Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Европанын жээк күзөт кызматы 2 миңден ашык мигрантты куткарды


Италия, Ирландия жана Германиянын жээк күзөт кызматы эски жыгач кемелер менен Африкадан Италияга сүзүп өтүүгө аракет кылган эки миңден ашуун мигрантты куткарды. Бул тууралуу Мальтада жайгашкан эл аралык куткаруу штабынан билдиришти.

Италиянын жээк күзөт кызматы куткарылган мигранттардын так санын тастыктоодон баш тартты, бирок ондогон кемеге жардам көрсөтүлгөнүн билдирди. Жалгыз “Дриада” кемеси ишембиде аялдар, балдардан турган 560 кишиге, ирландиянын “Лейтне” кемеси 310 кишини куткарган. Эки күндө деңиз аркылуу 3700 мигрант мыйзамсыз келгени аныкталды.

Европага багыт алган мыйзамсыз мигранттар боюнча маселе дале Европа өкмөттөрүнүн күн тартибинде турат. Быйыл жыл башынан бери Африка менен Батыш Азиядан келаткан 40 миңден ашык мигрант куткарылып, аларды Европа өлкөлөрү кабыл алынган. Жай айларында бозгундардын Европаны карай агылуусу күчөшү күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG