Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:15

Египетте шайлоо тынч өттү


Египетте президент Хосни Мубарак кулатылгандан кийинки алгачкы парламенттик шайлоо уланууда. Кошмо Штаттары шайлоонун алгачкы күнү тынч жана кызуу өткөнүнө жогору баа берүүдө.

Шайлоонун алдыңкы күндөрү Египетте Тахрир аянтындагы нааразылык акциясы уланып, кагылыштарда 40тан ашык кишинин каны төгүлгөн. Армия офицерлеринин убактылуу бийлигине нааразы болгон демонстранттар мамлекеттик башкарууну дароо жарандык өкмөткө өткөрүүнү талап кылып, катуу туруп жатышкан.

Бирок аскер жетекчилиги айтканынан кайтпай, шайлоону өткөрө берүүнү чечти. Добуш берүүнүн биринчи күнү зордук-зомбулуксуз, тартип менен өтүп, шайлоочулардын активдүүлүгү укмуштуудай жогору болду. Шайлоого эл бүгүн да активдүү катышып жатканы кабарланууда.

Египеттик шайлоого биринчилерден болуп Кошмо Штаттары жогору баа берди. Мамдепартаменттин маалымат катчысы Марк Тонер шайлоочуларга айрым жерлерде узун кезекке турууга туура келгенин, болбосо биринчи күн тынч болгонун белгиледи.

Бул күнү Ак үйдө Европа комиссиясынын жана Европа кеңешинин жетекчилерин кабыл алган президент Барак Обама да "Араб жазынын" дагы бир жеңишине кубанганын жашырган жок. Ал азыркы милдет жаштар басымдуулук кылган араб өлкөлөрүндө экономикалык маселелерди чечүү керектигин белгиледи:

- Египетте, ага чейин Тунис менен Ливияда жаралган үмүттөр саясий гана эмес, экономикалык да маселе болуп саналат. Биз жаштарга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлүшүн колдошубуз керек. Бул өлкөлөрдүн тургундарынын көбү жаштар. Эгер алар талбай иштеп, шык-талантын өздөрүн жана урук-туугандарын багууга жумшай ала турган келечекти кантип курууну билишсе, саясий өзгөрүүнүн ийгилиги да болот.

Парламенттин эки палатасына көп баскычтуу шайлоого катышууга Египетте 40 миллион адамдын укугу бар.

Дүйшөмбүдөгү добуш берүүдө элдин күтүүсүздөн көп келишине байланыштуу шайлоо бекеттери аларды тейлеп жетише албай, добуш берүү эки саатка узартылды.

Айрымдар кээ бир партиялар реклама баракчаларын таркатып, "Мусулман агайындар" кары-картаң делген шайлоочуларды атайын унаалар менен ташып жүрүшкөнүн айтышты.

Ал эми Шайлоолор боюнча Жогорку юридикалык комитеттин жетекчиси Абделмоез Ибрахим айрым шайлоо бекеттеринде кызматкерлер же бюллеттендер кеч келген учурлар болгонун мойнуна алды.

Дүйшөмбүдө башталган биринчи баскычта төмөнкү палатага өлкөдөгү 27 дубанынан тогузу добуш берип жатат. Январдын аягына чейин дагы эки айлампа өтөт. Андан кийин эл жогорку палатага добуш берет. Шайлоо март айында аяктап, жаңы куралган парламент өлкөнүн жаңы Конституциясын даярдай турган комитет түзөт. Июнда президенттик шайлоо өтүшү керек.

"Араб жазы" биринчи башталган Тунистеги соңку парламенттик шайлоодо сабырдуу исламчылар жеңип алды. Ал эми Египетте эң уюшкан уюм деп салган "Мусулман агайындары" баарынан көп добуш алат деп күтүлүүдө.

Араб өлкөлөрүнүн бир катарында эң ири оппозициячыл күч болгон "Мусулман агайындар" коому түпкүлүгү Египеттен, мамлекет шарият мыйзамы менен жашашы керек деген максатты көздөйт, ошол эле убакта мисалы "ал-Кайидадан" айырмаланып, зордукчул аракеттерди четке кагып, демократиялык шайлоолорду колдойт. Каржылоосунун бир бөлүгүн Сауд Арапстандан жана башка мунайга бай араб өлкөлөрүнөн алат.

XS
SM
MD
LG