Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Египетте Конституция жактырылды


Президент М.Мурси референдумга 15-декабрда Каирде катышкан
Президент М.Мурси референдумга 15-декабрда Каирде катышкан

Египетте эки айлампа менен өткөн референдумдун расмий жыйынтыгы кечээ кечинде жарыяланды. Ага ылайык, добуш бергендердин дээрлик үчтөн экиси жаңы сунуш этилген Конституцияны жактырды.

Жаңы Баш мыйзам боюнча Египетте референдум 15-декабрда жана 22-декабрда өткөн. Анын расмий жыйынтыгын кечээ кечинде өлкөдөгү мамлекеттик телеканал кабарлады.

Добуш бергендердин 63,8% жаңы Конституцияны колдогону айтылды. Бирок референдумга жумуриятта шайлоого катышууга укуктуу 52 млн. адамдын болгону үчтөн бири гана катышкан.

Бийлик өкүлдөрү эки баскычта өткөн добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар анын акыркы жыйынтыгына олуттуу өзгөртүү киргизгидей деңгээлде болбогонун айтышты.

Жаңы Конституцияны колдогондор – президент Мухаммед Мурси менен “Мусулман агайындар” кыймылы – башкы документ мамлекетти стабилдүүлүккө жана экономикалык оңолууга алып барат деп ишендиришүүдө.

Эми эки айдын ичинде Египетте парламентке шайлоо өтүшү керек.

Мамлекетте реформалар болушун жактаган оппозиция болсо “аялдар менен улуттук азчылыктардын укугун коргобойт, исламчылар акырындап мыйзам чыгаруу ишине кийлигишишине жол ачат” деп жаңы Конституцияны дале тааныбай келишет.

Референдумга эл аз келгендиктен азыр оппозиция “Конституцияны чындап легитимдүү деп атаганга болобу?” деген суроону көтөрүүдө.

Жыйынтыкка реакция

Египетке жыл сайын миллиарддаган доллар аскерий жана башка жардам жиберип турган Америка Кошмо Штаттары референдумдун жыйынтыгына жооп иретинде президент Мухаммед Мурсини “бөлүнүп-жарылган египеттиктерди бириктирүүгө, ортодо мунаса табууга” чакырды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти соңку билдирүүсүндө “Египет демократиясынын келечеги анын жаңы демократиялык эрежелери жана институттары ортосунда ынтымакка жетишүүгө, мунаса табууга аракет канчалык жемиштүү болооруна жараша болот” деди.

Билдирүүдө, мындан сырткары, “Египет былтыр февралда АКШнын өнөктөшү Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан кийин демократияга карай оор жолго түшкөндөн тарта расмий Вашингтон египеттиктер менен болгону” айтылат.

Евробиримдиктин Тышкы иштер мекемесинин башчысы Кэтрин Эштон болсо референдумдун жыйынтыгына карата билдирүүсүндө жаңы Конституциянын үлкөн колдоого алынганын да, добуш берүүгө адамдардын аз келгенин да белгилеп өттү.

Эштон президент Мурсини өлкөдө реформалар болушун жактаган оппозиция менен диалогду күчөтүүгө да үндөдү.

"Зарыл чаралар"

Египеттеги акыркы эки жылдагы саясий бейстабилдүүлүк жумурияттын экономикасына оор залакасын тийгизген. Чет өлкөлөрдөн тикелей инвестициянын көлөмү, туризм, чет өлкөлүк валюта резерви - баарынын көлөмү кескин кыскарып кетти.

Мамлекеттен акча башка жактарга чыгарылат го деп чочулап, президент Мурси өлкөдөн 10 миң доллардан ашык акча которууга тыйуу салып койду.

Эки айдын ичинде мамлекетте парламенттин төмөнкү палатасы үчүн шайлоо өткөнгө чейин бүт мыйзамий милдет да, укук да парламенттин жогорку палатасына – исламчылар басымдуулук кылган Шура кеңешине – өтөт.

“Мусулман агайындар” кыймылынын “Эркиндик жана Акыйкаттык” партиясынын расмий өкүлү Мурад Али азыр эми парламенттик шайлоого даярдык башталган мамлекетте жакынкы апталарда экономиканы оңдоо чаралары да көңүл борборунда болот деди.

"Эң оболу, шайлоого даярдыктын чегинде биз парламенттин жогорку палатасы (Шура кеңеши) аркылуу айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизишибиз керек болот. Азыр мыйзам чыгаруу милдети убактылуу ушул кеңешке өттү. Бул иштер келечектеги парламентти тандоо үчүн жасалат жана биз үчүн бул - приоритет, - деди Али. - Ага кошумча, биз башка партиялар менен жамы отуруп, ушул туштагы өтө кысталыш, оор учурда экономиканы тез калыбына келтире турган кандай чаралар зарыл экендигин талкуулайбыз".

Бийлик мындай пландары менен бөлүшкөнү менен, оппозиция жаңы Конституцияны өзгөтүш үчүн аракетин уланта берерин билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG