Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Ат-Башыбыз Дүйшөн биз, Ат-Башыбыз!


Ат-Башы, Нарын.
Ат-Башы, Нарын.

Акын, маркум Дүйшөн Жапаров тууралуу Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин эскерүүсү.

Айылдан шаарга келип жашоосун түптөгөн бардык кыргыздардай эле көрүнгөн квартирде көчүп жүрүп, анан эгемендик келип «кедейлерге жер бөлүнүп», жаңы конуш дегендер пайда болгондо Арча-Бешиктен тепкедей жерге ээ болуп, ага күпкөдөй үй салып, жашашынча жашап, жазышынча жазып, убагында чыгара албай, кийин ырларынын 10-15 гана пайызы колунда калып калганын жоготуп жиберген, анткени бир эмес, эки жолу инсульт болуп, дептер толо ыры жоголгонун элес-булас билген менен, кайда жоголгонун, кандай жоголгонун эстей албай, эстей калган кезинде өкүнүп, иче калган кезинде «өкүрүп» жашап жүргөн Дүйшөндүн, эл көп өткөн жол жээгинде жашылча сатып, бала-чакасына кошуп Дүйшөндү багып келаткан Гүлбара аттуу акылман жубайы бар. Бир күнү атайын издеп барып жолугуп:

- Болгон ырларын алып, эртең биздин үйгө келгиле?, - деп жолума түштүм.

Анан тааныбаган эле бирөөлөр менен барытып, Дүйшөндүн саптарынан айта салсаң, чапкенедей жабышып: «Ал ким деген акын? Дагы айтыңызчы?»» деп кайра-кайра сураткан ырларын эстеп бараттым.

* * *

Олтурсам жалаң чай менен,

Очоет төрдө кайнененм.

* * *

Жакыры көп, бардар аз,

Жакшы ырларга кардар аз.

* * *

Жоголгон бычак сабы алтын,

Жоголгон катын саны алтын.

* * *

Досторум келсе—дудукмун,

Досторго барсам—кудукмун.

* * *

Калдыгы менен чылымдын,

Канатын күйгүз чымындын.

* * *

Уук берсең түндүк ал,

Тоок берсең үндүк ал.

* * *

Катының болсо иштерман,

Калбастыр такыр ичте арман.

* * *

Жүрсөң да монастрда,

Жүрөгүң—Манасты ырда.

* * *

Бул дүйнөдө өмүр сүрдүм кейиште,

А дүйнөдө чыгар бекем бейишке.

* * *

Ыр жазгандын катыгын берген менен, карандай жашоого келгенде карик, батымы жок, улунуп-жулунуп жашай албаган, андай жашаганды билбеген, билсе дагы антип жашагысы келбеген бардык эле чыгармачыл адамдардын көбү анча билбей, өзүбүз жакшы билген кембагалдык жолуна Дүйшөн да түшкөн эле. Өмүрүнүн акырына дейре ошол жолдон кылайып четке чыккан жок.

* * *

Дүйшөн келбей калып, ырларын Гүлбара таштап кетти. Компьютерге басып, атын «Жоголгон ыр» деп атап, «Турар» басмасына тапшырдым. Он беш күндүн ичинде китеп болуп басылып чыкты. 2013-жылдын 21-февралында басмаканадан үйгө алып келип, 23үнө Дүйшөн менен Гүлбараны «Үйгө келип кеткиле, «силер үчүн сүйүнчүм бар!» деп чакырдым. Көз алдымда турат, ошондо, байкуш Дүйшөнүм, туңгуч китебин улам-улам кармалап, улам-улам мукабасын сылагылап, китебин барактагандан, ичин ачкандан тартынып, Гүлбарасын карап жылмайып, жадырап олтурду.

Адамдын чындап кубанганы да сонун болот экен. Кайра-кайра мулуңдайт. Мага бирдеме айткысы келип, көздөрүн балбылдатып, бүтүндөй мээрим менен карайт, бирок айта албайт. Дүйшөн катуу толкуп, катуу кубанганда сүйлөй албай калчу болгон. Инсульттун кесепети. Өмүрүндө китеп болуп чыгалбай жүргөн китеби өзүнчө жыйнак болуп чыгып атса кантип кубанбайт. «Кой, Дүйшөн» дегениме болбой, жанымда отурган жеринен эңкейе калып, колумдан улам-улам өпкүлөйт. Илгери айылга бара калган кезимде, айылымдын кемпирлери да дал ушинтип өпкүлөчү эле. Эми Ат-Башынын бир акынынын колун Ат-Башынын дагы бир акыны өпүлөп жатты. Бир сонун иш жасаганыма ичимден мен дагы кубанып турдум. Болбосом да болбой жатып, ала келген бөтөлкөсүн бузуп, экөөбүз бөлө тарттык. Дүйшөн ошондо көпкө басылбай сүйлөп жатты, сүйлөп жатты. Бирок бир дагы сөзүн түшүнө албай койдум. Инсульт дегениң тилин байлап салат турбайбы.

* * *

Дүйшөндүн жашы улуу-кичүү болгон менен жаны курбу ага-инилери жатка билген бир мыкты ыры бар «Кемпириме» деген. Окуй кетейин:

Сен—банкирим, сен—кемпирим, сен—пирим,

Сенин мен деп тозду көйнөк, жемпириң.

Сендей мага күн да жарык чача албайт,

Сен ооруба, мен ооруюн кемпирим.

Тил жанысаң тилиң тинте, булдурсун,

Тилиң сууруп кууруп жечү кургурсуң.

Анткен менен аянбастан камчылап,

Аалам кезип чапса арыбас дулдулсуң.

Өмүр ширин, өмүрлөшүм сен ширин,

Өзүң менен тапкан балдар эң ширин.

Сендей мага аалам кеңдик кылалбайт,

Сен ооруба, мен ооруюн кемпирим!

* * *

Бали! Ыр эмес бекен!

Дүйшөн Жапаров жазганда да так ушундай жазчу. Калем кармап, акын-жазуучумун дегендер акындарын тапканына карап эмес, жазганына карап сыйлашат. Калемдештердин катарында Дүйшөндүн кадыры калың болчу. Кийин телеге тарталы деп, радиого жазалы деп аны издеген журналисттер көп болду. Бир кызыгы ден соолугу таза кезинде издебеген телибай телелер эмнегедир инсульт алганын уккандан кийин издей башташты. Дарегин менден көп сурашты. Аттиң, бирок кечигип калышты. Дүйшөн оюн баягыдай, ден соолугу таза кезиндегидей кемелине келтирип айта албай калганда издеп жатышпайбы. Азыр Интернеттин заманы. Каалагандай тартып кала турган, каалагандай жазып кала турган мезгил. Тартып калса тарых боло турган, жазып калса, көзү өтүп кетсе да үнү кала турган кез эле го. Ошондуктан мамлекеттин кара жашиктерин карай бергенди унутуш керек. Азыр эркин телеканалдар толтура. Керек болсо өзүңдү өзүң тартчу доор.

* * *

Дүйшөндүн ырларынан кайрадан окуйлу:

* * *

Уй турса буйвол дедиңер,

Буйволду уй бол дедиңер.

* * *

«Эл камын жейм» деп миңи айтат,

«Эл нанын жейм» деп ким айтат?

* * *

Кыпкыргыз туруп кытайдан,

Кызык ээ алсак, сүт, айран.

Шундай да болот экен деп,

Шумдукка дүйнө бүт айран.

* * *

Сырты ийленген кара ундан,

Ичи өпкө, карындан.

Манту жедим беш сомдон,

Мал киндиктүү Нарындан.

* * *

Көргөндө Камбаланы,

Көргөндөй таңкаламын Шамбаланы.

* * *

Дүйшөнгө канча жылдан бери жолуга элек элем. Гүлбарага жакында эле догдурдан келатып Зейне экөөбүз жолуктук.

- Дүйшөн кандай?, - десем.

- Дүйшөн жүрөт, баягыдай эле, - деди.

Дүйшөн Жапаров. (коллаж)
Дүйшөн Жапаров. (коллаж)

Ал кезде коронавирус каптай элек болчу. Анан ал каптады. Баарыбыз «кимди ким көрдү, быржыбайды там басты» болуп, чакчелекей түшүп жатып калбадыкпы. Канчалаган мыкты кыз-жигиттерибиз, канчалаган мыкты ага-эжелерибизден айрылдык. Кантели, жадагалса топурак сала албай калган күнгө жеттик.

* * *

Дүйшөндүн атасы колунан көөрү төгүлгөн уста киши деп уккам. Ээр чаап жүрүп өттү дешти. Ат-Башыда ал чапкан ээрлер аңыз болуп айтылат.

* * *

Дүйшөн оозунан «көөрү» төгүлгөн акын болуп өттү. Кыргызда эңгезердей ыр китептери менен эсте калбай, чагылгандай эки сабы менен эсте калган, андай саптары макалга айланып кеткен мыкты акындарыбыз аз эле. Так ошолордун катарынан биздин Дүйшөн да татыктуу ордун тапты. Мындан ары атын ошол жогоруда мен мисал кылган, ага чейин эле эл оозунда жатталып, айтылып жүргөн алтындай саптары эч качан унуттурбай, кийинки өмүрүн жашай берет.

* * *

Дүйшөндүн уулу сүрөт Академиясын окуп бүтүрүп, алгачкы ишин Чыңгыз Айтматовдун портретин тартуу менен баштады.

* * *

Ат-Башылыктардын ыйык көргөн жери Чеч–Дөбө. Дүйшөндүн туулган айылы—Кара-Суу ошол касиеттүү Чеч-Дөбөнүн түбүндө. Сөөгү ошол жердеги мүрзөгө, ата-бабалары жаткан жайга коюлду. Жанын жаннаттан берип, топурагы торко болсун! Акындын жашабай калган өмүрүн эми өмүрлүк жары, балдары менен кыздары жашасын.

* * *

Маркум менен коштошуп жатып, анын ошол өзүм чыгарып берген «ЖОГОЛГОН ЫРЛАР» китебиндеги баш сөз катары жазган ырым менен сөзүмдү аяктайын.

ДҮЙШӨНГӨ

Көгүш-жашыл көздөрү бакырайган,

Көөнө чачы, көөнө өңү атырайган.

Дүйшеевдин иниси Дүйшөн акын,

Дүмбүлүндөй макенин жапырайган.

Чылбыры жок бараткан басышынан,

Чыга калсам көчөдөн капысынан.

Бир аз жандап байкушум токтой калат,

Бригадирдин колдогу аты сыңар.

Ырың кандай, сураймын жайың кандай,

Ыдыраган заманда шайың кандай?

Дүйшөн иним «жакшы» деп көзүн бардайт,

Дүкөнү бар аялга кабылгандай.

Билем иним, үйүң жок экендигин,

Үйсүз жазган ырлардын бекемдигин.

Балдарыңды жетелеп батир издеп,

Баш-аяксыз түгөөрүн эчен күнүң.

Аарчып терин жаагынан аккан чубап,

Анткен менен өзүнө батпай турат.

Арак алып берсемби десем эле,

Бул дүйнөнү калтырып баскан турат.

Аман болоң ичерсиң арагымды,

Андан көрө айта жүр саламыңды.

Сары-Коонун талаасы күтүп жүрөт,

Сагынычтуу сап толгон барагыңды.

Дүйшеевдей мас жүрдүң, таза жүрдүң,

Дүйнөң түгөл, антсе да таза жүрдүң.

Мен унуткан кездери Чеч-Дөбөнүн,

Сен унутпай бир жагын жаза жүргүн.

Туяк сынса тулаңы кепил болот,

Тузун таткан турпагы кепин болот.

Тууганынан айрылган жетим эмес,

Тууган жерден айрылган жетим болот.

Ай, Күн өчсө асманы кепил болот,

Ак кар тунган адыры кепин болот.

Атасынан айрылган жетим эмес,

Ата Журттан айрылган жетим болот.

Биз экөөбүз акындын башкасыбыз,

Бир дүйнөнүн кошулган ашташыбыз.

Билгендердин көзүнө кетер кезде,

Бир көрүнүп жок болчу ак казыбыз.

Күнөө болот жазам деп жазбашыбыз,

Күндөн ысык, желден курч максатыбыз.

Сен сарбагыш, мен черик болгон менен,

Ат-Башыбыз Дүйшөн биз, Ат-Башыбыз!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG