Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Жүсүп Мамай күүлүү кезинде айткан “Манастын” варианты - түп нуска


Манасчы Жусуп Мамай (1918-2014). 15.7.2010.
Манасчы Жусуп Мамай (1918-2014). 15.7.2010.

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасын терең үйрөнүү зарыл. Адабиятчы Назгүл Турдубаеванын блогу.

2004-, 2012-, 2014-жылдары Кыргызстанда Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосу жана анын бөлүмдөрү: “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача, Бекбача”, “Сомбилек”, “Чигитей” аттуу уландылары араб кыргыз графикасынан кыргыз кирил графикасына оодарылып берилген, т.а. транслитерацияланган (лат.trans-аркылуу жана litera-тамга, ариб) китептери окурмандарга таанылган.[1.109-б.]

Аталган китептердин жарыяланышы менен араб кыргыз жазуусун билбеген окурмандар эпостун мазмуну менен таанышып чыгууга жана окууга толук мүмкүнчүлүк алды деп кубандык эле. Бирок акыркы мезгилде социалдык тармактарда 2004-, 2012-жылдары араб кыргыз графикасынан кирилл кыргыз тамгасына көчүрүлгөн, же Ала-Тоодо расмий колдонулуп жаткан кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясындагы китептердин негизинде башка өңүттө саясатташып, эки боордош элдерге таанымал манасчы Жүсүп Мамайдын вариантын жокко чыгарууга далаалат жасалып, же анын тегерегинде атайын бир саясатташкан терс кадамдар шилтенип бараткандай кабарлар күчөдү.

КУУнун профессору Назгүл Турдубаева маркум манасчы Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Манас” эпосунун айрым чыгарылыштары менен. 30.7 2020.
КУУнун профессору Назгүл Турдубаева маркум манасчы Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Манас” эпосунун айрым чыгарылыштары менен. 30.7 2020.

Буга көңүл бурбай коюуга чындык жол бербейт экен.

2019-жылы 6-июнда белгилүү манастаануучу, филология илимдеринин доктору Жылдыз Орозобекованын “Манастын тузу оор” аттуу макаласы KYRGYZTODAY.KGсайтында жарыяланды.[2.]

Ооба, "Манастын" тузу оор. "Манасты" окуп чыктым, баарын билдим деген менен дагы толук биле элек нерселер али алдыда экендигин баамдап келебиз. Бирок илимий чөйрөдө чындыктын түбүнө жетпей туруп, бул вариантта мындай айтылган, айрым жерлеринде саясатташкан көз караштар бар деп жазганыбыз жана айтканыбыз илимде такты алып келбейт го?

Эң алгач кыргызстандык окурмандарга Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосунун 1-тому 1995-жылдары кирил кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясы аркылуу белгилүү болгон. Бул 1-томду Орозбүбү Сатиш кызы араб кыргыз графикасынан кирил кыргыз жазуусуна транслитерациялаган.

Президент С.Жээнбеков Ж.Мамайдын вариантына негизделген "Манас" операсы коюлгандан соң ханзу өнөрпоздорун алкады. Бээжин. 07.06.2018.
Президент С.Жээнбеков Ж.Мамайдын вариантына негизделген "Манас" операсы коюлгандан соң ханзу өнөрпоздорун алкады. Бээжин. 07.06.2018.

Айтмакчы, транслитерация автору китептин титулдук барагында “Араб арибинен көчүргөн Орозбүбү Сатиш кызы”деп жазган.[3.] Кийинки маалыматтарда араб арибинен которгон деген жазуулар көбүрөөк кездешүүдө. Котормо деп жазалы десек, бир тилден экинчи тилге которгон учурда котормо деп жазсак туура болот эле. Ал эми жазуусу араб тамгасында, бирок кыргыз тилинде берилген эпосту “араб графикасынан кирилл тамгасына көчүрүлгөн, же кыргыздын кирил жазуусу аркылуу берилген транслитерациясында”, - деп жазуу туура болот го.

1995-жылда жарыяланган китепти улай 2004-, 2012-жылдары эпостун сегиз урпагы, же 18 томдук 7 кг салмактагы оор китептер араб кыргыз графикасынан кыргыз кирил жазуусу аркылуу транслитерацияланган китептер жарык көрүп таанылды.

Окурмандар 1995-, 2004-, 2012-жылдары кыргыз кирил жазуусу аркылуу араб кыргыз графикасынан көчүрүлгөн китептердин мазмундары бирдей, бири-биринен эч кандай айырмаланбайт, өзгөртүлбөсө керек деген ой менен аталган китептерге маани берилбей келе жаткандыгы өтө өкүнүчтүү.

Бирок белгилүү манастаануучу Жылдыз Орозобекованын пикиринде:

“Дагы бир түйшүк бар. Бул Жусуп Мамайдын варианты. 2012-жылы Синзяндан (Кытайдын ШУАРынан) чыккан китеп. Ушунун 6-8-беттеринде мындай маалымат берилген.

“Угуздун тукумунан Калаш деген кан чыгат, ал өзүнүн жалгыз уулу ала болуп ооруганы үчүн, аны өлүмгө буюрат. Увазири баланы өлтүрбөй алыскы тоого алып барып, жанына ташталган балдарды кошуп, бул жерден кайтсаңар өлөсүңөр дейт. Мына текст.

“Барбагын элге сен болсо,

Атың “Кыр кез” болсун, - деп.

Айдап кое бериптир,

Тоо бойлоп кетти жаш балдар,

Кичүүсү бар, чоңу бар,

Эркек кызы бир-бирден,

Жуп болушту ушулар.

Калаш кандын уулунун,

Алганы эркек тууптур.

Киши көрбөй тоодо өскөн,

Оозуна келген кепти айтып,

Атын Бөйн коюптур,

Бөйөндөн Чаян төрөлдү.

Чаяндан туулду Каракан,

Каракандан “Кыр кездин”

Бир далайы тараган”. [Китептин 7-бетинде]. Таштанды балдар эр жетип калганда, кандын баласы күңдүн (кулдун) кызын алат, андан Бөйөн туулат, Бөйөндөн Чаян, анан Каракан. Каракандан Орозду, беш аялынан он уул. Жердеген жери Энесай...” - деп жазган. [2.]

Ооба, бул маалыматтар 2012-жылы араб кыргыз графикасынан кирил кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган китепте бар. Аталган китеп араб кыргыз графикасынан кирил кыргыз жазуусунда кандай көчүрүлүп берилди, түп нускадан алып транслитерацияландыбы? деген ойго келбейбиз. Эмне үчүн?

Аталган китептин мазмуну 1984-жылдан 1995-жылга чейинки жарыяланган Жүсүп Мамайдын түп нускасынан кирил кыргыз тамгасына көчүрүлдү, же транслитерацияланды деп жазылганы чындыкка дал келбейт.

Кыргызстандык илимпоздор менен студенттер кытайлык кыргыздардын тобу менен КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылында жайгашкан Жусуп Мамайдын музейинде маркум манасчынын момдон жасалган айкелинин жанында. 30.7.2015.
Кыргызстандык илимпоздор менен студенттер кытайлык кыргыздардын тобу менен КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылында жайгашкан Жусуп Мамайдын музейинде маркум манасчынын момдон жасалган айкелинин жанында. 30.7.2015.

Негизинен, Жүсүп Мамайдын 2004-, 2012-жылдары кирил кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясында китептердин мазмундары бири-бирин кайталайт, эч кандай түзөтүүлөрдү киргизген эмес, ал түгүл түп нускадан айырмаланган саптарды жана айрым туура эмес пикирлерди жарата турган сөздөрдү киргизүү менен жарыяланган.

Өзгөчө, жогоруда Жылдыз Орозобекованын макаласында белгилеп өткөн эпостогу саптар 2004-, 2012-жылдары жарыяланган китептерде берилген, ал эми Жүсүп Мамайдын вариантынын түп нускасында (1984-жылкы туп нускада) жана 1995-жылы Орозбүбү Сатиш кызы көчүргөн “Манас” эпосунун 1-китебинде жогорудагы саптар толугу менен жок.

Мына кызык. “Издесең сыйпалап кал”, - деген ушул да. Эми кайсы китепке ишенебиз?

Эң кызыгы, Ж.Орозобекова: “кандын баласы күңдүн (кулдун) кызын алат”, - деп жазганы да тактыкты талап кылат.[2.]

Жүсүп Мамайдын айтуусунда, хан Мамайдан Бөдөнө төрөлүп, анын баласы Бөтөй, андан 15 ата өтүп, акыры Бөдөнүн тукуму Бөйөн деген баланы хан көтөрүп, Бөйөнхандан Чайанхан, Чайанхандан Карахан, Карахан уруктап, андан Орозду, Ороздудан Жакып жана Шыгай хандар тараган деп айтылат.

Ал эми “кандын баласы күңдүн кызын алат” деген сүрөттөө эпосто берилбейт. Хан Мамай күңдү алган эмес. Эпосто алган аялы күңдүн аялы деп дагы айтылбайт. Болгону көп төрөгөн, күйөөсү өлүп калган аялды балалуу болоюн деп алган деп гана сүрөттөө берилген. [4.]

Жусуп Мамай жана Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева. Ак-Чий, КЭР. 27.6.2012.
Жусуп Мамай жана Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева. Ак-Чий, КЭР. 27.6.2012.

Көп жылдары КЭРдеги (Жуңгодогу) же анын курамына кирген Кызылсуу Кыргыз автоном облусундагы кыргыздардын эл оозеки чыгармачылыгы жана адабияты тууралу иштеп келе жаткандыгыма байланыштуу буга мындайча жооп берер элем.

Биринчиден, Жүсүп Мамайдын вариантындагы “Манас” эпосун жана анын урпактарын араб кыргыз графикасынан кирил кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясын кайрадан карап, баштан аяк түп нусканын негизинде азыркы кирил кыргыз тамгасына көчүрүп, же транслитерациялап чыгуу керек.

Себеби, аталган китептерди (2004, 2012) түп нускадан кыргыз жазуусу аркылуу көчүрүлдү, же которулду деп айтууга болбойт. Бул ишке Орозбүбү Сатиш кызы тарабынан араб кыргыз графикасынан кирил кыргыз жазуусу аркылуу транслитерациялаган китепти пайдалануу керек.

Анткени, аталган китеп 1984-жылы “Шинжаң эл басмасы” тарабынан жарыялаган манасчы Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосунун 1-томунан которулган. Атүгүл, Орозбүбү Сатиш кызы өзү Жүсүп Мамай менен кездешип, бир нече жолу манасчы менен биргелешип, оңдогон кол жазмалары дагы эле сакталган маалыматтар бар.

Эгерде 2004-, 2012-жылдары жарыяланган кыргыз жазуусундагы “Манас” эпосунун 1-тому менен Орозбүбү Сатиш кызы траскрипциялаган 1995-жылдагы Ж.Мамайдын вариантына салыштырмалуу карап көрсөк, анда 2004-, 2012-жылдары кирил кыргыз алфавитинде жарыяланган китептер түп нускадан кирил кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясы деп айтууга болбойт.

Манастаануучу Жылдыз Орозобекова 2004-, 2012-жылдары жарыяланган китептерди Жүсүп Мамайдын 1984-жылдары жарыяланган түп нускадан, же араб кыргыз графикасынан кирил кыргыз жазуусунда берилген транслитерациясы деп түшүнүү менен жогорудагыдай пикирлерин жазган.

Бирок Жүсүп Мамайдын түп нускасында жогорудагы Жылдыз Орозобекова келтирген маалыматтар толугу менен жок. Демек, Жылдыз Орозобекованын жогорудагы белгилеген саптары 2004-, 2012-жылдагы кирил кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган китептерде кийинчерээк Үрүмчүдөгү редакторлор тарабынан кошумчаланып киргизилип кеткен деп ишеничтүү айтууга болот.

Буга 1984-жылы араб кыргыз графикасында жарыяланган Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосунун 1-тому менен тааныш окурман катары жана Орозбүбү Сатиш кызы тарабынан 1995-жылы кирил кыргыз жазуусу менен транслитерацияланган чыгарылыштын мазмуну оригиналдан четтебей, өзгөрүлбөй которулган деп ишеничтүү жооп берүүгө болот.[3.]

Дагы кошумчаласак, Ж.Орозобекованын бир пикириндеги:

“Жусуп Мамайдын китебинде дагы мындай эки сап жазылган.

“Хан Ногой калмак Жакыпты, Жактырып абдан калыптыр” [Китептин 9-бетинде].

Бул текст боюнча кыргыздын нагыз теги жоголот”, - деп жазган маалыматы 2012-жылы жарыяланган китептин негизинде сөз кылынууда.

Бул маалымат 2004-, 2012-жылы жарыяланган китептерде бар.

Бирок Жүсүп Мамайдын 1984-жылы араб кыргыз жазмасында чыккан түп нускасында жогорудагы биринчи сабындагы “калмак” деген сөздүн ордуна “минтип” деген сөз менен берилип жарыяланган.

Сөзүбүз куру болуп калбас үчүн мисал келтирүү менен далилдеп берели.

Маселен, 1984-жылы Жүсүп Мамайдын “Манас”эпосунун биринчи тому Асанбай Матилинин иреттөөсүндө араб жазуусунда кыргыз тилинде “Шинжаң эл басмасы” тарабынан жарыяланган.[4.] Аталган китеп менен Орозбүбү Сатиш кызы таанышып, ушул китептин негизинде араб арибинен кирилл тамгасына 1995-жылы көчүргөн.

Бул китеп, негизинен түп нускадагы мазмунду, ал түгүл орфографиялык, пунктуациялык белгилерди толук сактоо менен жогорку деңгээлде кирил кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган китеп деп айтууга толук негиздер бар.

Буга китептеги маалыматтар далил.

Мисалы: 1995-жылдагы китепте:

Хан Ногой минтип Жакыпты, Кастарлады, жактырды, -деп которулса, [3.31-б.]

2004-, 2012-жылдагы китептерде:

Хан Ногой калмак Жакыпты,

Жактырып өтө калыптыр, - деп оодарылган.[5.31-б.]

Жылдыз Орозобекованын макаласында:

“Хан Ногой калмак Жакыпты, Жактырып абдан калыптыр” [2-б.], –– делет.

Бул мисал катары келтирилген саптарды астейдил окуп көрсөк, 1995-жылы Орозбүбү Сатиш кызы тарабынан кирил кыргыз жазууна көчүрүлгөн китептин биринчи сабында:

“Хан Ногой минтип Жакыпты”, - деп берилсе,

2004-, 2012-жылдары кирил кыргыз алфавитинде жарыяланган китептерде: “Хан Ногой калмак Жакыпты”, - деп көчүрүлгөн.

Демек, 1995-жылдагы китептеги биринчи сабындагы вариантта “минтип”деген сөз менен берилсе, 2004-, 2012-жылдагы китептердеги вариантта “минтип” деген сөздүн ордуна “калмак” деген сөздү алмаштырылып беришкенин байкадык.

Мына ушул “калмак” деген сөздүн жазылышы менен Жылдыз Орозобекованын жазганында: “Бул текст боюнча кыргыздын нагыз теги жоголот” же “калмактанган” деп айтылгандай, улуттук идеологиянын түпкүлүгүнө шек келтире турган деп түкшүмөлдөнгөн калпыс пикир жаралууда.

Демек, 1995-, 2004-, 2012-жылдары кирил кыргыз жазуусу аркылуу транслитерациялаган китептердин ортосунда жогорудагыдай айырмачылыктар жаралып жаткандан кийин, анда манастаануучу Жылдыз Орозобекованын негиздеген маалыматы дагы тактоону талап кылат.

Анткени, жогорудагы экинчи саптагы “өтө” деген сөз, Жылдыз Орозобекованын келтирилген мисалында “абдан” деген сөз менен алмаштырылып жазылган.

Негизинен, 2004-, 2012-жылы жарыяланган китептерди түп нускадан (б.а. араб кыргыз графикасында Ж.Мамай өзү текшерген алгачкы варианттан) кирил кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган деп айтууга болбойт.

Китептеги эпостун башка саптарын дагы салыштырмалуу карап көрсөк, айрым саптарын кыскартып, айрымдарын алмаштырып, атүгүл кээ бир сөздөрү туура эмес көчүрүлгөнүн байкоого болот.

Маселен, эпостун 1984-жылкы түп нускасында төмөндөгүдөй темачалар берилген. “Жомок башы”, “Кыргыздардын таралышы”, “Алоокенин кыргыздарды чабышы”, “Кардыгачтын туулушу, Жакыптын Магдымды алышы”, “Манастын төрөлүшү”.

Ал эми 2004-, 2012-жылдагы китептерде “Жомок башы”, “Кыргыздардын таралышы”, “Манастын төрөлүшү” деген темачалар менен берилип, ал эми “Алоокенин кыргыздарды чабышы”, “Кардыгачтын туулушу, Жакыптын Магдымды алышы” аттуу темачалар “Манастын төрөлүшү” аттуу темачага сыйдырылып киргизилип кеткен.

Ушундай чаташуулар арбын жана дагы эле уланып эле келе жатат.

Жогорудагы макаланы улай манастаануучу Жылдыз Орозобекованын 2019-жылы 8-июлда “Фейсбук” баракчасына “Манастагы” көкөй кескен көйгөй, же кыргызды калмактан тараткан Мамай” аттуу жарыялаган макаласы да туш болгон.[6.]

Манастаануучу Жылдыз Орозобекова жарыялап жаткандан кийин көпчүлүк окурмандар аны колдоого алышып, жактоо иретинде Ж.Мамайдын мурасына каршы ар кыл ой-пикирлерин билдирип жазышты.

Жылдыз Орозобекованын келтирилген маалыматтары, чындыгында, 2004-, 2012-жылдары кирил кыргыз тамгасында берилген китептерде толугу менен бар.[5.4-б.]

Чынында эле ушундайбы, Жүсүп Мамай Жакыпты "калмак" деп жазганбы? - деген суроо баарыбызды ойго салды.

