Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Эгерде мен президент болсом...


Ала-тоолук жеткинчектердин бал тилинен.


Эгерде мен президент болуп шайланып калсам, анда мен, тим элеби, минтмекмин:

...Ата-энеме көп, абдан көп балмуздак алып бермекмин!

...Энеме аябай кооз көйнөк тигип бермекмин.

...Каникулду тогуз ай, окууну үч ай кылмакмын.

...Жайлоолорго мини-ГЭСтерди жайнатмакмын.

...Элесепеттерди балдарга беп-бекер таркатмакмын...

Карикатурачы Кимбайке (Төлөгөн Карыкеев) кызмат - колдун кири экенин, жаңы төбөлдү көшөкөрлөнүп, бирок “чагып алууга” даяр тургандар да жаркылдап тосуп алаарын эскертет.



Эгерде мен президент болуп шайланып калсам, анда мен, анда элеби, анда мен:

...Биздин айылыбызда сагыз чыгарчу ишкана курмакмын.

...Кой саадырып, эжигей жасап, “Шоро” фирмасынын жармасына коштуруп саттырмакмын.

...Мигрант байкеме быяктан эле акчалуу иш тапмакмын.

...Манас атама абда-ан чоң, азыркыдан да чоң эстелик тургузмакмын.

Балдардын кыялданганын капысынан угуп калган:
XS
SM
MD
LG