Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Жаңы-Өзөн: сот өкүмү ызы-чуу менен коштолду


Жаңы-Өзөн окуялары боюнча айыпталгандар, 4-июнь, 2012-жыл
Жаңы-Өзөн окуялары боюнча айыпталгандар, 4-июнь, 2012-жыл

Казакстандын Актау шаарынын соту Жаңы-Өзөн шаарындагы окуялар боюнча соттолуп жаткан 37 кишинин өкүмүн угузду.

13 киши 3 жылдан 7 жылга чейин түрмөгө кесилди. 24 киши акталды, же шарттуу түрдө соттолду. Оппозиция сот адилетсиз болгонун, кан төгүүнү иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия өз ишин улантаарын жана соттолгондорго укуктук жардам берилээрин ырастоодо.

Мурат Косбармаковдун өкүмүн окуурда сот залындагылар ага чейинки өкүмдөргө нааразы болуп, ызы-чуу түшүп, судьяга колуна эмне тийсе ыргыта башташты. Сот залдан чыгып кетүүгө мажбур болду. Косбармаковдун адвокаты кийинчирээк “Азаттыкка” маалымдагандай, аны 3 жылга эркинен ажыратышты.

Жаңы-Өзөн - 2011 комитетинин өкүлү Эрлан Калиев процессте айыпталып жаткандардын күнөөсү далилденбегенин сот моюнга алды деп эсептейт:

- Судья айыпталып жаткандардын күнөөсүн далилдеп, жакшылап көрсөтө албады. Бүгүн соттолгондорду актоо керек эле. Бирок жарымын бошотуп, 8 кишиге күнөө тагып салышты. Сотто бир дагы канааттандырган далил келтирилген жок.

Жаңы-Өзөндөгү тополоң боюнча сот Актау шаарында ушул марттын этегинде башталган. Соттун жүрүшүндө айыпталып жаткан 37 кишинин көбү аларды уруп сабап күнөөсүн моюнга алдырышканын айтып жатышты. Алардын жакындары жана адвокаттары сот адилет болгон жок дешет.

Жаңы-Өзөн окуялары боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөсү Амиржан Косанов Казакстанда көз карандысыз сот жок, алар полиция жана прокуратуранын айткандарынан чыга албайт, ал органдар болсо саясий күрөштүн куралына айланган деген оюн ортого салды. Анын айтымында, эң негизги суроо жоопсуз калды. 7 ай бою мунайчылардын проблемаларына көңүл бурбай, аны ырбатып жибергендиги үчүн ким жооп бериши керек эле? - деген суроого жооп алынган жок.

Президенттин “Нур-Отан” партиясынын жана парламент өкүлдөрү сот процесси жакшы өткөнүн ырасташууда.

Ушул эле күнү Актаунун дагы бир сотунда Жаңы-Өзөндүн мурдагы акими Орак Сарбопеевдин соту уланды.

Былтыр 16-17-декабрь күндөрү Маңгыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында жана Шетпе станциясында чыккан тополоңдо тартип коргоочулар менен демонстранттардын кагылышуусу учурунда бери дегенде 17 киши окко учкан, 100дөн ашууну жарадар болгон. Айрым оппозиционерлер курман болгондордун жана жабыркагандардын саны мындан көп деп санашат.

2-июнда Алматы шаарында жарандык активисттер Жаңы-Өзөн окуясы боюнча буга чейин чыккан өкүмдөргө нааразылыгын билдирип, шаар борборуна чогулушкан. Митингден кийин айрымдарын кармап кетишкени кабарланган. Алар уруксат берилбеген акцияга катышкандыктары үчүн административдик кодекске ылайык 15 суткага чейин камалып, кээ бирлери айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Бирок ал күнү оппозиция Абайдын эстелиги жанына барган жок.

Дүйшөмбү күнкү өкүмдөн кийин оппозиция кандай кадамдарга барат? Косанов тополоң социалдык маселелереден улам келип чыккандыктан, сотту саясатташтырууга каршы экенин айтат:

- Көз карандысыз комиссия ишин улантат. Соттолгондорго укуктук, жарандык, маалыматтык колдоо көрсөтө беребиз. Бирок кандай болгондо да, бул өкүм, мындай оор жазанын берилиши Казакстандын режими үчүн олуттуу коомдук-саясий кесепет алып келиши мүмкүн. Аны убакыт көрсөтөт.
Жаңы-Өзөн окуясы боюнча соттун өкүмү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

XS
SM
MD
LG