Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

“Хьюман Райтс Уочт” казак бийлигин сынга алды


"Хьюман Райтс Уочт" "КаражанбасМунайды" жумушчулардын укугун бузган компаниялардын бири катары атаган.
"Хьюман Райтс Уочт" "КаражанбасМунайды" жумушчулардын укугун бузган компаниялардын бири катары атаган.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюму казак өкмөтүн жана бул өлкөдө мунай казып жаткан айрым компанияларды миңдеген мунайчылардын укугун такай бузуп келгени үчүн сындады. Аталган уюм өзүнүн жаңы баяндамасында белгилегендей, алдыда Казакстандын мунай секторунда иштеген жумушчулардын укугу корголушуна казак өкмөтү менен катар инвесторлор да көңүл буруусу керек.

“Хьюман Райтс Уотчтун” “Оргуштаган мунай, иш таштаган жумушчулар: Казакстандын мунай секторунда эмгек укуктарынын бузулушу” деп аталган көлөмдүү баяндамасы 10-сентябрда жарыяланды.

Ал казак өкмөтү жана үч мунай компания өлкө батышындагы мунай кендерде иштеген миңдеген жумушчулардын укуктарын кандайча бузуп келишкендигин документтештирет.

“Хьюман Райтс Уотч” белгилегендей, мунай казак экономикасына кубат берген негизги чийки зат. Бирок бийликтер менен сектордо иштеген компаниялар ал базарга чыкканга чейинки оор жана кара жумушту аткарып жаткан жумушчулардын укуктарын жээрүүдө. Укуктары тебеленген жумушчулар эмгек талаштарын чечүү үчүн кайда барып арызданууну билишкен эмес.

“Хьюман Райтс Уотчтун” өкүлү Мира Ритманн “Азаттык” үналгысы менен маегинде буларга токтолду:

- Баяндама өзү Батыш Казакстандагы мунай компаниялар жана казак өкмөтү мунайчылардын, уюмдашуу жана жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугун, бирикме түзүүгө, жыйналууга жана сөз эркиндигине болгон укуктарын кантип бузганын документтештирет. Бул – жумушчулардын жамааттык эмгек келишимдерин түзүү аракеттерине кийлигишүү. Тынч демонстрациялардан кийин аларды жапырт бошотуу. Биз бул укук бузууларга көңүл бурууну жана өкмөт жумушчулардын укугу корголуусу үчүн алдыда эмнелерди жасоосу керектиги боюнча сунуштарды берүүнү өтө маанилүү деп эсептедик.

“Хьюман Райтс Уотч” баяндамасын Батыш Казакстанда жүргүзүлгөн иликтөөлөрүнүн жана мунайчылар, профсоюз өкүлдөрү жана эксперттер менен өткөрүлгөн интервьюлардын негизинде даярдаган.

Анда жумушчулардын укугун бузгандыгы көрсөтүлгөн үч компаниянын экөө чет элдик инвесторлордун катышуусу менен түзүлгөн орток ишканалар.

КаражанбасМунай” компаниясы Кытай менен, Ersai Caspian Contractor LLC компаниясы Италия менен биргелешип уюштурган. Үчүнчүсү болсо жергиликтүү "Өзенмунайгаз” компаниясы. Ушул үч компания былтыр кан төгүү менен аяктаган Жаңы-Өзөн окуялары алдында жалпысынан 2000дей жумушчуну иштен айдаган.

Инвесторлорго кулак кагыш

“Хьюман Райтс Уотч” Казакстанды мунайчылардын укугун тебелөө улантылбоосу үчүн алардын жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жыйналуу, иш таштоо укуктары каралган мыйзам жоболорун эл аралык стандарттарга ылайыкташтырууга үндөгөн.

Уюмдун пикиринде, бул көйгөйгө Казакстандын эл аралык өнөктөштөрү, өзгөчө Европа биримдиги көз жумду мамиле жасабоосу керек.

Анткени Евробиримдик Казакстанга ири көлөмдө инвестиция салгандардын бири жана учурда тараптар, “Хьюман Райтс Уотчтун” өкүлү Мира Ритмандын айтымында, кызматташтыкты кеңейтүү боюнча келишимдин үстүнөн иштешүүдө:

- Бул сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыктан Евробиримдикте жумушчулардын укугун коргоо багытында көбүрөөк иш жасоого мүмкүнчүлүк бар. Казакстанда иштеген европалык компаниялар, Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрү Казакстанга инвестиция жасоо менен ошол эле учурда жумучулардын укугу корголбогонунан, эмгек мыйзамы начардыгынан пайда көрбөөсү керек. Өз укугу үчүн күрөшкөн жумушчуларды коркуткан, куугунтуктаган, түрмөгө салган өкмөт менен өнөктөш болууда тобокелчилик чоң, андыктан Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Казакстан менен мамилесинде бул маселени эске алуусу абзел.

“Хьюман Райтс Уотчтун” бул баяндамасы эмгек шарттарына нааразы болгон казак мунайчыларынын иш таштоосу былтыр 16-декабрда Жаңы-Өзөн шаарында кан төгүү менен аяктагандан тогуз айдан кийин жарыяланып отурат. Андагы тополоңдон расмий эсеп боюнча 16 адам каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Жаңы-Өзөн шаары тополоң учурунда. 16-декабрь, 2012-жыл.
Жаңы-Өзөн шаары тополоң учурунда. 16-декабрь, 2012-жыл.
Уюмдун баяндамасында көрсөтүлгөндөй, бийликтер башында мунайчылардын жамааттык эмгек келишимдерин түзүү боюнча сүйлөшүү аракеттерине көңүл кош мамиле жасап койгон. Сүйлөшүүлөр оңуна чыкпай калган соң миңдеген жумушчу иш таштоого чыгышкан, айрымдары ачкачылык жарыялоого чейин барышкан. Бийликтер иш таштагандарга каршы күч колдонуп, профсоюз лидерлери, жумушчулардын өкүлдөрү түрмөгө түшкөн. Бул акыр-аягында Жаңы-Өзөн окуяларына алып барып отурат.

Кыштагы тополоң үчүн 37 адам айыпталып, аларды он үчү абакка кесилген. Учурда Актау шаарында Жаңы-Өзөн окуяларына байланыштуу дагы бир сот жараяны жүрүүдө. Оппозициячыл саясатчылар Владимир Козлов, Серик Сапаргали жана жарандык активист Акжанат Аминова социалдык кастыкты козуткан деп айыпталып жатышат.

“Хьюман Райтс Уотч” бул сот ишинин адилеттүүлүгүнө күмөн саноосун билдирген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG