Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

Европада миграция кризиси курчуду


Евробиримдиктин аймагына өтүү аракетинде Сербия борбору Белграддын темир жол вокзалына топтолгон мигранттар. 2-август, 2015-жыл.
Евробиримдиктин аймагына өтүү аракетинде Сербия борбору Белграддын темир жол вокзалына топтолгон мигранттар. 2-август, 2015-жыл.

Европада миграция кризиси курчуду. Мыйзамсыз мигранттардын агымынан коргонуу аракетинде Венгрия Сербия менен чек арасында тосмо курууга киришсе, Франциянын Кале шаарынан Британияны көздөй ооп кетүүгө жандалбастаган мигранттар Лондон бийлигинин анти-иммиграциялык риторикасын жана чараларын күчөттү.

Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштан ар кандай жол менен келген мыйзамсыз мигранттардын буга чейин болуп көрбөгөн агымына кабылган Евробиримдик өлкөлөрүнүн бийликтери менен саясатчылары бул маселени азыр эң көп айтып жаткан кези.

Жарандык активисттердин, калктын бир бөлүгүнүн жана Еврокомисссиянын каршылыгына карабай, маселен, Венгриянын өкмөтү Сербия менен чек арада дубал куруу боюнча эки ай мурда жарыяланган планын иш жүзүнө ашырууга ушул дүйшөмбүдөн тарта киришти. Будапешттен түшкөн кабарларга караганда, чек араны аскерлер тосмолоп жатат.

Венгрия-Сербия чек арасын тосмолоо иши. 3-август, 2015-жыл.
Венгрия-Сербия чек арасын тосмолоо иши. 3-август, 2015-жыл.

Мыйзамсыз мигранттарды Европа үчүн эң чоң коркунуч, терроризм менен кылмыштуулуктун өсүшүнө салым кошуучу көрүнүш деп атаган венгер премьер-министри Виктор Орбандын өкмөтүнүн планы боюнча узундугу 175 чакырым, бийиктиги 4 метр келген тосмо Сербия менен чек араны толук жабышы керек.

Будапештин мындай чарасынын тууралыгын жана зарылдыгын Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто төмөнкү жүйөлөр менен бекемдейт:

- Акыркы кездери Сербия да, Венгрия да миграциянын болуп көрбөгөн басымына кабылды. Биз азыр кириптер болгон массалык миграциянын Сербия үчүн да, Венгрия үчүн да өтө оор кесепеттери бар. Бүгүн мыйзамсыз мигранттар Евробиримдикке Жер ортолук деңизи аркылуу кирүүгө аракеттенгенге караганда, Балкандын батышындагы кургак жолдор аркылуу келүүгө көбүрөөк умтулуп жатат. Быйыл эле 31-июлга карата Венгрияга 100 959 мыйзамсыз мигрант келди. Алардын 100 258и Венгрияга Сербия менен чек ара аркылуу өткөн.

Венген бийликтеринин айтымында, аларды көздөй оогон мыйзамсыз мигранттардын көбү согуштан башы чыкпай жаткан Ооганстан, Ирак, Сириядан келгендер.

Македонияда жөө-жалаңдап келе жаткан мигранттар. 4-август, 2015-жыл.
Македонияда жөө-жалаңдап келе жаткан мигранттар. 4-август, 2015-жыл.

Адатта азырынча Евробиримдикке кошула элек Македония менен Сербияны жөө-жалаңдап өтүп, Венгрияга киргенден кийин мигранттар андан ары Германия же Швецияга жер которуп кетүүнү көздөшөт.

Ошентип Евробиримдик ичинен, бийликтер мүнөздөгөндөй, Венгрия-Сербия чек арасы миграциялык кризистин бир очогу болсо, экинчиси Британия менен Франция ортосундагы Кале деген шаардан сезилүүдө.

Француз калаасына жыйналып алган кеминде 5000дей мигрант Ла-Манш кысыгындагы Евротуннел аркылуу жөө-жалаңдап же жүк тарткан унааларга жабышып, эптеп Британияны көздөй өтүп кетүү аракетин күн сайын көрүүдө. Мурдагы түнү эле мигранттар Евротуннелге кирүүгө алты жүз жолу аракет кылышкан. Француз полициясы буга окшогон аракеттерге каршы күч колдонуп, июнь айынан бери эле тогуз мигранттын өмүрү кыйылды.

Каледеги көрүнүш, Рейтер агенттиги өз анализинде белгилегендей, Британияда премьер-министр Девид Кэмэрондун өкмөтүнүн анти-иммиграциялык риторикасын күчөттү, ошондой эле өлкө Евробиримдиктен чыгышы керек деген евроскептиктердин чырагына май тамызууда. Британ тышкы иштер министри Филипп Хэммонд апта башында мигирациялык кризисти жөнгө салуу багытындагы соңку чаралар тууралуу буларды айтты:

- Менимче, биз кризисти көзөмөлдөй алдык. Кризистин туу чокусуна өткөн аптада күбө болдук, андан бери мыйзамсыз мигранттардын агымы басаңдады. Француз бийликтери жана Евротуннел компаниясы менен кызматташып, бир катар чараларды көрдүк, эми алар өз жыйынтыгын бере баштайт. Көзөмөл жайларга чек ара күчтөрүнүн кызматкерлери коюлду, кайтаруучулар саны көбөйдү, кошумча тосмолор орнотулду. Мунун баары агымды азайтат, биз бул проблеманы жөнгө салабыз деп ойлойм.

Өзү британ бийликтери менен саясатчыларында анти-иммиграциялык маанай буга чейин эле күчтүү болчу. Соңку толкундан улам алардын айрымдары иммиграциялык эрежени мурдагыдан да катаалдаштырууну, батирин же үйүн мыйзамсыз мигранттарга берген мүлк ээлерин эркинен ажыратууну сунуш кылды.

Кале шаарында топтолгон мигранттар. 29-июль, 2015-жыл.
Кале шаарында топтолгон мигранттар. 29-июль, 2015-жыл.

Ал эми британ ички иштер министри Тереза Мей гезиттеги макаласында мигранттарга Британиянын көчөлөрүндө алтын төшөлүп жатпаганын түшүндүрүү зарылдыгын белгиледи. Бирок ошол эле учурда гумандуулукту унутпоого чакырган кайрымдуулук уюмдары да чыгууда.

Мыйзамсыз мигранттар бурч-бурчтан кирип жатканын Европанын башка өлкөлөрү да айтып жатышат. Маселен, немис бийликтеринин эсебинде, алардын Австрия менен чек арасынан жыл башында күнүнө 100-150 мигрант өткөн болсо, июль айы ичи бул көрсөткүч 500ге чейин жеткен күндөр болду. Австриянын бийликтери 5-августта билдиришкендей, Трайскирхен деген шаарда алардын мигранттарды жайгаштыруучу борбору адамдар толуп калганына байланыштуу жабылды.

Чехиянын полициясы өткөн аптада атайын кармоочу борбордон качууга аракеттенген мигранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонсо, Словакияда бир кыштактын тургундары мигранттар үчүн утурумдук лагер жайгаштырууга каршы чыгышты.

Жер ортолук деңизинен мигранттарды куткаруу. 2-август, 2015-жыл.
Жер ортолук деңизинен мигранттарды куткаруу. 2-август, 2015-жыл.

Бул аралыкта Эл аралык миграция уюму Европага жете албай Жер ортолук деңизинде өмүрү кыйылган мигранттардын саны боюнча жаңы маалыматтарды жарыялады. Уюмдун 4-августтагы билдирүүсүнө караганда, быйыл Жер ортолук деңизинде 2000ден ашуун мигрант чөгүп кеткен. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20% көптүк кылат. Ошол эле Жер ортолук деңизиндеги кемелерден быйыл 188 миңдей адам куткарылды.

Алардын 97 000 Италияга, 90 500 Грекияга жеткирилген. Жер ортолук деңизинде кайыктарда келе жатып чөгүп кеткендердин көбү Ливиядан Италиянын Сицилия аралына багыт алгандар.

Бир катар талдоочулар Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштын мигранттар чыккан өлкөлөрдү саясий, социалдык-экономикалык көйгөйлөрү жеринде чечилмейинче алардын Европаны көздөй агымы басаңдабайт деп болжошот.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG