүн токтотуу аракети жүрүп жатат. Же бийликке лоялдуурак кылып коюу, же жок кылуу дегендей".

Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюму Kloop.kg сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу Маданият министрлигинин чечимин жокко чыгарган сот чечимин кубаттады. Уюмдун бул тууралуу билдирүүсү Х соцтармагына (Твиттер) жарыяланды.

RSF билдирүүсүндө Бишкек шаарынын прокурору Эмилбек Абдыманаповду "Клооп Медиа" коомдук фондун жабуу тууралуу арызын кайтарып алууга чакырган.

Буга чейин 11 журналист жапырт камалып, "Клооп" сайты бөгөттөлүп, "24.kg" агенттигинин кеңсесине мөөр басылган чакта Freedom House эл аралык уюму Кыргызстан төртүнчү жыл катары менен "эркин эмес" мамлекет деп жарыялаган.

Марттын башында CIVICUS Monitor эл аралык уюму Кыргызстанды жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн тизмесине киргизди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG