Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

О, кудай! Ак Шумкар Жогорку Кеңешке өтпөгөнү жакшы болгон тура!


Иван Андреевич Крылов да кыргыз болгонбу? Балким болгон деле эместир? Бирок анын бир тамсили кыргызча “сайрап” турат.

Бир күнү Кыргызстандын президенти Жогорку Кеңешке (ЖК) шайлангандардын арасынан бир партиянын “лөгүнө” өкмөттүк ынтымак (коалиция) түзүү сунушу менен кайрылат.

Анан ал башка эки партия төбөлүнө келет.

Саат басып, ары-кетип, бери кетип, “бартпел” бөлүшө албай эл өкүлдөрүнүн эстери оойт.

Акыры бири айтат:

- Ата-бабанын жолун эстейли. Тээ бир кезде ар уруунун өзүнчө тотеми (табынган жаныбары) болгон. Ар партиянын өзүнүн символу катары бир жандык тандалышы керек болуп турат. АКШда деле пил менен узун кулакты (кыргыз, адатта, “эшек” сөзүн ушинтип тергеп койот) символ кылган партиялар бар эмеспи. Ошондон кийин ынтымагыбыз артаар, - дейт бир билерманы.

- Болуптур. Анда ким бизге тотем үчүн жаныбарды сунуштайт? Арабызда этнографтар барбы?

- Ушул Феликс Кулов оппозицияга өтчүдөй болуп турат. Аксакал болуп, аркы-беркини көрүп, кыйла калыс болуп калбадыбы, ошо кишиден сурайлы, - деп бири айтып, анан “Ар намыс” партиясынын башчысы Феликеңе кайрылышат.

Анын жообу:

- Крылов атабыздын жомогун мектепте окуп калган жайым бар эле. Силер Чаян, Жаян балык, Ак Куу болуп алгыла.

- О, кудай! Ак Шумкар ЖКга өтпөгөнү жакшы болгон турбайбы, - дептир өзүн Ак Куу элестетип кеткен бири.

(TCh)

* * * * *
XS
SM
MD
LG