Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

“Эркин кыз. Эркин Кыргызстан”. Бишкектеги жүрүш (видео)


Бишкектеги аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү. 8-март, 2023-жыл.
Бишкектеги аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү. 8-март, 2023-жыл.

Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү “Эркиндик. Теңдик. Эже-сиңдилик” урааны алдында өттү. Жүрүштү “Бишкек феминисттик демилгелери” уюму уюштурду.

Жүздөгөн жаштар колуна аялдардын эркиндигин, билим алып, өзү каалагандай татыктуу жашоосун, аларды зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылууну талап кылган жазууларды кармап чыгышты.

Акциянын коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыз кылып, жүрүштүн катышуучуларын коштоп басты. Марштын катышуучулары жалпысынан эки чакырым аралыкты – Спорт ордосунан тартып Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басып өттү. Маршка болжол менен беш жүздөй адам катышты.

Маршка болжол менен беш жүздөй адам катышты. 8-март, 2023-жыл.
Маршка болжол менен беш жүздөй адам катышты. 8-март, 2023-жыл.

Жүрүштүн катышуучулары зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын түзүү, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жообуна тартуу, ар бир райондо мамлекеттен каржылануучу кризистик борбор ачуу, аялдардын социалдык жана эмгек укуктарынын кепилдигин камсыз кылуу, балдарды багуу үчүн алимент өндүрүп алуунун иштеген механизмин киргизүү, аялдардын саясий укуктарынын, сот адилеттигинин сакталышын камсыз кылуу, сөз эркиндигине, чогулуштарга жана уюмдарга кол салууларды токтотуу жана ошондой эле татыктуу медициналык камсыздоо, билим алууга шарт түзүү деген сыяктуу он талапты коюшту.

Бишкектеги аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү. 8-март, 2023-жыл.
Бишкектеги аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү. 8-март, 2023-жыл.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталганы көп айтылууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталып келет.

Акциянын коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыз кылып, жүрүштүн катышуучуларын коштоп басты.
Акциянын коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыз кылып, жүрүштүн катышуучуларын коштоп басты.

Прокуратуранын 2022-жылдагы ишмердиги боюнча басма сөз жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев былтыр аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу укук коргоо органдары 6 580 кылмыш иши козголгонун билдирген. Анын сөзүнө караганда, бул 2021-жылга салыштырмалуу 4 290 ишке аз.

Аялдарга жасалган кылмыш иштеринин 2 709у сотко жөнөтүлүп, 1 937и өндүрүштөн кыскартылып, 1 305 иш токтотулган. Ал эми 781 иш тергелип жатат.

“Бул маселе актуалдуу болгондуктан прокуратура органдары балдарга жана аялдарга каршы жасалган кылмыш иштеринин тергөөсүнө көзөмөлдү күчөтөт деп ишенимдүү айтам”, - деген Зулушев.

Марштын катышуучулары жалпысынан эки чакырым аралыкты – Спорт ордосунан тартып Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басып өттү.
Марштын катышуучулары жалпысынан эки чакырым аралыкты – Спорт ордосунан тартып Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басып өттү.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканын билдирген.

Энелердин жүрүшү

Ошондой эле 8-мартта Бишкекте энелердин жүрүшү дагы өтүп, анда улуттук баалуулуктарды сактоо чакырыктары айтылды. Иш-чараны Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Кыргызстан пенсионерлер партиясы биргеликте уюштурган.

Жүрүштө улуттук ак элечек кийген аялдар Бишкектин "Ала-Тоо" аянтынан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин басып барды. Ал жерден акындар ыр окуп, "Манас" эпосунан үзүндү айтылды. Ошондой эле улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү өткөн. Бул иш-чарага өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан өкүлдөр келип, министрликтин кызматкерлери, коомдук жана маданият ишмерлери катышканы кабарланды.

"Биз бүгүнкү акциябыз менен улуттук салтыбызды коргоого, улуттук баалуулуктарыбызды сактоого милдеттүү экендигибизди гана көрсөтпөстөн, улуттук жашоо образыбызды, салттуу үй-бүлө сакталган коом экенибизди чечкиндүү түрдө даңазалап жатабыз. Биз бала ата-энеси менен өскөн салттуу үй-бүлөнүн сакталышын көздөйбүз, ак калпак, ак элечек улуттук кийимибиз экендигин тааныган муунду тарбиялайбыз, ар бир адам ой-пикирин айта алган коомду түзөбүз", - деди эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.

Бишкекте энелердин жүрүшү. 8-март, 2023-жыл.
Бишкекте энелердин жүрүшү. 8-март, 2023-жыл.

Ал бул иш-чара президенттин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде өткөрүлүп жаткандыгын кошумчалаган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда, аял лидерлерди алдыга сүрөө үчүн кардиналдуу чаралар көрүлөрүн белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан айымдары өлкө келечеги болгон жаш муундун мыкты тарбиячысы, үй-бүлөнүн куттуу очогу эле болбостон, коомдук-саясий абалга да батыл аралашып, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келет. Кыргызстандагы аял лидерлерди алдыга сүрөө жана колдоо максатында алардын мамлекеттик башкаруудагы ролун арттыруу саясатында кардиналдуу чаралар көрүлөрүн белгилеп кетейин”.

Кыргызстанда бир нече жылдан бери 8-мартта аялдардын тилектештик маршы өтүп келет.

2020-жылы 8-мартта аялдардын тынчтык жүрүшү үзгүлтүккө учурап, айрым катышуучуларын милиция кармап кеткен. Марштын катышуучулары айыпка жыгылып, соттук териштирүү башталган. Соттук иш бир нече айга созулуп, 2021-жылы айып пулга жыгылган аялдардын бири Бишкек шаардык сотунда жеңип чыккан.

Былтыркы 2022-жылы өткөн марштын катышуучулары Украинадагы согушка каршы тынчтык чакырыктары менен чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG