Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

Египетте "экинчи ыңкылап" коңгуроо кагууда


Египет. Демонстранттар Ички иштер министрлигине кеткен жолдо полициянын атайын күчтөрү менен салгылашууда. Каир. 23-ноябрь 2011
Египет. Демонстранттар Ички иштер министрлигине кеткен жолдо полициянын атайын күчтөрү менен салгылашууда. Каир. 23-ноябрь 2011

20-ноябрдан бери Египетте саясий демонстрациялар кайра күч алууда. Шейшембинин кечинде аскерий жетекчиликтин бийликтен кетүүсүн талап кылып, Каирдин Тахрир майданына 100 миң ашык адам чыкты.

Каирдин Тахрир аянтына чогулган эл аскерий жетекчиликтин келерки жыл ортосуна президенттик шайлоо өткөрүп, бийликти граждандык өкмөткө тапшырабыз деген убадасын четке какты жана фелд-маршал Тантави башындагы Аскерий кеңештин бийликтен токтоосуз кетүүгө чакырууда.

Маалыматтарга караганда, армия менен демонстранттардын кагылышууларында кеминде 30 адам набыт болду. Мындай шартта 28-ноябрда башталчу парламенттик шайлоо кандай өтөрү белгисиз.

Каирдин ортосундагы Тахрир аянтына туташ көчөлөрдө шаршемби күнү да коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышуулары уланды. Египеттин экинчи чоң калаасы Александриядагы ушундай эрегиште бир адам өлүп, 28 киши жарадар болду.

Дарыгерлер көздөн жаш агызчу газдан жабыркаган адамдарга Тахрир аянтындагы убактылуу госпиталда жардам көрсөтүшүүдө. Каир, 23-ноябрь, 2011
Дарыгерлер көздөн жаш агызчу газдан жабыркаган адамдарга Тахрир аянтындагы убактылуу госпиталда жардам көрсөтүшүүдө. Каир, 23-ноябрь, 2011
Нааразылык акциялары убактылуу аскерий өкмөттүн башчысы Хусейн Тантавинин президенттик шайлоо 2012-жылдын ортосунда өткөрүлөр менен бийлик жарандык өкмөткө берилет деген убадасына карабай уланууда.

Баштапкы план боюнча, президент келерки жылдын аягында же 2013-жылдын баш ченинде шайланмак.

Шейшемби күнү Жогорку Кеңештин башчысы, фелд- маршал Хусейн Тантави жалпы улутка жасаган телекайрылуусунда армия президенттик шайлоону өткөрөр замат бийликтен кетүүгө даяр экенин шардана кылды:

- Парламентке шайлоо өз мөөнөтүндө болот, президенттик шайлоо 2012-жылдын июнуна чейин өткөрүлөт. Куралдуу күчтөрдүн өкүлү болгон Жогорку Кеңеш башкарууга умтулбайт, өлкөнүн кызыкчылыгы баарынан өйдө турат. Эгер эл кааласа, армия жоопкерчиликти токтоосуз өткөрүп берип, өлкөнү коргоо милдетине кайтканга даяр. Кырдаал муну талап кылса, ал референдум аркылуу чечилиш керек.

Февралда эл толкунуна туруштук бербей 30 жыл бою Египетти башкарган Хосни Мубарак президенттиктен кеткенден тарта бийлик Куралдуу күчтөрдүн Жогорку Кеңешинин колунда. Мамлекетти башкарган бул Кеңешти куралдуу күчтөрдүн командачысы жана коргоо министри Хусейн Тантави жетектейт.

Коопсуздук күчтөрү көчө жүрүшүнө чыккан элге каршы аянбай курал колдонгону менен 22-ноябрдын түнүндө Тахрир аянтына 100 миңден ашуун адам чогулду.

Египеттин куралдуу күчтөрүнүн Жогорку Кеңешинин төрагасы, фелд-маршал Хусейн Тантави 22-ноябрда элге кайрылып, сөз сүйлөөдө.
Египеттин куралдуу күчтөрүнүн Жогорку Кеңешинин төрагасы, фелд-маршал Хусейн Тантави 22-ноябрда элге кайрылып, сөз сүйлөөдө.
Аянттагы көпчүлүк Тантавинин сөзүнө ишенбесин айтышып, аскерий жетекчиликтин бийликтен тез кетүүсүн талап кылышты.

Алар Жогорку аскердик кеңештин мүчөлөрү Мубарактын режимин калыбына келтирүүдө, элге каршы Мубарак доорундагы тактиканы колдонууда дешет.

Тахрир аянтында жүргөн Мухаммед эл-Абд:

- Бул жерге кадыр-барктуу жакшы адамдар: дарыгерлер жана инженерлер чогулган. Алардын баары жогорку билимдүү, маданияттуу адамдар. Бул жерде ууру-кескилер жок. Мен өзүм демонстранттар эмне кылып жатканын билейин деп, Бехейрадан атайын келдим. Коопсуздук күчтөрү үйлөрдү өрттөп, бизди жасады деп айтууда. Алар көз байлангандан таң атканча бизге Молотов коктейлин ыргытып, ок атууда. Кудай алдында касам ичем. Менин жанымда турган бир адам көзүн жоготту, бирок кайра келем деди. Алар бизге чабуул жасоодо.

Алгач жекшемби күнү Тахрир аянты калкыган элге толуп, эртеси күнү генералдар колдогон жарандык өкмөт отставкага кетүүгө мажбур болгон. Эсам Шариф башындагы министрлер кабинети сунуш кылган Конституция армияны жарандардын көзөмөлгө алуусуна тыйуу салат; Аскерий кеңеш коопсуздук маселесинде кеңири укукка ээ болуп, бюджетти каалагандай бычат.

Кошмо Шаттар Египеттин аскерий бийликтеринин тынч демонстрацияга чыккан элге каршы ашыкча күч колдонуусун сындады.

Мамдепартаменттин өкүлү Виктория Нуленд шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө Египеттин аскерий жетекчилигин курал колдонуудан этият болгонго же сабырдуулукка үндөдү:

- Кошмо Штаттар Египеттеги калабага аябай камтама болууда. Биз полициянын күчтү бейчеки колдонуусун айыптайбыз жана Египет өкмөтүнөн мүмкүн болушунча сабырдуулукту, коопсуздук күчтөрүн тартипке салууну, ошондой эле бардык египеттиктердин ой-мүдөөсүн эркин билдирүү боюнча универсалдуу укуктарын коргоосун катуу талап кылабыз.

Өкмөтчүл “ал-Акбар” гезити шаршемби күнкү баш макаласын “Экинчи ыңкылап” деп атаган. 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо алдында басылган бул макалада “армия менен элдин мамилеси бузулса, өтө коркунучтуу окуялар болуп кетиши ыктымал” деп белгиленет.

XS
SM
MD
LG