Чындыгында, 2004-, 2012-жылдары кирил кыргыз тамгасында берилген китептер айрым манастаануучуларды Ж.Мамайдын варианты “калмактанган” деген идеологияга жетелеп бараткандай пикирлер калтырышы ажеп эмес.

Манастаануучу Ж.Орозобекова өз макаласын 2004-жылдагы китептеги саптарды мисал келтирүү менен сөзүн баштайт.

2004-жылкы китепте:

Энесай элин башкарган, Кал Мамай деген кан болгон. Хан болгондо Мамайга,

"Кал" деген ат жоюлуп, Хан Мамай деп ат койгон. Хан Мамай өзү эр экен, Айткан кеби эм экен. [5.4-б.]

Ар кайдан келип олтуруп, Эли кетти көбөйүп, Кырк уруу болуп бөлүнүп, "Кырк уруулуу элим деп", Хан Мамай ага ат койду.

Кырк уруу кырк жүз болду, Кырк уруулуу кырк жүзгө,

"Кыргыз" деп Мамай ат койду,(4-бет. 2004. Шинжан басмасы)

Ушунтип жүрүп олтуруп ногой, нойгут кыпчагы калмак уруктуу болуп, баарысы кан Мамайдан тараганы баяндалат. Ушул эле эмгектин 3-9-беттерин караңыздар, –– деп жазган Жылдыз Орозобекованын маалыматы да тактыкты талап кылат.[6.]

Мисалы, мен Фу-йү кыргыздарын көрдүм. 1800 киши экен. Ошолордун өкүлдөрүн көрдүм. Азыр Манас деп, “Бизди Манас тирилтти, Манас жандандырды” деп, “Биз “кыргыз” деген сөздү билчү элек, “айран” деген эле сөздү билчү элек, азыр биз жанданып кеттик. Биз кыргызбыз!” - деп ушу 1800 киши... Ичинен чыккан патриоттор бар экен. “Манас” музейин түзүп коюптур.

Бул саптар 1984-жылы Үрүмчү шаарында “Шинжаң эл басмасы” тарабынан араб жазуусунда кыргыз тилинде жарыяланган Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосунун 1-томунун негизинде Орозбүбү Сатиш кызы тарабынан 1995-жылы кирил кыргыз жазмасында көчүрүлүп жарыяланган китепте такыр башкача нукта сунушталган.

Мисалы:

Эне-Сай элин башкарган, Калмамай деген кан болгон.

Хан болгондо Мамайга, "Кал" деген лакап жоюлуп,

Хан Мамай деп ат койгон.

Хан Мамай өзү эр экен,

Айткан кеби эм экен.

Эли кетти көбөйүп, Ар кайдан келип олтуруп, Кырк уруу болуп бөлүндү,

Хан Мамай кырк жыл хан болду.

Кырк уруу кырк жүз эл болду, Кырк уруулуу кырк жүзгө, "Кыргыз"деген ат койду. [3.22-23-беттер.]

Аталган мисалдарды кылдат салыштырып окусаңыздар, эки китептин (1995, 2004) ортосунда айырмачылыктар дагы кездешет.

Маселен, Жылдыз Орозобекованын келтирилген мисалдары 2004-жылдагы кирил кыргызчасына жарыяланган китептен алынган. Жогорудагы Жылдыз Орозобекованын келтирген мисалы "Кал" деген ат жоюлуп”, - деген сабы 1995-жылдагы китепте “Кал" деген лакап жоюлуп” деп, тагыраак айтканда, 2004-жылдагы китепте “ат” деген сөздүн ордуна 1995-жылдагы китепте “лакап” деген сөз менен кыргыз тамгасына көчүрүлсө, о.э. 2004-жылы көчүрүлгөн акыркы саптары:

“Кырк уруу болуп бөлүнүп,

Кырк уруулуу элим деп,

Хан Мамай ага ат койду", - деп берилсе,

1995-жылдагы китепте:

“Кырк уруу болуп бөлүндү,

Хан Мамай кырк жыл хан болду”, - деп кирил кыргыз тамгасы аркылуу берилген.

Салыштырып көрсөңүздөр, 2004-жылдагы китепте кырк уруулуу элине хан Мамай эл катары “ат койсо”, 1995-жылдагы китепте кырк уруу болуп бөлүнгөн элге, хан Мамай "кырк жыл хан болду" деген мааниде (б.а. элге эч ат койбостон) сүрөттөлөт. Кайсы китепке ишенүүгө болот?

Эки китептеги айтылган маалыматтар ар башка маани берет. Кайсы китеп чыныгы түп нускадан көчүрүлдү? деген суроо пайда болууда.

Профессорлор Жылдыз Орозобекова, Лаң Йиң жана Сулайман Кайыпов. Үрүмчү. 24.10.2015.
Профессорлор Жылдыз Орозобекова, Лаң Йиң жана Сулайман Кайыпов. Үрүмчү. 24.10.2015.

Андан-ары дагы салыштырсак, айрым саптардын орундары алмаштырылып берилген. Жүсүп Мамайдын сүрөттөөсүндө “Кыргыздардын таралышы” тууралуу санжыраны ар бир манасчы билгенине жараша сүрөттөгөн. Жүсүп Мамай Калмамайдын башкаруусун кошуп айтканы менен акыры Орозду менен Жакыпты тууган катары сүрөттөп берген. Ал эми Сагынбай Орозбак уулунун вариантында Жакып менен Орозду бир туугандар катары сүрөттөлгөнүн окурмандар дурус билет го.

Экинчиден, манастаануучу Жылдыз Орозобекованын кетирилген мисалындагы акыркы саптарын дагы тактоону талап кылат.

Жүсүп Мамайдын 1984-жылы араб кыргыз жазуусунда (б.а. кыргыз тилиндеги түп нускасында), жана аталган түп нусканын негизинде көчүрүлгөн Орозбүбү Сатиш кызы тарабынан кирил кыргыз жазмасында жарыялаган китепте:

Кырк уруу кырк жүз эл болду, Кырк уруулуу кырк жүзгө, "Кыргыз" деген ат койду, - деп азыркы кыргыз тамгасында туура транслитерацияланган.

Ал эми манастаануучу Жылдыз Орозобекованын таянган 2004-жылы жарыяланган китептен алынган мисалда “Мамай” деген ат кошулуу менен "Кыргыз" деп Мамай ат койду”, - деп берилген.[5.]

Бул дагы тактоону талап кылат. Себеби, түп нускадан кирил кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган 1995-жылдагы китепте “Мамай” деген өз элине эч ат бербейт, ал эми 2004-, 2012-жылдардагы китептерде “Мамай” деген кыргызга ат берди деген маани кошулуп, айырмачылыкты жаратып жатпайбы?

Деги, кайсы жылы кирил кыргыз тамгасына көчүрүлгөн, же кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган китепке (китептерге) ишенүүгө болот?

Демек, Жүсүп Мамайдын 2004-, 2012-жылдардагы Үрүмчүдө жаңыдан редакцияланган китептерин жогорудагыдай саясий пикирлердин жаралышына шарт түзбөй, кайрадан жаңылап жана текшерип, азыркы кирил кыргыз тамгасына кайрадан көчүрүп чыгуу керек.

Ошону менен катар Ж.Орозобекованын:

Дагы бир цитата.

Анда Алооке деген бар экен, Кара кытай, калмакты, Бийлеп турган кан экен. Алооке ээлеп турган жер, Нарын деген шаар экен” [Китептин 7-бетинде]

Кыргыздын бир да жери кыргызга таандык эмес болуп, моңгол менен калмакка аралашып кетет экен”, [2.] –– деген оюна кайрылалык.

Ооба, бул маалымат да 2004-, 2012-жылдары жарыяланган китептерде бар.

Бирок Жүсүп Мамайдын 1984-жылы араб жазуусунда кыргыз тилинде жарыяланган түп нускасында жогорудагы саптар мындай деп берилген.

“Анда Алооке деген бар экен, Кара кытай, калмакты, Бийлеп турган кан экен. Алооке басып турган жер, Нарын деген шаар экен” [ 4.28-б.]

Мына, эки китептеги берилген айырмалуу саптар.

Бир окуган окурманга “чын эле Нарын шаарын Алооке ээлеген жер беле? Деги кыргыздардын жеринин көбү монгол менен калмакка таандыкпы?” - деген суроо туулушу ыктымал.

Бирок эпостогу кирил кыргыз тамгасында көчүрүлгөн саптарды салыштырып көрсөк, 2004-, 2012-жылдары жарыяланган китептерде “Алооке ээлеп турган жер”, - деп берилсе, ал эми 1995-жылдагы китепте “Алооке басып турган жер”, - деп, б.а. биринде “ээлеп” десе, биринде “басып” деп жазылган.

Кайсы басылыштагы китепке ишенебиз? Албетте, 1984-жылы (катаал цензурадан өтө элек) түп нускадагы “Алооке басып турган жер”, - деп берилгени, Нарын шаары кыргыздарга таандык болуп турган учурда, калмактар же монголдор басканда Алооке убактылуу гана басып алган деген түшүнүк көбүрөөк тарыхка жакын келет.

Бул жерде эч кандай “калмактанган” багытты көздөгөн маалыматтар жок. Болгону азыркы кирил кыргыз жазмасына көчүрүлгөн китептердеги айрым кошулган саптар, же окуялардын өнүгүшүн башка нукка бурган маалыматтар 2004-жылы 86 жашка келип калган ардагер манасчы карыянын өзү тарабынан эмес, Үрүмчүдөгү редакциялык коллегия тарабынан киргизилген деп айтууга болот.

Манасчы Жүсүп Мамайдын вариантынын түп нускаларын толук билбей туруп, “манасчы “калмактанган” сюжетти жаратты” деп курулай айып тагып айтуунун өзү дагы, демек, заманбап текстологиялык тактоо аркылуу жеңил эле четке кагылат.

Айтмакчы, Т.Кененсариев, Т.Чоротегин сыяктуу тарыхчылардын дагы бир ономастикалык пикирлерин кошумчалай кетсек, “Нарын”, “Нарын-калаа”, “Нарын-Кол” сыяктуу топонимдер Борбордук жана Ички Азиянын бир катар башка аймактарында да учурайт. “Чүй” топоними Жети-Сууда да, Алтайда да кезигет. Кыргызстанда "Кемин" суу аталышы бар, Энесайдын жогорку агымын илгертеден "Кем" деп аташкан. Демек, “Нарын” деген эпостук топоним да кеңири мейкиндиктеги жер-суу аталышына таандык болушу деле ыктымал.

Туура жана так пикир жаратууда сөзсүз китептин түп нускасын окуп чыгуу менен жыйынтыктуу пикир айтуу керек. Мындай чаташуулар же сабаты азыраак кесипкөйлөрдүн кесепети Кыргызстанда арбын.

«Манас» Бишкекте кытайча жаңырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:05 0:00

Мына ушундай чаташуулар дагы уланбасын үчүн төмөндөгүдөй сунуштарды айттар элем.

1. Кыргыз Республикасындагы “Манас” жана Ч.Айтматов улуттук академиясы Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосун жана анын бөлүмдөрүнүнүн 18 томунун түп нускасын Кытайдан алдырып, кайрадан араб кыргыз графикасынан кыргыз кирил жазуусуна сапаттуу транслитерациялап жарыялоосу керек, антпесе манасчынын жараткан варианты тууралуу жогорудагыдай кайчы пикирлер улана берет. Араб кыргыз графикасын мыкты билген адистерди бул ишке тартуу керек.

2. 2004-, 2012-жылдары араб кыргыз графикасынан кирил кыргыз жазуусуна өткөрүп берилген транслитерациядагы китептерге кайра түзөтүүлөрдү жана оңдоолорду талап кылуубуз керек. Себеби, аталган китептердеги каталар манасчынын абройуна, эмгегине, кылымдык тарыхына шек келтире турган саясий өңүттөгү терс маалыматтар аралаш жарыяланып калган.

3. Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосун жана анын бөлүмдөрүнүн ар бирөөнү өз-өзүнчө кылып араб кыргыз графикасынан кирил кыргыз тамгасына сапаттуу көчүрүп, ар бир бөлүмүн китеп түрүндө жарыялоо керек.

...эпосто (Ж.Мамайдын вариантында да) кыргыздар жана хан Манас ар дайым эгемен мамлекеттин ээси катары сыпатталаарын эң башкы ой катары эске алышыбыз керек.

Бөлүмдөрдүн бардыгын бириктирип бир чоң китеп чыгарууда, көтөрүүдө өтө оор жана окууга да ыңгайсыз экендигин студенттер, окурмандар, манастаануучулар, окурмандар баамдап калышты.

4. Манастаануучу Кеңеш Кырбашев 1995-жылы Ж.Мамайдын айтуусундагы “Семетей” эпосунун 1–3-томдорун араб кыргыз графикасынан кирил кыргыз жазуусу аркылуу транслитерациялаган жана бул китептер Кыргызстанда жарыяланган. Бул китептер түп нусканын негизинде алынган. Ушул кирил кыргыз жазуусуна транслитерацияланган китепти кайрадан дагы басмадан чыгаруу жана интернетте ачык жарыялоо керек. Бул китеп менен салыштырмалуу карасак да, 2004-, 2012-жылдары жарыяланган манасчынын “Семетей” эпосунун ортосунда айырмачылыктар кездешет. Бул тууралу өз учурунда макала да жазылган.[7.111-бет.]

5. Орозбүбү Сатиш кызы “Манас” эпосунун 1-томун 1995-жылы араб кыргыз графикасынан кирил кыргыз тамгасына көчүргөн. Бул китептин транскрипциясынын авторунун зор салымын бул басылманын кийинки жарыяланышында сөзсүз атап кетүү керек, себеби аталган ыктыярдуу изилдөөчү Жүсүп Мамайдын көзү тирүү кезинде анын айтуусундагы “Манас” эпосунун түп нускаларын окуп, манасчы менен биргеликте оңдоп чыккан деген маалыматтар бар.

Назгүл Турдубаева КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылындагы Жусуп Мамайдын музейинде маркум манасчынын момдон жасалган айкелинин жанында. 30.7.2015.
Назгүл Турдубаева КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылындагы Жусуп Мамайдын музейинде маркум манасчынын момдон жасалган айкелинин жанында. 30.7.2015.

Колдонулган адабият:

1. Ракимбек уулу Мирзат. “Манас” эпосунун Жүсүп Мамайдын вариантынын кыргыз алфавитине оодарылышы // Sosyal Bilimler Dergisi. Sayi:21. 2009. –– 109-бет.

2. Орозобекова Жылдыз. Манастын тузу оор // kyrgyztoday.kg, 2019, 6-июнь.

3. Манас. 1-бөлүм. / Айтуучу Жусуп Мамай. Араб жазмасынан көчүргөн: Орозбүбү Сатиш кызы. – Ош, 1995. – 186-бет (кирил кыргыз жазмасында).

4. Манас. 1-бөлүм / Айтуучу Жусуп Мамай. Иреттөөчү: Асанбай Матили. –– Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 1984. (араб кыргыз жазмасында).

5. Кыргыз элинин тарыхый эпосу “Манас” / Айтуучу Жүсүп Мамай. –– Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 2004-ж. (кирил кыргыз жазмасында); Манас / Айтуучу Жүсүп Мамай; Жооптуу редакторлору Абдырай Осмон, Маметкары Абдыкерим, Сабыржан Турганбай; сунушталган редактору Макелек Өмүрбай. – 2-басылыш. - Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 2012. – 1875+6 бет. – Шинжаң Уйгур аптоном райондук эл ооз адабийет – көркөм өнөрчүлөр коому. – ISBN 978-7-228-08932-1.

6. Орозобекова Жылдыз. “Манастагы” көкөй кескен көйгөй, же кыргызды калмактан тараткан Манас // Фейсбук. –– 8-июнь, 2019.

7. Турдубаева Назгүл. Кытайдагы кыргыздардын “Семетей” эпосу // БГУнун жарчысы. –– Бишкек. –– 2008, №2 (11). –– 111-114-беттер.

Дагы караңыз:

Жусуп Мамай (1918-2014): Дастанда калган өмүр: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасы тууралуу илимий баяндамалардын ж-а макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б.; “Мурас” фонду. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. - 232+iv б., сүрөт. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү.]. - ISBN – 978-9967-12-486-8.

Жусуп Мамай: Заманыбыздын залкар манасчысы: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын жана макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2014. – 272 + xii б., сүрөт. - “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү.]. - ISBN - 978-9967-12-394-6.

Кырбашев, Кеңеш. Жусуп Мамайдын “Семетейи” жөнүндө сөз. –– Интернет: https://new.bizdin.kg/kniga/zhusup-mamaydyn-semeteyi-zhonundo-soz

Субакожоева, Чолпон. Кытай кыргыздарындагы «Манас» эпосунун сакталуу жана өнүгүү тарыхы (Кызыл-Суу кыргыздарынын мисалында) / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Оптима Текноложис, 2015. – 216 б. – ISBN 978-9967-04-633-7.

Чоротегин Т.К. Краткий курс по изучению арабской графики современных кыргызов КНР: (Учебное пособие для студентов-историков) / Отв. ред. проф. Т.Н.Омурбеков. - Бишкек: Кыргыз. нац. университет, 2002. - ISBN 9967-403-49-7.

Ысак кызы, Токтобүбү; Жуматурду уулу, Адыл. Залкар манасчы Жүсүп Мамай / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Акматалиев, ж.б.; илимий ред. Г.Абдалиева. - Бишкек, 2014. – 328 б. – “Мурас” фонду; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсы. - ISBN 978-9967-12-401-1.

Назгүл Турдубаева,

КУУнун профессору, Бишкек.

(Редактордон: бул макалада залкар манасчынын ысымынын кытайлык кыргыздар азыркы тапта колдонуп жүргөн "Жүсүп" түрү колдонулган).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG