Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Каргалар да "аза күтүшөт"


Каргалар шериги өлсө, ызы-чуу түшүп ыйлашат. Нью-Йорктон Сиднейге 32 мүнөттө учуп жетчү учактын долбоору жасалды. Асман көлүктөрү - дрондор почточунун кызматын аткарат. Нью-Йоркто абанын дем алганын сезчү метеосистема курула баштады.

"Аза күткөн" каргалар

"Америкалык каргалар (corvus brachyrhynchos) үйүрүндөгү шериги өлсө, анын эмне себептен мерт болгонун иликтеп, талдашат. Бул болочокто маркум өлгөндөй кокустуктан өлбөө үчүн жасалат" деп айтылат «Айбанаттардын жүрүм-туруму» (Animal Behaviour, vol. 109) (Караңыз- Sciendirect.com) журналындагы макалада.

АКШнын Сиэтл шаарындагы Вашингтон университетинин илимий кызматкерлери Кейли Свифт (Kaeli N. Swift) жана Жон Марцлавдын (M. Marzluff) изилдөөсү көрсөткөндөй, каргалар алты жумадан кийин да жолдошу өлгөн жерге тамак-аш мол болгонуна карабай жакын жолошкон эмес. Алар оболу өлгөн карганын кебин көрүшкөндө чуулдашып, тынчы кеткен, "аза күтүшкөн". Бирок ал жерде көгүчкөндүн өлүгү жатса, ага каргалардын көбү көңүл бурган эмес. Кыргызда "Карга карганын көзүн чукубайт" деген ылакап бар эмеспи.

Үн менен жарышкан учак

Канадалык инженер-дизайнер Чарлз Бомбардиер долбоорлогон реактивдүү учак (аты Antipode) он адамды 20 000 чакырымга 1 саатка калбай жеткирет. Эгер Antipode жасалса, иштөө концепциясын Бомбардиер мурда өзү иштеп чыккан “Скриимден” (Skreemr) эки эсе, ал эми легендарлуу үндөн ылдам “Конкорд” (Concorde) учагынан 12 эсе ылдам кете алат. Бул жөнүндө Forbce журналы кабарлады.

"Маалымдалгандай, Skreemr темир жолго окшош магнит жаздыкка орнотулуп, андан тапанчадан аткан октой болуп атылат. Канатындагы ракетасы ага ар кандай аба майданда учуп-конгонго мүмкүндүк берет. Бомбардиердин айтымында, реактивдүү бизнес учакка туруктуу иштеген кыймылдаткыч керек жана ага түшчү жүргүнчүлөрдү тандоо кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Эгер Antipode жасалса, Нью-Йорктон Сиднейге (9929 километр) 32 мүнөттө, Нью-Йорктон Парижге (3625 километр) 12 мүнөттө учуп жетет", -деп жазат Forbce.

Жылкыдай эстүү дрон

Интернет аркылуу соода кылган Amazon компаниясы дронду- пилотсуз учуучу аппаратты кардарларга буйруган товарын жеткирген почтальон катары колдонууга АКШнын авиация боюнча федералдык агенттигинен уруксат сурады. Компаниянын вице-президенти Поль Мизенер Yahoo.com сайтына чыккан маегинде, дрон товарды 16 чакырым радиустагы кардарга же ээсине заказ берилгенден 30 мүнөт өтпөй жеткирерин айтты. Бир талап - жүк 2 268 граммдан оор болбошу керек. "Себеби, почточу-дрон автомобилге караганда көбүрөөк жылкыга окшош болот, себеби ат өзү үчүн коркунучтуу (жайларды) тоскоолдуктарды айланып өтөт", - дейт Мизнер.

Дрон - асман көлүгү

Эл керектөөчү жаңы технологиялардын январдын башында Лас-Вегаста өткөн СЕS 2016 жармаңкесинде дүйнөдөгү биринчи жүргүнчү менен уча турган дрон-асман көлүгү көрсөтүлдү. Кытайдын EHang компаниясы жасаган квадрокоптерге бир гана жүргүнчү батат. Аппарат сенсордук экрандан башкарылат жана авиадиспетчерлер, асмандагы башка дрондор менен автоматтык түрдө байланышып, эң кыска жана коопсуз жолду өзү тандайт. Жүргүнчүнү 16 чакырымга 23 мүнөттө жеткирет. Саатына 100 чакырым аралыкка учат (Караңыз, www.Texinsider.io)

Абанын дем алганын сезчү метеосистема

"Нью-Йоркто быйыл жыл соңуна чейин аба ырайына байкоо жүргүзчү 125 автоматтык режимде иштечү метеостанция курулат. Ошондо синоптиктер, чукул кырдаалдар кызматы жана догдурлар бир күн ичинде 1 миллионго чейин маалымат алып калат", - деп билдирет "Ассошиэйтед пресс" агенттиги. Бул боло турган бороон-чапкындар, деңиздин толкушу жана атмосферадагы кырдаал тууралуу алдын ала так маалымдаганга мүмкүндүк берет. Азыр шаардагы 40 автоматтык метеостанция ар беш мүнөттө температураны, атмосферанын басымын жана башка маалыматтарды берип турат. Жаңы метеосистеманы курууга 23 миллион доллар чегерилген. Нью-Йоркто жалпысынан 21 миллион эл жашайт. Калаа 1214, 9 чарчы чакырым аянтта жайгашкан.

XS
SM
MD
LG