Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

МЕЛИС ЭШИМКАНОВ: «АЗЫР БИЗДИН “КЫРГЫЗСТАН” ДЕГЕН КАЙЫГЫБЫЗДЫ КӨҢТӨРҮП ИЙЧҮ КҮЧТӨР ЖЕТИШТҮҮ»


28-январда “Эл” партиясынын жетекчиси, “Агым” гезитинин уюштуруучусу Мелис Эшимканов “Аалам” гезити менен укук коргоочу Турсунбек Акунду кечирип, соттук доосунан баш тартканын билдирди. Бишкек шаардык соту 19-январда “Адамдык беделин түшүргөндүгү үчүн Мелис Эшимкановго “Аалам” гезити 500 миң сом, укук коргоочу Турсунбек Акун 50 миң сом айыппул төлөсүн” деген чечим чыгарган. Мындай кадамын “Эл” партиясынын жетекчиси “Азаттык” радиосуна куруп берген маегинде эркин басылманын жабылып калышын каалабастыгы менен түшүндүрдү.

- Мелис мырза, «Аалам» гезити менен талашыңызга, кыязы, соңку чекит коюлду окшойт. Мына ушунун жөн-жайына токтоло кетсеңиз?


- “Аалам” гезитине былтыр июнь айында чыккан Турсунбек Акундун макаласы чындап эле менин адамдык ариетиме шек келтирген деп эсептейм. Калп сөздөр да көп кеткен. Тилекке каршы, менин элдешүү, чындыкка жетүү, кечирим суроо тууралуу аракетимден жыйынтык чыкпагандан кийин сотко берүүгө аргасыз болгом. Сотко бергенде эле дароо басма сөздө да, мындай да айткам: “мага гезиттин жана Турсунбек Акуновдун акчасы керек эмес” деп. Ошондо эле Турсунбек мага “Акүй менен сүйлөшүп алды, сатылып кетти” деген арзыбаган, суу кечпеген кинелерди коюп келди. Ошол күнөөлөрдү мына бүгүн Кудайдын куттуy күнүндө жокко чыгардым деп эсептейм. Ал эми “Аалам” гезитинин позициясын жакшы көрөмбү, жаман көрөмбү, бирок да аны Ч. Абыкеевдин жанбоор баласындай сезем. Анткени өзүм да “Асаба” жабылганда ичимен кан өтүп жаман кыйналгам. Менин бүгүнкү жоругум айрым аткаминерлерге жакпастыр, “бул кандай, орто жолдон айнып кеткени” деши ыктымал. Мисалы, Н.Танаев деле, Т.Усубалиев деле, башка чиновниктер деле аягына чейин барып, журналисттерди жүдөтүп атышпайбы. Пресс-конференция өткөрдүм. Ал жерде Ч.Абыкеев кечирим сурады, эртең да аны гезитинде кайталайм дейт. Турсунбек Акун менен тил табышып, чыга бергиле деп бүгүн атайын Свeрдлов райондук сотунан өзүмдүн арыз-доомду алып, акчасын кечкенимди ырасмий жарыяладым. Мыйзам боюнча шаардык соттун чечими чыккандан 10 күндөн кийин күчүнө кирип эртең “Ааламдын” эсеп-чоту жабылып, гезит чыкпай калмак. Ошон үчүн мен ага жеткизгим келген жок. Бул аркылуу Кыргызстандагы журналисттерге, саясатчыларга үлгү көрсөткүм келди.

- Мелис мырза, сиздин “Аалам” гезити менен чатагыңыздын артында кызыкдар күчтөр, бийлик турат деген пикирлер айтылды. Жана да Элдик конгресске катышууңуз көпчүлүк үчүн түшүнүксүзүрөөк болду. Кийинки кездерде оппозицияга карата сын-пикирлериңизди айтып келаттыңыз эле. Мына ушунун жөн-жайын чечмелей кетсеңиз. Бул эмнеден улам болду?

