Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

"Аял укугун коргоо жогортон башталат". Мамкызматтагы гендердик теңсиздик


Иллюстрация сүрөт. Бишкектеги "Аялдардын тилектештик маршы". Март, 2021-жыл.
Иллюстрация сүрөт. Бишкектеги "Аялдардын тилектештик маршы". Март, 2021-жыл.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин гендердик теңдигинин сакталбай жатышы көп талкууланып келет. Мыйзамда ар бир мамлекеттик мекемеде бир жыныстагы кызматкерлер жалпы жамааттын 70 пайызынан ашпашы керек деп жазылган. Бирок бул талап көп эле мекемелерде аткарылбайт.

Адистер өлкөдөгү зордук-зомбулук, социалдык көйгөйлөргө жетиштүү көңүл бурулбай жатышына да аялдардын чечим кабыл алууга катышпай жатканын жүйө келтиришет.

Парламентте да, өкмөттө да айымдар аз

Кыргызстанда соңку жылдары мамлекеттик башкарууда гендердик теңдик сакталбай, ага айымдардын катышпай калып жатышы көп талкууланып келет. Алсак, Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 19у, башкача айтканда 21% гана айымдар. Министрлер кабинетинин 21 мүчөсү болсо, анда эки эле айым министр бар. Алар саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова. Президенттин бардык облустагы өкүлдөрү да жалаң эркек жетекчилер.

Жогорку Кеңеште да айым депутаттардын санынын аздыгы боюнча көп жылдан берип талкууланып, өткөн парламенттик шайлоодо аялдар үчүн туруктуу квота киргизилген. Анын арты менен 18 депутат айым партия аркылуу шайланып келген.

Ал эми 36 шайлоо округдун ичинен утуп чыккан жалгыз айым депутат Элвира Сурабалдиева мамлекеттик кызматтардагы гендердик теңдик боюнча мыйзам иштебей жатканын айтты.

“Жумушка кирүү үчүн сынак тапшырганда 40% айымдар өтөт. Бирок карьералык тепкич менен жогорулаганда жетекчилик кызматка алардын 11% гана жетет. 2009-жылы Кыргызстан гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган. Бул талап сакталбайт. Ал көбүнчө акы аз төлөнгөн, социалдык кызматтарда эле сакталат”, - деди Сурабалдиева.

Айым депутат парламентте жана бийликте айымдардын көп болушу менен өлкөдөгү социалдык көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл бурулуп, чечимдер кабыл алынмак деген ойдо.

Гендердик теңдиктин сакталбай жатышы боюнча маселе Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 13-февралдагы жыйынында да көтөрүлүп, жумушчу топ түзүү сунушталган. Бул демилгени көтөргөн депутат Динара Ашимова жумушчу топ "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча өкмөттөн маалымат алып, мониторинг жүргүзө турган болгон.

Бул мыйзамда ар бир мамлекеттик мекемеде бир жыныстагы кызматкерлер жалпы жамааттын 30 пайызынан аз болбошу керектиги жазылган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова гендердик теңдиктин маселеси бир күнгө байланбашы керек дейт.

“Айымдарды социалдык тармакта жетекчи кылып дайындап, маселелерди чечкиле деген талап коюлат. Бирок каржы булагы чечилбесе, көйгөй менен кантип күрөшөсүң? Мисалы мага акыйкатчы катары ар кандай каралоолор, интригалар түгөнбөй келет. Анан каяктагы тең укуктуулук? Ар 8-март сайын “айымдар силер алсызсыңар, биз силерди коргойбуз” деген сөздөрдөн арылып, гендердик теңдикти дайыма коргой турган болушубуз керек”.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда, аял лидерлерди алдыга сүрөө үчүн кардиналдуу чаралар көрүлөрүн белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан айымдары өлкө келечеги болгон жаш муундун мыкты тарбиячысы, үй-бүлөнүн куттуу очогу эле болбостон, коомдук-саясий абалга да батыл аралашып, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келет. Кыргызстандагы аял лидерлерди алдыга сүрөө жана колдоо максатында алардын мамлекеттик башкаруудагы ролун арттыруу саясатында кардиналдуу чаралар көрүлөрүн белгилеп кетейин”.

Кемпир-Абад иши: абактагы айымдарды чыгаруу өтүнүчү

Быйылкы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү коомчулукта Кемпир-Абад иши деп таанылган, “жапырт башалмандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камакка алынган 30дай саясатчы, укук коргоочулардын маселеси талкууланып жаткан учурга туш келди. Алардын арасында өзүнүн сын-пикирин ачык айтып, саясий процесстерге аралашып жүргөн алты аял болсо, учурда төртөө абакта жатат.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, Кемпир-Абадга байланыштуу жалпы камалгандарды бошотуусун өтүнгөн. Айрым кайрылуулар жалаң айымдарга багытталып, аларды үй камагына чыгаруусун талап кылышкан.

8-мартты утурлай, Кемпир-Абад иши боюнча камалган мырзалар да алардын бошотулушун талап кылып, абактан кат жолдошту.

“Кыргыз тарыхында мекен кызыкчылыгын бийлик коюп, керт башын төмөн койгон айымдар аз. Алардын катарын тарыхтын жаңы барагына Кемпир-Абадчы айымдар кошулду. Кемпир-Абадчы мырзалар биздин Кемпир-Абадчы айымдарды ар тараптан коргоп алууга даярбыз жана бул биздин мырзалык милдет! Тилекке каршы, Ажонун орбитасынан чыкпаган сот, тергөөчүлөрдү энелерди урматтоого чакырабыз, ошондой эле Кемпир-Абадчы айымдарды бошотууну талап кылабыз”, - деп жазылган кайрылууда.

Буга чейин, Кыргызстандагы бир катар жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан аялдарды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылган.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Аялдардын көйгөйүн көтөргөн марштар

Соңку жылдары 8-мартта жарандык активисттер аялдардын укугун коргоо чакырыгы менен жөө жүрүштөрдү өткөрүп келет. Бул жолку жөө жүрүштө Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган аял саясатчы, укук коргоочуларды бошотуу талабы коюлат. Бул тууралуу айткан укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева өлкөдө аялдардын укугу күн тартибине чыкпай калды деген ойдо.

"Укук коргоочу аялдардын түрмөдө отурушу азыркы абалды чагылдырып турат. Аялдардын укугу өлкөдө көп деле артыкчылыктуу багыт болбой калгандай. Аялдарга, балдарга, өзүнүн укугун коргой албагандарга Акыйкатчы институтуна караганда мамлекет көбүрөөк көңүл бурушу керек. Укук коргоо органдары 8-мартта лидер айымдарды куттуктагандын ордуна аялдарга карата зордук-зомбулук канчалык кыскарганын, абал кандай болуп жакшырып жатканын маалымдай турган болушса туура болмок".

Кыргызстанда аялдардын коопсуздугу, аларга карата зордук-зомбулуктун катталып жатышы да соңку жылдары көп талкуулана баштады. Ички иштер министрлигинин расмий статистикасына караганда, 2020-2022-жылдары Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болду, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылат.

“Клооп” басылмасы 2020-жылы Кыргызстандагы фемицид көрүнүшүн чагылдырып берүү үчүн киши өлтүрүүлөрдүн статистикасын талдап, 54 миңден ашуун криминалдык пресс-релиздер менен жаңылыктарды изилдеп чыккан.

Жыйынтыгында алар Кыргызстанда аялдарды көбүнчө күйөөлөрү, жыныстык өнөктөштөрү өлтүрөрүн, ал эми фемицид түздөн-түз үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепети экенин аныкташкан. Бул иликтөөдө соңку 10 жылда Кыргызстанда 762 аял өлтүрүлгөнү, буга негизинен үй-бүлөдөгү зомбулук түрткү болгону, жыл сайын миңдеген кыргызстандык кыз-келин зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп жатканы аныкталган.

"Кыздар, окугула!"
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG