Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

Мунайга бай араб өлкөлөрү Обаманы колдошту


АКШ президенти Барак Обама жана Перс булуңундагы алты өлкөнүн лидерлери. 14-май, 2015-жыл. АКШ, Мэриленд.
АКШ президенти Барак Обама жана Перс булуңундагы алты өлкөнүн лидерлери. 14-май, 2015-жыл. АКШ, Мэриленд.

Перс булуңундагы мунайга бай араб мамлекеттери Иран менен 14-июлда түзүлгөн ядролук келишимди кубатташты.

Мындай билдирүү АКШ Мамкатчысы Жон Керри менен араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 3-августта Дохадагы кездешүүсүнөн кийин жарыяланды.

Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши Тегерандын аскердик ядролук кубатын өнүктүрүүгө жол бербеши керектигин ырастады. Араб өлкөлөрүнүн кызматташтык уюмуна Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги, Катар, Кувейт, Оман, Сауд Арабия кирет.

Перс булуңундагы Араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши Ядролук келишимде каралган иш-чараларды аткаруу туруктуу коопсуздукту камсыз кылууга салым кошоруна ишене тургандыгын ырастады.

Иран менен АКШ баш болгон алты бакубат держава 14-июлда макулдашкан ядролук келишим чөлкөм коопсуздугун сактоого чоң өбөлгө түзөрүн Катардын тышкы иштер министри Халид ал-Аттия Дохадагы маалымат жыйынында белгиледи:

- Бул вариант Ирандын ядролук куралына тиешелүү суроону диалог жолу менен чечүү үчүн эң ылайыктуу болчу. Бул АКШ жана анын тарапташтарынын эбегейсиз аракетинин натыйжасы болду. Биз алардын жасаганы чөлкөмдү мурдагыдан да коопсуз жана туруктуу кылат деп ишенебиз.

Ядролук келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасындагы массалык кыргын салчу бомба жасаганга керектүү уранды байытканды токтотот. Ага жооп кылып эл аралык коомчулук Тегеранга каршы 2006-жылдан тарта киргизилген санкцияларды алып салат.

Жон Керри Шериктешип аракеттенүү планы деп аталган корутунду келишим так аткарылса, Иранда ядролук куралды жасоо мүмкүндүгү болбостугун белгилеп, Жакынкы Чыгыш коопсуздугу узак жылдарга созуларын ырастады.

- Шериктешип аракеттенүү планы толук аткарылса, чөлкөмдүн узак мөөнөткө эсептелген коопсуздугу камсыздалмак, аны менен катар Ирандын аскердик ядролук кубатын өнүктүрүүгө же андай куралга ээ болушуна жол бербейт.

Керри Дохага Перс булуңундагы алты өлкөнүн Ядролук келишими Ирандын атомдук бомбага ээ болуу ниетин токтото албайт, Тегеран чөлкөмдөгү кырдаалга мурдагыдан да активдүү киришип, чөлкөм коопсуздугу начарлайт деген чочулоолору негизсиз экенин ырастап, араб өлкөлөрүн ишендирүү үчүн келген.

Жон Керри
Жон Керри

АКШ Мамкатчысы маалымдагандай, Дохага кош тараптуу стратегиялык кызматташууну дагы кеңейтүү, козголоңчулар менен террорчуларга каршы күрөшкө өзгөчө көңүл буруу маселелерин талкуулоого келген.

- Бизде чөлкөмгө чуу салуучу күчтөргө каршы кызматташууда мурдагыдан да күчтүү, бекем стратегиялык өнөктөштүк түзүп, террорчулар жана козголоңчулар менен күрөшкө өзгөчө көңүл буралы деген ниетибиз бар. Биз баллисттикалык ракетадан коргонуу жана куралдын айрым түрлөрү менен камсыздоону тездетүү жагын да талкууладык.

Жон Керринин айтканына караганда, АКШ-Перс булуңундагы алты өлкөнүн жумушчу тобу чөлкөм коопсуздугуна каршы аракеттерди болтурбоо чараларын иштеп чыгууга үч жума ичинде киришет.

Апрелде Обама Вашингтонго Перс булуңундагы алты өлкөнүн башчыларын чакырып, Тегеран менен кол коюлчу келишим боюнча алардын кооптонуусу чеки экенин түшүндүрүү аракетин жасаган. Ал жыйынга Саудия падышасы келбей койгон. Башка өкүмдарлар болсо келишимди колдору күмөндүү экенин кыйытышкан.

Foreign Policy журналы баамдагандай, мунайга бай араб өлкөлөрүнүн Ядролук келишимди колдоосу президент Обаманын кеңсеси үчүн маанилүү дипломаттык жеңиш. Конгрессте үстөмдүк кылган республикачылар президентти ар тараптан сындап жаткан чакта бул өзү жакшы жышаан. Ядролук келишим быйыл сентябрда колго салынат. Алар келишимди жактырбаса, президент Обама вето укугун пайдаланарын мурда эле эскерткен.

3-августта Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест акыркы эки-үч күндө Конгресстеги бир катар маанилүү саясатчылар аталган келишимди колдоп чыгышканын маалымдады.

Ушу жумада Барак Обама Ирандын ядролук программасын ооздуктаган келишим боюнча атайын сөз сүйлөөгө тийиш.

XS
SM
MD
LG