- Жөнжайы жөнөкөй эле. Өздөрүн радикал солчул деген оппозиция былтыркы Аксыдан бери, курултайдан бери күнөөлөп келатпайбы мени “сатылып кетти” деп. Мен сатылганым жок, эч жакка барганым жок. Мен конструктивдүү, сабырдуу, ортодогу оппозиция менен кызматташып келдим. Мен “Атамекен”, “Арнамыс”, “Эл”, “Социал-демократтар” партияларын бейкуттукту сактаган, ары-бери чарпылбаган салмактуу оппозиция деп эсептейм. Мен Элдик конгресстен эч качан чыккан эмесмин. Мен дайыма жыйындарына, иш-чараларына катышып келгем. Анан өткөн жумада алар мени Координациялык кеңешине чакырышып, “кийинки президенттик шайлоодо Феликс Шаршенбаевичтин иши кыйыныраак болуп калса Алмаз Атамбаевди көрсөтөлү” дешкенде мен ага макулдугумду бердим. Анан бул жерде эң негизгиси – президент А.Акаевдин кийинки шайлоого барбастыгын колдой турганыбызды, эгер бара турган болсо ага каршылык көрсөтөрүбүздү билдирген чечимибизге мен өз добушумду бердим. Анын себеби мындай, биз А.Акаевге кандай мамиле кылсак да, оппозициянын ичинен мен бу киши менен жакшы мамиледемин, азыр да сүйлөшүүгө, азыр да кызматташууга даярмын. Бирок мен өзүмүн ордуму оппозициянын катарында көрөм. Сыртынан билбеген адамдар “бу Мелис ойноп атабы, кайра оппозициясы менен жүрүп атабы” деп билбей калышы мүмкүн. Биз радикалдуу, элдешкис, келишпес оппозиция менен бирге боло албайбыз. Башка бардык саясий күчтөр менен кызматташууга даярбыз.

- Эми дагы бир суроо, президент саясий өнөктүктү эмитеден баштагандарды катуу сынга алды. Бул жагынан алганда “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогу менен “Алга, Кыргызстан” партиясынын ишмердиги биртоп бүдөмүк суроолорду жаратат. Сиздин оюңузча, шайлоо даярдыгынын эрте башталып калышы эмнеге алып келиши ыктымал?

- Кыргызда сөз бар “керкисинде да, кемигинде да бар” деген. Негизи “Алга, Кыргызстан” партиясын түптөгөндөр саясий мүдөөлөрүн ишке ашырыш үчүн эртелеп баштап алышты. Менимче, күнөө бийлик тараптан кетти. Экинчиси, алардын деми менен, анын үстүнө Грузия окуясы, бүгүнкү геосаясий кырдаалдан улам бардык саясий күчтөр алдыга озунганга аракет кылып жатышат. Президенттин айтканы бир четинен туура. Экинчи четинен “чабал өрдөк мурда учат” деп коет. Ушул чабал өрдөк болуп калбаса экен бүгүнкү саясий күчтөр.

- “Аалам” гезити менен тынышып алдым деп атасыз. Бирок тыныша албай, доо арызынын артынан түшүп алган күчтөр деле толтура. Анын айынан гезиттер жабылып атат. Жакында журналисттердин укугун, сөз эркиндигин коргоо боюнча жаңы демилге көтөрүлдү.

- Президенттин акыркы демилгесин – Мыйзам чыгаруу жыйынына демилге жөнөтпөдүбү - мунун баарын көпчүлүк депутаттар, өзгөчө оппозициядагы депутаттар, ошол эле А.Мадумаров, Ө.Текебаев, И.Исаков, А.Бекназаровдор колдобой, каршы пикирлерин ачык билдирип атышат. Бул алардын демократияны сыйлабагандыгы. Иш жүзүндө эл, адилеттик деп президенттин демилгесин булар Батыштын алдында жагынуучулук, популизм катары баалап, теңирден тескери басып атканы жакшы жорук эмес да. Мен билген маалымат боюнча, бул мыйзам долбоору өтпөйт. Анткени көпчүлүк депутаттар жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлоп, өзүлөрүнүн сезимдеринин кулу болуп теңирден тескери басып жатышат.

- “Быйыл экономиканы көтөрүп, экономика менен гана алектенүү керек” дегендей чакырыктар айтылууда. Бирок ага болбой эле саясий жандануу байкалууда. Сиздин божомолуңуз кандай?

- Кандай чакырыктар болбосун: “той-топурларды азайталы, саясий шайлоолорго даярдыктарды басаңдаталы, антели-минтели, экономикага отуралы” дегендин баары кургак чакырык. Бирок радикал оппозиция, тышкы кайсы бир күчтөр Кыргызстандагы туруктуулукка шек келтирип коюу коркунучу бар. Мен ойлоп атам, күн жылыгандан баштап бизде саясий кагылыштар, саясий башаламандыктар көбөйөт. Эгер алдын-алуу иштери жүргүзүлбөсө, “тегерек стол” талкуулары уюштурулбаса, ымалага келчү варианттар табылбаса, диалогдор болбосо азыр биздин “Кыргызстан” деген кайыгыбызды көңтөрүп ийчү күчтөр жетиштүү.

XS
SM
MD
LG