Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

Төбөлдөн күтүлчү сөз: “Сыныңа чыдайын, замандаш!”


Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... “Азаттык үналгысы". Кимбайке. TKy. 02.4.2011.
Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... “Азаттык үналгысы". Кимбайке. TKy. 02.4.2011.

Сөз эркиндиги үчүн күрөштү биринчи кезекте ыңкылапчылар аздектеши керек. Ал эми азыркы бийликтегилер – негизинен 2010-жылдын ыңкылапчыларынан турат эмеспи.

Элдик ыңкылап жана эркин журналисттер

2010-жылдын 7-апрелиндеги Кыргызстандагы элдик ыңкылаптан соң мурдагы режимдер маалындагы басма сөз эркиндигине каршы саясат түп-тамырынан өзгөрө баштагандыгы кыргызстандык атуулдарды кыйла кубанткан.

Маселен, 2014-жылдын 27-октябрында Кыргызстандын президентинин жардыгына ылайык белгилүү журналист жана публицист Сыргак Абдылдаев өзүнүн кызматтык жана атуулдук парызын аркалоодогу каармандыгы үчүн “Даңк” медалы менен сыйланганын, башкаларды билбейм, мен өзүм шаттана кабыл алдым.

Ошол күнү, Сыргак Абдылдаевге сыйлык тапшыруу аземи маалында, президент А.Атамбаев өлкөнүн демократиялык жол менен өнүгүшүндөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өзгөчө ролуна токтолуп, мамлекет мындан ары дагы Кыргызстанда сөз эркиндигин жана журналистиканы өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзөөрүн белгилеген. “Журналисттин эрдиги чындык, адилеттик жана сөз эркиндиги үчүн күрөштө көрүнөт. Журналисттин иши өлкөнүн кызыкчылыгына багытталыш керек”, - деген Алмазбек Атамбаев.

2009-жылы мартта эркин журналист Сыргакка бакиевчилердин режиминин желдеттери капысынан кол салышып, жыйырмадан ашуун жерине бычак сайышып, ур-токмокко алган. Каарман журналист аз гана жерден өмүрүнөн айрылбай калган. Акыры ал алыскы демократиялуу швед өлкөсүндө саясий башпаана табууга аргасыз болгон.

Президент А.Атамбаевдин КТРКга 2013-жылдын 11-мартында берген маегинде мындай деп айтканы бар:

“Кээ бир эле нерселерди салыштырып көрсөк. Эл көп нерсени бат эле унутуп коёт. Адам ушундай жаралган, көп нерсени бат эле унутуп коёт, ошон үчүн мүмкүн жашайт. Мен ошон үчүн кээ бир нерселерди силерге эскертким келет. Мына журналисттерди алсак, ошол өткөн режимдин акыркы жылдарында өлтүрүлгөн журналисттер: Алишер Саипов, Геннадий Павлюк, сабатылган Сыргак Абдылдаев, Турат Бектенов. Сыргак Абдылдаевге билесиңер, 21 жолу бычак менен урушкан. Качып кеткен журналисттерди өзүң деле билесиң: Чолпон Орозобекова, Бермет Букашевалар болуп, канча саясатчылар кеткен...”

Дал ушул тарыхый сабакты Президент менен иштешкен ири жетекчи инсандар, ар кыл кызматтарды аркалап жаткан түрдүү деңгээлдеги жетекчилер жана чоң кызматты саал мурдараак аркалап келген мурдагы төбөлдөр да улам эстей жүрүшсө болоор эле.

Албетте, дурус өрнөк бар

Бир ирет айрым эркин журналисттер менен чогуу 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков менен анын кабинетинде жолугушуп калдым.

Баарлашуунун соңунда эмне каалоо-тилектерибиз бардыгын сурап калганында, Асилбек мырзага мындайча агалык кеңешти айттым: “Сизди эч айоосуз сынга алып жатышат, алардын арасында бир беткей сындагандар, жеке инсандык кадыр-баркыңызге тийиштик кылып асылгандар да бар. Мүмкүн болсо, азыркы өткөөл доорубузда андай калемгерлерди эч качан сотко бербесеңиз, сабырдуулук кылсаңыз. Эгерде Сиз сотко кайрылчу болсоңуз, мындай аракетиңизди жумуриятыбыздагы эптеп каз-каз туруп келе жаткан сөз эркиндигине каршы айрым күчтөр пайдаланып кетиши деле ыктымал”, - дедим.

Парламент спикери бул пикиримди туура кабыл алаарын айтканы эсте. Башка расмий жетекчилерден да бүгүн жана болочокто ошондой айкөл жана прогрессивдүү кадамды күтөөр элек.

Волтердин рухун аңдаган Холл айым

Сөз эркиндигинин салтанаты үчүн айкөлдүк кылуу көрүнүштөрү адамзат тарыхында мурдатан эле катталган эмеспи.

Айтылуу француз ойчулу Волтерге (François Marie Arouet; Voltaire; 1694-1778) таандык делген бир сөз бар. Уламышка караганда, 1770-жылкы бир катында Волтер мырза мындай деп жазган имиш:

“Аббат мырза, сиздин жазган сөзүңүзгө тим эле куйкам курушуп турат, бирок сиздин мындан ары деле жаза берүүгө мүмкүнчүлүк алышыңыз үчүн мен жанымды курман кылууга даярмын”.

Айрым изилдөөчүлөрдүн пикиринде, бул учкул сөздү Волтер эмес, анын өмүр таржымакалын изилдеген англис жазуучу айымы Эвелин Холл (Evelyn Beatrice Hall, адабий ысымы S.G. Tallentyre; 1868-1935) өзүнүн “Волтердин достору” аттуу 1906-жылы жарык көргөн китебинде жазган:

“Мен эмне деп айтып жатканыңызга таптакыр каршымын, бирок сиздин бул оюңузду айтууга болгон укугуңузду өз жанымды курман кылганга чейин коргомокчумун”. (“I disapprove of what you say, but I will defend to the death your right to say it”.)

Дегиңкиси, Волтер өзү ушинтип айткан-айтпагандыгы азыр жазма дарек аркылуу тастыктала элек, бирок анын ой мурасынын руху Волтер мырза ушундайча сөз айтууга кудуреттүү инсан болгонун айгинелейт.

Башкы көйгөй – азыркы муундагы кишилердин дал ушул айкөл рухту туура өздөштүрүшүндө.

Тил кесүүгө жол жок

Албетте, диктатура орноткусу келген же авторитардык бийликти чыңдагысы келген төбөлдөр ар дайым өздөрүнө ылайык сөздөр үчүн гана эркиндик жаратууну көздөшкөн.

Маркум айдыңыбыз Чыңгыз Айтматов (1928-2008) менен жашташ америкалык ойчул, профессор Аврам Ноам Хомский (Чомски; Avram Noam Chomsky; 1928-жылы 7-декабрда туулган) өзүнүн “Ынтымакты өндүрүү” аттуу эмгегинде мындай деп жазган: “Геббелс өзү жактырган көз караштар үчүн сөз эркиндигин колдоого алган. Сталин деле ушинткен. Эгерде сиз сөз эркиндигин колдочу болсоңуз, анда сиз өзүңүз түздөн-түз жек көргөн көз караштар үчүн дагы сөз эркиндигин колдойсуз”.

Кайчы пикирге, ар кандай ачуу сындарга сабырдуу мамиле кылуу чакырыгы ар бир элдин коомдук тажрыйбасында бар.

Кыргыздын көөнө элдик макалында деле “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деп айтылган. Анын түпкү мааниси – кас душмандык көз карашты айтса да, өз оюн билдирген кишини эч жазалоого болбостугу тууралуу кеменгер ой менен байланыштуу.

Саясий эрк жана моралдык утуш

Учурда орун алып жаткан журналисттер Дайырбек Орунбеков, Уран Ботобеков мырзалар жана “Вечерний Бишкек” басылмасы менен байланыштуу сот жүрүмдөрү бийлик өкүлдөрүнүн жана жакынкы убакытка чейин жогорку кызмат тепкичинде болгон инсандын доолору боюнча улантылууда.

Сот бийлиги толук реформаланып бүтө элек жагдайда калайыкта “таш менен кушту урсаң да куш өлөт, куш менен ташты урсаң да куш өлөт” деген макалдагыдай пикир жаралып, баары бир азыркы сот Ак үй тымызын ишаара кылган багытта чечим чыгарат ко деген санааркоолорду жаратууда.

2010-жылкы элдик ыңкылаптын рухун жана илебин сыйлоо менен бийлик өкүлдөрү бул сот жүрүмдөрүн өздөрүнүн саясий эркин таасын көрсөтүү аркылуу ар бир мүнөттө токтото алаары да шексиз.

Бийликтеги замандаштарды журналисттерге каршы доолор жаатындагы сот жүрүмдөрүн чукул арада бир тараптуу токтотууга чакыраар элем (мында мен ар кандай чарбалык доолор тууралуу сөз кылган жокмун). Эгерде тигил же бул инсанга карата бир беткей, жалган жана жалаа түрүндөгү сын айтчулар болсо, Кыргызстанда эл өзү басма сөздөгү кеңири айкындуулук шартында мындай сынчыларга моралдык баа бере алат.

Ал эми миллиондогон сомго тигил же бул тарапты доого жыгууга аракет кылган төбөл, иш жүзүндө, элдик ыңкылаптын рухуна каршы иштеп жатканын аңдашы ылаазым. Себеби миллиондогон сомдук каржылык жаза аркылуу тигил же бул басылманы (бир кезде акаевчилер Мелис Эшимкановдун жана Замира Сыдыкованын гезиттерин жана бакиевчилер Чолпон Орозобекованын “Де факто” гезитин ойрон кылгысы келген учурлардын сыңарындай) каржылык жактан ойрон кылуу амалы ишке ашырылып жатканын саясаттан сырткаркы карапайым киши деле дурус түшүнөт.

Атаганат, расмий төбөлдөр саясий эркти көрсөтүп, тигил же бул басылманы же калемгерди БИР ТЫЙЫНДЫК ЭЛЕ каржылык жазага жыгууга умтулса, эң жакшысы, алар парламентибиздин спикери сыяктуу эле сабырдуулук кылып, калайыкка өз чындыгын жалпы иш-аракети менен тастыктоого далаалат кылса, анда Кыргызстандагы соңку ыңкылаптан кийин парламенттик демократияга багыт ала баштаган жалпы коомдун өзү утушка ээ болоор эле. Бул үчүн, албетте, доочулардын саясий эрки талап кылынат.

Мындай саясий эркти көрсөтүү үчүн себептер жана удулдар деле арбын экени шексиз. Маселен, ыйык орозо айт майрамынын урматына, мамлекеттик көз карандысыздыктын 24 жылдыгынын же башка бир олуттуу мааракенин урматына ушундай кайрымдуулукка бардым; өзүм ак экендигиме толук ишенүү менен бирге, сөз эркиндигине кыйыр болсо да залал келтирбөө максатында доо арызымды соттон кайтарып алаарымды жарыялайм, ж.у.с. билдирүүлөрдү калайык алдында жарыялоого неге болбосун?

Парламенттик шайлоо өнөктүгүнүн ирегесинде ушул сыяктуу кечиримдүүлүктү айгинелеткен саясий кадамдар жасалса, сөз эркиндигин чыңдаган мындай чаралар элдик ыңкылаптан кийин бийликке келген күчтөрдүн калайык алдындагы абройун гана көтөрмөк. Азыр да көптөгөн жакшы иштерге, саамалыктарга, коомдук ынтымакты камсыз кылган ишаараларга, демократиялык нукту чыңдаган чечкиндүү иш-аракеттерге эч кандай кеч эмес.

XS
SM
MD
LG