Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:02

Грек кризиси "Чоң жыйырманын" иш тартибин бузду


Ангела Меркел, Николя Саркози жана Георгий Папандреу (биринчи катарда оңдон биринчи) Грекиядагы кризисти талкуулашууда. Канн, 2-ноябрь 2011
Ангела Меркел, Николя Саркози жана Георгий Папандреу (биринчи катарда оңдон биринчи) Грекиядагы кризисти талкуулашууда. Канн, 2-ноябрь 2011

Франциянын Канн шаарында “Группа 20нын” саммити ачылууда. Анын күн тартибинде: Европанын бирдиктүү акча мейкиндигинин болочогу.

Курорттуу Канн шаарындагы “Группа 20нын” саммитинин күн тартибинде каралчу башкы суроо - Европанын бирдиктүү акча союзунун тагдыры.

Муну Грекиянын насыя кризиси жана өлкөдө түзүлгөн саясий кризис, анын ичинде премьер-министр Георгий Папандреунун Грекиянын евромейкиндикте калуусу боюнча референдум өткөрүлөт деп күтүүсүз жарыялоосу шарттады.
Негизги маселе Грекиянын Европадагы болочогу экени айкын. Грекия евромейкиндикте калууну каалайбы же жокпу?
Президент Саркози


Бул тушта Евробиримдик референдумдун жыйынтыгы чыкмайын Грекияга кезектеги 7 миллиард евро транш берилбесин эскертти.

“Чоң жыйырма” тобунун лидерлеринин жыйыны евроакчанын 12 жылдык тарыхындагы тагдыр чечүүчү учур. Франция президенти Николя Саркози жана Германия канцлери Ангела Меркел шаршемби күнү ушул эле Каннда премьер-министри Георгий Папандреу менен кездешип, Грекия Евробиримдиктен насыя алып жатып берген убадасын аткармайынча, “бир теңге да” жардам албасын түз эскертишти. Үстүбүздөгү айда расмий Афины 8 миллиард евро көмөк алмак.

Ангела Меркель жана Николя Саркози. Канн, 2-ноябрь 2011
Ангела Меркель жана Николя Саркози. Канн, 2-ноябрь 2011
Президент Саркози грек өкмөтү 27-октябрда макулдашылган реформа планын кабыл албаса, не европалыктар, Эл аралык валюта фонду Афиныга алтынчы траншты беришпесин билдирди:

- Негизги маселе Грекиянын Европадагы болочогу экени айкын. Грекия евромейкиндикте калууну каалайбы же жокпу? Биз калгысы келет деп чын жүрөктөн үмүт кылабыз жана ал үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз.

Саркози билдирүүнү “Франкфурт группасынын” Канндагы жолугушуусунан соң жасады. Бул топко Евробиримдик, Евросоюз, Европа борбордук банкы жана Эл аралык валюта фондунун жетекчилери кирет. “Франкфурт группасынын” жыйыны грек премьери Папандреу тез арада референдум өткөрүү планы бар экенин жарыялагандан улам шашылыш чакырылды.

Биримдик менен жетишилген макулдашууга ылайык, Грекия бюджеттик тартыштыгын 2020-жылга 120% ашырбоосу абзел. (Азыр Грекиянын мамлекеттик карызы ички дүң жыйымдын 180% чыгып кеткен). Ошондой эле салыктар көбөйтүлүп, өкмөттүк чыгымдар азайтылышы зарурат. Мындай катаал чарага, албетте, Грекиянын калкы каршы.

Канцлер Ангела Меркел түн ортосундагы маалымат жыйынында Грекия евромейкиндиктин мүчөсү катары еврону стабилдештирүүгө катышканын оң көрөрүн айтты. Ал бирок негизги маселе - референдумдун жыйынтыгына карабастан, Грекияны эмес, еврону сактоо экенин, баса белгиледи:

- Алтынчы транш Грекия 27-октябрдагы чечимдин бардык беренелерин кабыл алып, буга кошумча жарыяланган референдум боюнча күмөн саноолорду айкындап алгандан кийин гана төлөнөт. Бул евро боюнча референдумдун жыйынтыгы позитивдүү болсун деген сөз.

Бу тапта Евромейкиндиктин финансы министрлеринин төрагасы, Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер саясатчылар азыр Грекиянын Европа монетардык союзунан мүмкүн чыгып кетүү сценарийинин үстүнөн иштеп жатканын кулак какты кылды. Ал эми Франциянын Европа иштери боюнча министри Жан Леонетти немистердин RTL телекомпаниясына берген маегинде "евро Грекия мейкиндикте жок болсо деле кубатынан жазбайт" деп "балп" эткизди.

Президент Николя Саркози жана президент Барак Обама "Чоң жыйырманын" саммити алдында. 3-ноябрь 2011
Президент Николя Саркози жана президент Барак Обама "Чоң жыйырманын" саммити алдында. 3-ноябрь 2011
АКШ президенти 3-ноябрда Каннга келер замат француз лидери менен жолугушту. Барак Обаманын журналисттерге айтышынча, Саркози экөө негизинен дүйнөлүк экономиканы чыңдоо жана эл аралык финансы рыногун турукташтыруунун жолдорун талкуулашкан. Ал 130 миллиард евролук көмөк пулду алуунун жөн-жайы боюнча Грекияда референдум өткөрүү Евробиримдиктин насыя кризисин жөндөө аракетине кедерги болушу этимал экенине да токтолду:

- Биз “Жыйырманын тобу” бу жерде береги планды кантип толук жана чечкиндүү аткарса болорун кенен талкууламак болуудабыз. Биз Грекиядагы жагдайды, ошондой эле абалдан чыгууга кантип жардамдаша аларыбызды талкууладык.

Грекияга кайрылсак, премьер-министр Папандреунун референдум өткөрүү ниетине финансы министри Эвангелос Венизелос каршы чыкты. “Евромейкиндикте болуу грек элинин тарыхый жеңиши”,- деди Венизолос Канндагы жыйындан мекенине учуп барары менен берген интервьюда.

XS
SM
MD
LG