Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Кайра шайлоо: Талапкерлердин дооматы, БШКнын жүйөсү


Ленин округундагы кайра шайлоо. Бишкек. 10-сентябрь, 2023-жыл
Ленин округундагы кайра шайлоо. Бишкек. 10-сентябрь, 2023-жыл

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда 10-сентябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков алдыга чыкты. Бирок бир канча талапкер шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын айтып жатат. Бул жолку шайлоодо милицияга 28 арыз түшкөн, териштирүү учурунда кылмыш ишин козгоого негиз жок деген бүтүм чыккан.

Аталган округда шайлоо ушуну менен үчүнчү жолу болду. Расмий жыйынтык 24-сентябрда жарыяланат.

Анда алдыга чыккан талапкер Кубанычбек Самаков жалпы добуштардын 26,14% алган. Экинчи орунда Русланбек Тагаев 18,99%, үчүнчү 13,04 % добуш менен Аскар Алмаз уулу.

Русланбек Тагаев шайлоодон кийин видеокайрылуу таратып, жыйынтыкты тааныбай турганын билдирип чыкты. Ал "Азаттыкка" берген комментарийинде шайлоодо мыйзам бузуу болду деген негизде милицияга арыз даярдап жатканын айтты:

Русланбек Тагаев
Русланбек Тагаев

"Шайлоо жакшы өткөн жок, бир топ мыйзам бузуулар болду. Самаковдун утуп чыгышы биз үчүн таңкалыштуу. Себеби ал шайлоочулар менен бир да жолу жолукпай туруп, тойлоп жүрүп бир түндө акчанын күчү менен утуп чыкты. Ал элдин добушун сатып алды деген факт жок менде, бирок анын утушунун өзү бир топ күмөн ойду жаратат. Биз буга байланыштуу арыз даярдап атабыз. Анда ар бир дооматыбызды негиздеп жазып чыктык, укук коргоо органдары тийиштүү жыйынтык чыгарат деп ойлойм. Сотко да кайрылабыз, биз алардын мыйзам бузгандарын, добуш сатып алгандарын далилдейбиз. Утуп чыккан тарап үй башчылары, квартал башчылары менен иштешкен. Мисалы, биз 30дан ашык жолугушуу өткөргөнбүз, булар анын бирин да кылган жок, уккан да жокпуз".

Округда 2 630 добуш алган талапкер Аскар Алмаз уулу да шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыкты. Ал президент Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды:

Аскар Алмаз уулу
Аскар Алмаз уулу

"Ушуну менен бул округда үчүнчү жолу шайлоо уюштурулду. Биз шайлоо таза өтөт деген үмүт менен катышканбыз. Бирок кайрадан административдик ресурстар колдонулуп, добуш сатып алуу фактылары болду. Бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, кармалчулар кармалгандан кийин шайлоо таза өтөт деп ойлогонбуз. Биз шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз жана аны четке кагабыз. Бирок биз өлкөбүздө таза шайлоо өтөт деген үмүттөбүз".

Борбордук шайлоо комиссиясы 11-сентябрдагы маалымат жыйынында аталган округда шайлоо жогорку деңгээлде өткөнүн билдирди. Алар БШКга келип түшкөн жалпы 28 арыздын 21и укук коргоо органдарына өткөрүлгөнүн, жыйынтыгында даттанууда айтылган дооматтар далилденбегенин кабарлады.

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

"Шайлоочулар өз тандоосун эркин жүргүзүүсү үчүн БШК 100% шарт түзүп берди. Административдик ресурс колдонуу дээрлик жок азыркы күндө. Ал эми добуш сатып алуу тууралуу мындан мурун өткөрүлгөн шайлоо учурунда 150-200 арыз түшүп келген болсо, бул жолу сегиз арыз түштү. Ошол сегиз арыз боюнча да дооматтар далилденбегендиктен, кылмыш ишин козгоодон баш тартылды. Биз туура багытта баратабыз, жакшы жетишкендиктер бар. Баары жогорку деңгээлде өткөрүлдү деп айта алам. Маселен, шайлоо тилкелери жабылгандан кийин 5-10 мүнөт өтүп эле жыйынтык чыкты. Мындай нерсе анча-мынча мамлекетте болбойт. Бул - шайлоонун таза жана ачык айкын өткөнүнүн көрсөткүчү. Биз келечекте да жакшыртуу багытында иш алып барабыз. Добуш сатып алуу, бюллетенди сүрөткө тартуу деген учурлар алдыдагы шайлоолордо болбойт деген ниеттемин. Айрым талапкерлер "шайлоо таза болгон жок, добуш сатып алуу болду" дейт, бүттү, башка маалымат айтпайт. Бирок аларды чакырып, сүйлөшүп, милиция менен иш алып барууга келгенде алар "эми ушундай болду да" деп гана токтойт, айрымдары милицияга келбей да коюшат. Милиция сыйкырчы же көзү ачык эмес, аларга да текшерүү жүргүзүү үчүн негиз керек", - деди БШК төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров.

Баштапкы жыйынтыкта эң көп добуш алган 39 жаштагы Кубанычбек Самаков - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун уулу. Ал 2017-жылы атасы менен чогуу Бишкекте жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо иши боюнча сегиз жылга кесилген.

Кубанычбек Самаков 2019-жылы Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаевдин ишине байланыштуу “пара берүү” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ал эки иш боюнча тең акталганын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 6-сентябрда кабарлаган.


Шайлоонун акыркы, расмий жыйынтыгы 24-сентябрга чейин жарыяланат.

Округда 10-сентябрда парламент депутатын экинчи жолу кайра шайлоо өттү.

Биринчиси 2021-жылы шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабаган окуядан кийин тапшырган жана кайра шайлоо 28-майда болгон. Анда талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген.

Бирок добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген айып коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG