Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Ашыгына балыктар да ыр арнайт


Эркек балыктар сүйгөнүнө жагуу үчүн ырдашат. Жер бетинде адам буту баспаган жапайы жерлер азаюуда. Америкалык медиктер инсульт болгон адамдын кыймылдабай калган колуна жан киргизүүнүн жаңы жолун табышты. Жерден эң алыста жайгашкан байыркы үркөрлөр тобу же жаңы галактика табылды.

Балыктардын эркеги эмне үчүн боздоп ырдайт?

Көрсө, ургаачы балыкты жандап, анын көңүлүн өзүнө бурдурайын деген Pomacentrus amboinensis түркүмүндөгү эркек балыктар да бозойлор сыяктуу эле жанын сабап ырдашат экен.

Тынч океандын тропикалык сууларынын тайыз жерлери-рифтерде жашаган бул балыктардын эркегинин ырдаганын Бельгиянын Льеж университетинин (Université de Liège) окумуштуулары байкап жазып алышты. Бул балыкты ихтиологдор балык-чабалекейлери деп аташат. Алардын эркеги атаандаштарын өзү жашаган журтуна жолотпой кууганда жана “куут маалында” сулууларына жакмак болуп жан талашканда үн чыгарып, обон салышат.

Делебеси козголуп турган эркек балыктардын обон салып ырдагандагы үнү, зоологдордун аныктамасы боюнча, «машиненин кургак айнегин желим шыпыргы менен аарчыганда чыккан добушка окшоп кетет». Эркек балык-чабалекейлер ошондой эле ургаачыларын өзүнө кызыктыруу үчүн суудан бийик секирип чыгып, кайра сууга чумкуп кирет.

Ургаачы балыктар эркектер үнүн канча мертебе чыгарганына (ырдаганына) жана үнүнүн ылдамдыгына карап, эң дадилин тандайт. Эркеги “боздоп шаңшыганда” үнүнүн кубаты 550 герцтен 775 герцке чейин жетет. Алар ушинтип обон салганда үнүн эки же үч жолу созот. Демейде балык-чабалекейлердин эркеги журту жайгашкан жерди жана анын атрабын чоочун балыктардан коргоп, киргизбейт. Куут маалында ургаачы балык уяга жумурткасын таштап кетип, балдардын өсүп, жетилүүсүнө эркеги кам көрөт. (Булагы: http://onlinelibrary.wiley.com)

Жер бетинде жапайы жерлер азайып барат

1990-жылдан бери адамзаттын колу тийбеген жапайы жерлердин аянты ондон бирге, анын ичинде Түштүк Америкада 30 процентке жана Түштүк Африкада 14 процентке кыскарган. Бул Алясканын аянтынан эки эсе чоң жана Амазонка дарыясы ээлеген аянттын жарымына тең мейкиндик.(Алясканын аянты 1 717 854 кв км, Амазонканыкы - 6 992 кв км).

Биздин планета кандай коркунучка кабылганын Австралиянын Квисленд университетинин (The University of Queensland, Brisbane) Жапайы жашоону сактоо коомунун (Wildlife Conservation Society) биогеографы Жеймс Уотсон (James Watson) жана анын илимий кесиптештери 1993-жыл менен 2009-жыл аралыгындагы космостон тартылган карталар менен сүрөттөрдү салыштырып отуруп аныкташкан.

Туристтер жапайы жаратылышка айнек көпүрөдө туруп суктанышууда. Кытай, 2-август 2016
Туристтер жапайы жаратылышка айнек көпүрөдө туруп суктанышууда. Кытай, 2-август 2016

​“Биологиялык көп түрдүүлүктүн негизи болгон өздөштүрүлбөгөн жерлердин абалы жергиликтүү климатка таасир этип турат. Жапайы табиятты коргоо боюнча атайын саясат иштелип чыкпаса, адамзат колу тийбеген дүйнө жердин бардык бурчун каптап бараткан өнүгүүнүн курмандыгы болот. Абалды өзгөртүү үчүн биздин болгону 20 жылдай убактыбыз гана бар”, - дейт доктор Уотсон.

Азыр дүйнөдө адамдын колу тие элек 30.1 миллион кв км жапайы жер бар. Бул Жердеги кургак жердин 20 процентине жакын аянтты түзөт. Береги жапайы жерлердин чоң бөлүгү Түндүк Америка, Түндүк Азия, Түндүк Африка жана Австралия континентинде орун алган.

“Биз аңкоолонуп, алыс болгондуктан жакшы корголгон деп ойлогон жапайы аймактар кескин азайып кеткенин моюнга алуубуз абзел,- дейт канадалык илимпоз-биолог, доктор Оскар Вeнтер (Oscar Venter). - Глобалдык деңгээлде чара көрбөсөк, табияттын акыркы таажысын жоготуп коюшубуз мүмкүн. Сиз жапайы жерлерди калыбына келтире албайсыз. Жапайы чөйрө жоголсо, экосистема өзгөрөт жана мурдагыдай болбойт. Ошон үчүн калган жапайы жерлерди жигердүү киришип сактап калуу керек”.

Ал эми Кыргызстандын адам буту жетпейт деген ажайып жерлеринин абалы кандай? Аларды изилдеген илимпоздор барбы? (Кеңири маалымат үчүн караңыз: eurekalert.org, cell.com/current-biology, sciencemag.org)

Шал колго жан киргизүүнүн жаңы усулу

Америкалык медиктер инсульт болгон адамдардын шал болуп, кыймылдабай калган колуна жан киргизип дарылоонун жаңы жолун табышты. Ал үчүн инсульттан жабыр тарткан адамдын соо колуна атайын кол кап кийгизилип, ал манжаларын ачып-жуумп, кыймылсыз колун эрки менен башкарып кыймылдаганга түртөт.

Дарылоонун бул жаңы ыкмасы кеминде жарым жыл илгери инсульт болуп, колу шал болуп калган 80 пациентке колдонулган. 12 жумалык эксперименттен соң соо колуна сенсорлуу кол кап кийгизилген адамдардын 97 процентинин дартка чалдыккан колдоруна жан кирип, кыймылдоо жөндөмү жакшырган.

Азыр колдонулуп жүргөн усул боюнча, кыймылдабай калган колдун булчуңдарына электроддор жабыштырылат жана аларга ток берилгенде булчуң жыйрылып, кол акырындап кубатына келе баштайт.

Чала жан колду же булчуңду кыймылдатып дарылоонун жаңы жолун пациент үйүндө жатып да колдоно алат. “Медициналык тейлөөнүн баасын арзандатуу жана көнүгүүнү интенсивдүү жасап, жакшы натыйжага жетишүү үчүн үйдө дарылануу аябагандай эле маанилүү. Пациент көп дарыланса, айыгуу мүмкүнчүлүгү өсөрү калетсиз”, - дейт жаңы методдун авторлорунун бири, доцент Жеймy Натсон Jayme S. Knutson, Case Western Reserve University School of Medicine in Clevlend, Ohio).

АКШда жылына 800 миңдей адам инсультка кабылат жана орто эсеп менен ар төрт мүнөттө бир америкалык инсульттан жан берет.

Инсульттан жабыркаган адамдарды дарылоого бир нече жума, айдан тартып, бир нече жылга чейин убакыт кетет. (Булагы: medicalnewstoday.com, eurekalert.org)

Жерден 11.1 млрд жарык жыл алыстагы галактика

Астрономдор Жерден эң алыста жайгашкан үркөрлөр тобун же жаңы галактиканы табышты. Бул жылдыздар азыр белгилүү эң байыркы галактикалардын топтому болуп саналат. Астрономдор аны СL J1001+0220 деп аташты. Ал Жерден 11. 1 миллиард жарык жыл оолак жайгашкан.

Жерден 4 миллиард жарык жыл алыстагы Abell S1063 үркөр жылдыздар же галактика топтому
Жерден 4 миллиард жарык жыл алыстагы Abell S1063 үркөр жылдыздар же галактика топтому

Окумуштуулар жаңы табылгага таянып, аалам коюнундагы галактиканын биринчи топтому мурда кабыл алынгандан 700 миллион жыл эрте калыптана баштаган деген бүтүм жасашты. Галактика өз журтундагы жылдыздарды гравитациянын күчү менен кармап турат. Топтомго формасы, массасы, жайгашуусу жана башка параметрлери боюнча айырмаланган бир нече галактикадан тартып, бир нече миңге чейин галактика кириши мүмкүн.

"Адамзат Ааламдын алыскы коюнундагы телолорду ушу учурда жашаган абалында эгерим көрө албайт; биз ободо жайгашкан жылдыздар топтому эзелки бир убакта бөлгөн жарыкты гана көрөбүз. Ошон үчүн биз СL J1001+0220 галактика топтому 11. 1 миллиард жыл мурда бөлгөн жарыктын нурун гана көрүп жатабыз" деп түшүндүрүшөт астрономдор. Алардын айтышынча, береги байыркы жылдыздар топтому жакында эле галактиканын эркин топтомунан толук калыптанган галактиканын түрүнө өткөн. Анын ядросунда массивдүү 11 элиппс формасындагы галактика жайгашкан.

Астрономдор Ааламдын алыскы бурчунан тартып алынган сүрөттү анализдеп жатып, 11 галактиканын тогузунда жардыруу болуп, жаңы жылдыздар жаралганын аныкташты. Аталган ар бир галактикада бир жылда параметри боюнча Күнгө окшош 3400гө жакын жаңы жылдыз туулган. (Маалымат булагы: live-news24.com, earthsky.org, usatoday.com)

XS
SM
MD
LG