Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

Германия жана Чехия чек араларын бекемдешти


Германияга агылган качкындар
Германияга агылган качкындар

Европа Биримдигине мүчө 28 мамлекеттин тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселде мигранттар кризисин жөндөө маселесин талкуулашат.

Жыйындын күн тартибиндеги башкы суроо - мигранттарды эки жыл ичинде Биримдикке мүчө өлкөлөргө бөлүштүрүүнүн квотасын аныктап алуу.

Качкындардын чоң агымына байланыштуу Германия 13-сентябрдан тарта Австрия менен чек арасында көзөмөл орнотту. Ага ылайык, жарандардын документтери текшерилип жатканын Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер ошол күнү билдирди. Убактылуу көзөмөл Германиянын ички бөлүгүндө да киргизилген. Бул кадам, Еврокомиссиянын ырасташынча, 26 өлкө арасында эркин виза режимине жол ачкан Шенген келишимине каршы келбейт.

Чек арада көзөмөл орнотууну Германиянын эң бай жери – Бавариянын жетекчилиги сунуш кылган эле. ​

“Чек ара контролун киргизүүгө Бавариянын демилгесинин негиз болгонуна мен курсанмын. Бул бардык маселени чечпегендиктен, биз дагы башка чараларды кабыл алышыбыз абзел. Бул дүйнөнүн башка өлкөлөрү жана Германиянын өзү үчүн жакшы жышаана. Мындай кадам жасалбаса, дүйнөнүн качкындар лагери Германияга көчкөнүнө күбө болорубузду мен такай айтып жаткам”,-деп маалымдады 13-сентябрда кабарчыларга Бавариянын премьер-министри жана Христиан-социалисттик союзунун башчысы Хорст Зеехофер.

Венгрия менен Сербиянын чек арасындагы качкындар
Венгрия менен Сербиянын чек арасындагы качкындар

14-сентябрда Германия-Австрия арасында темир жол каттамдары кайра иштей баштаганы расмий түрдө маалымдалды. Бирок темир жолдо дале качкындар болгондуктан, Зальцбург – Мюнхен ортосунда поезддер азырынча жүрбөй турат.

12-сентябрда Мюнхенге 13 015 мигрант келсе, эртеси таң эрте шаардын борбордук темир жол вокзалына дагы 700дөй качкын келген. Быйыл Германияга 800 миңдей мигрант жана качкын келет деп боолгонууда.

Германияны куйрук улай эле Чехия да Австрия жак чек арасында көзөмөл киргизди. Австрия болсо качкындар эң көп келген Венгрия менен чек арасында көзөмөлдү күчөттү. Австрия 27-августта Будапешт-Вена кан жолунун боюнда жүк тартуучу машиненин ичинен аба жетпей тумчугуп өлгөн 71 адамдын жасаты табылгандан кийин Венгриядан келчү жолдордо полиция көзөмөлүн киргизген болчу.

Грециянын жанында кемеси кырсыкка учураган качкындар
Грециянын жанында кемеси кырсыкка учураган качкындар

Германияга жетүүнү көздөгөн качкындар адеп Грецияга келип, андан ары Македония, Сербия аркылуу Биримдикке мүчө Венгрияга өтүшөт. 13-сентябрда эле Сербиядан Венгрияга 5 809 мигрант өткөн. Качкындар агымы дале токтобосун БУУнун качкындар агенттигинин жооптуу кызматкери Александра Краус Македониянын Гевгелия шаарында Ройтерс агенттигине 13-сентябрда курган маегинде айтты:

- Кечээ кечки саат 6:00дөн (12-сентябрь) тартып, бүгүн саат 3:00 чейин Македониядан Сербияга поезд менен рекорддук сандагы мигрант - 8500 адам кетти... Жакынкы сааттарда жаңы толкунду күтүүдөбүз. Себеби Грециянын Жер ортолук деңизиндеги аралдарынан Афиныга дагы бир чоң кеме келерин билебиз.

15-сентябрда Венгрияда миграция боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, чек арадан уруксатсыз өткөн адамдар токтоосуз камакка алынат. Венгрия качкындар селин токтотуу үчүн Сербия менен ортодо 175 км аралыкта тикенектүү зым тартылган төрт метр бийик коргон да курууда.

Германиянын канцлери Ангела Меркель качкындар көйгөйүн өлкөнүн 16 жеринин лидерлери менен 15-сентябрда талкуулайт. Мигранттар кризиси жана эмки эки жылда 160 миң качкынды бөлүштүрүү маселесин Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери 14-сентябрда Брюсселдеги кезексиз жыйынында карашат. Береги жыйынды утурлай БУУнун Качкындар агенттиги Евробиримдикти чек арада жалпы бир эрежени кармоо чакырып, болбосо качкындар үчүн “укуктук баш аламандык түзүлөт” деп эскертти.

XS
SM
MD
LG