Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:36

11 журналистти бошотуу талабы, "Кактустун" иши. Президент редакторлорду кабыл алды


Камактагы журналисттер.
Камактагы журналисттер.

Чет өлкөлүк журналисттер камактагы кыргызстандык кесиптештерин бошотуу талабы менен акция өткөрүшүүдө. "Кактус Медиа" маалымат агенттиги болсо, сот чечимине ылайык, "Вечерний Бишкек" басылмасына 600 миң сом төлөп берүү үчүн окурмандарынан акча чогултууну улантууда. Ал тапта президент Жапаров Кыргызстандагы медиа жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айтты.

Европанын бир катар мамлекеттериндеги журналисттер Бишкекте камакка алынган 11 кесиптешин бошотууга чакырышты. Чехия, Словакия, Польша, Венгрия, Эстонияда иштеген медиа кызматкерлердин видео кайрылуусун Братиславадагы Ján Kuciak атындагы иликтөө борбору (ICJK) Фейсбукка жарыялады. Алар Кыргызстанда акыркы жылдары сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын белгилеп, муну орусиялык ыкмага теңешти.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.

Ички иштер министрлиги аларды "жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган" деп айыптоодо. Камакка алынган журналисттер муну четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Эркиндик боюнча эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын позициясы төмөндөп баратканы белгиленет. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.

Краудфандинг уланууда

Өткөн жылы "Вечерний Бишкек" басма үйү гезиттин жабылышы тууралуу макалага байланыштуу Kaktus.mediaны сотко берип, доо арыз жарым-жартылай канааттандырылган. Ага ылайык, баш-аягы медиа жана анын кызматкери 600 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.

Бул жалпыга маалымдоо каражаты Кыргызстанда азыркы бийликтин тушунда көп суммадагы акчалай доого жыгылган биринчи окуя болуп калды.

Кактус Медианын" журналисти Диля Юсупова "Вечерний Бишкек" медиасынын доо арызынын негизинде талап кылынган 100 миң сом компенсацияны төлөп бергени белгилүү болду. Бул тууралуу журналист "Азаттыкка" өзү ырастап, керектүү сумма ашар (краудфандинг) жолу менен чогултулганын билдирди.

Буга чейин агенттиктин жамааты медиага жана анын кызматкерине тагылган доодон кутулуу үчүн краудфандинг жарыялаган. Натыйжада Юсупованын эсебине 146 миң сом чогултулган. Ашкан каражат "Кактус Медиага" тагылган доону төлөөгө жумшалат. Калган сумманы топтоо үчүн медиа окурмандарынан акча чогултууну улантууда. Мекеменин негиздөөчүсү Дина Маслова жалпы доодон кутулуу үчүн дагы 350 миң сомдой зарыл экенин билдирүүдө.

Дина Маслова.
Дина Маслова.

"Биз акча чогултууну улантып жатабыз. Чогултулган каражат бизге коюлган доону төлөөгө жетпейт. Каражаттын бир бөлүгүн краудфандингден түшкөн акчадан, бир бөлүгүн өзүбүздүн каражаттан төлөйбүз. 200 миң сомду биз 1-майга чейин төлөшүбүз керек. Буга чейин 100 миң өзүбүз төлөдүк, андан кийин Диляга жана медиага керек болгон 500 миңди окурмандарыбыздан чогулта баштаганбыз. Азыр Диля 100 миңди төлөдү. Буга чейин чогулган акчаны кошкондо дагы 350 миңдей каражат төлөшүбүз керек. Краудфандингден түшкөн акча жетпесе, өзүбүздүн каражаттан төлөйбүз".

"Кактус Медиага" карата коюлган доонун чоо-жайы

“Вечерний Бишкек” басма үйү гезиттин жабылышы тууралуу макалага байланыштуу Kaktus.media басылмасын былтыр январь айында сотко берген. Буга 2022-жылы декабрда "Кактус Медиа" “Вечерний Бишкек” гезити 2023-жылдын январь айынан баштап чыкпай турганын, электрондук vb.kg сайты калганын жазганы негиз болгон.

“Вечерний Бишкек” бул кабар чындыкка дал келбейт деген жүйө менен сотко кайрылып, 50 миллион сомдук доо койгон. Журналист Диля Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана негиздөөчүсү Дина Масловадан 25 миллион сом, калган 25 миллион сомун сайттын өзүнөн өндүрүүнү талап кылган.

Былтыр 23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. Башкача айтканда кабардагы “банкрот” деген сөз гана жокко чыгарылган.

Бул жалпыга маалымдоо каражаты Кыргызстанда азыркы бийликтин тушунда көп суммадагы акчалай доого жыгылган биринчи окуя болуп калды. "Журналисттер" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков бул жагдай эркин медианын ишине сөзсүз таасирин тийгизет деп эсептейт.

Нурдин Дүйшөнбеков.
Нурдин Дүйшөнбеков.

"Соттун чоң көлөмдөгү айыпка жыкканы редакциянын кийинки ишине таасирин тийгизет. Алардын кийин иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү кандай болот дегенди айтуу дагы кыйын. Азыр окурмандары, колдоочулары каражат топтоого аракет кылып жатат. Бирок сумма аз эмес болгондуктан, бардыгын чогултуу оңой эмес. "Кактус Медиа" бул өз алдынча, мамлекеттен бир тыйын албай туруп, жарнамалар менен өзүн каржылап иштеп кеткен, күчтүү, сапаттуу жана ар тараптуу маалымат берип турган ийгиликтүү мисалдардын бири. Мындай мисалдарды колдоп турса деле жарашат эле. Бул маалыматтык коопсуздукка дагы салымын кошуп келатат. Ушул жагы эске алынбай жатат".


Дүйшөнбеков 11 журналисттин камалышын, айрым маалымат каражаттарга басым болуп жатканын белгилеп, өлкөдө сөз эркиндигине байланыштуу абал көңүл жылытарлык эмес деген пикирде.

"Президент диалогду улантууга даяр"

Ал тапта президент Садыр Жапаров өткөн аптанын соңунда Кыргызстандагы 40тай медиа жетекчилер менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айтты.

"Иш-чарага басма сөз, телеканалдар, маалымат агенттиктери жана жаңылыктар порталдары сыяктуу ар кандай медиа-секторлорунун 40тан ашык өкүлдөрү катышты. Президент менен ММК жетекчилеринин ортосундагы баарлашуу эки сааттан ашык уланып, анын жүрүшүндө коом үчүн жана түздөн-түз медиа чөйрө үчүн маанилүү маселелердин ар кандай аспектилери каралды. Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги мамлекеттеги ачык-айкын маалыматтык саясатты камсыз кылуу үчүн ММК өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин белгиледи", - деп айтылат президенттик аппарат тараткан маалыматта.

Жолугушуу жабык өткөндүктөн анда талкууланган маселелер ачыкка чыгарылган жок. Бул жолугушууга катышкан Дина Маслова буларга токтолду:

"Бийлик башында отургандар Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп айтышат, биз бул багытта олуттуу маселе бар экенин белгилеп келебиз. Бирок ар бири өз позицияларында калды. Эң башкысы журналисттин ролун түшүнүп, ишин андан ары улантыш керек же коркуу сезими болуп жатса, бул тармактан кетиш керек. Эгер биз бийликке ыктап, аларга жаккан нерсени гана жазсак анда пропагандист болуп калабыз. Бул таптакыр башка кесип болуп калат".

11 журналисттин иши: "Тарбиялоо максатында камакка алды деп ойлойм"

Мамлекет башчы менен жолугушууга баргандардын бири, Майдан.kg гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркулов журналисттер аша чапкан учурлар жок эмес дейт.

Нургазы Анаркулов. Сүрөт Интернеттен алынды.
Нургазы Анаркулов. Сүрөт Интернеттен алынды.

"Кактус Медианын" маселеси эки чарбалык субъектинин ортосундагы талаш, башкача айтканда "Вечерний Бишкек" экөөнүн ортосундагы эле нерсе. Бийликти бул жерге кантип аралаштырса болот? Ал эми 11 журналисттин камалышы боюнча, өзүнүн оюн эркин, ачык айткандардын куугунтукталышы жаман нерсе, мен ага түп тамыры менен каршымын. Бирок алар жалпы журналисттик эрежелерден чыгып кеткен. Алардын арасында чыныгы журналисттер деле саналуу экен. Бизде социалдык тармак аябай күчтүү, ар бирибиз өзүбүздүн пикирибизди ачык-айкын жазып жатпайлыбы, президентти, башканы деле сындап жатабыз. Кээ бир жерде аша чаап кеткен көрүнүштөр болгон үчүн акыркы чара катары тарбиялап коелу деген гана максатта камакка алды деп ойлойм. Бийлик башындагылар деле гумандуулук, айкөлдүк кылып үйүнө чыгарып деле тергейт деп ойлойм. Бул болуп жаткан окуялар кандайдыр бир негизде өзүн өзү тарбиялоого алып келет деп эсептейм. Ал эми цензура деген - муну жазба, тигиге кийлигишпе дегендей. Андай бизде жок. Каалаган темада жазып жатышат, болгону мыйзам талаасынан чыкпай жазганга түрткү берет деген пикирдемин".

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун өткөн айда камалган 11 журналистти бийлик "тарбиялоо" үчүн камаганын айтканы талкуу жараткан.

11 журналист жапырт камалып, "Клооп" сайты бөгөттөлүп, "24.kg" агенттигинин кеңсесине мөөр басылган чакта Freedom House эл аралык уюму Кыргызстан төртүнчү жыл катары менен "эркин эмес" мамлекет аталганын жарыялаган. Уюмдун жаңы баяндамасы 29-февралда жарыяланды. Мындан сырткары өлкөдө бир нече оппозициячыл саясатчы камакка алынып, сот жараяндары жүрүп жатат.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG