Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:28

Сен кеткенде шолоктоп асман ыйлады...


Зайырбек Ажыматов.
Зайырбек Ажыматов.

Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кечээ дүйнөдөн 44 жашында өтүп кеткен акын Зайырбек Ажыматовго арнаган коштошуу саптары.

Мен азыр дал ушул Элмирбек менен Зайырбектей жаш кездеринде өмүрдөн өтүп кеткен орустун улуу акындары Александр Пушкинди, Сергей Есенинди, Владимир Маяковскийди, бу жалган дүйнө менен 27 жашында кош айтышкан Михаил Лермонтовду эстедим...

Мен кырчынында кыргызын таштап кеткен Беганас Сартовду, Жолон Мамытовду, Турар Кожомбердиевди, Камбаралы Ботояровду, Каныбек Эдилбаевди, Курбаналы Сабыровду, Табылды Мукановду, Тургунбай Эргешовду, Турсуналы Бостонкуловду, Айгүл Узакованы, булардан кийинки Шербет Келдибекова, Алым Токтомушев менен Дайырбек Становду, Барчынбек Бугубаевди, Жолдошбек Зарлыкбековду, Алик Акималиевди эстедим...

Мен кыргыздын өзүңдөй мыкты жигиттери Муктар Өмүракунов менен Мелис Эшимкановду, Султан Жумагуловду эстедим...

Улуу комузчулар Нурак Абдрахмановду, Руслан Жумабаевди, 20 жашында кеткен талант Токтобек уулу Канат Нааматбековду эстедим...

Улуу режиссерлор Алмас Зарлыкбековду, булбулубуз Мукан Рыскулбековду, Асанкалый Керимбаевди, мыкты киносценарист Талип Ибраимовду эстедим...

Кыргыздын дагы бир мыкты азаматы, жүз жылда бир келчү уулу Табылды Эгембердиевди эстедим...

Бизде өмүргө, жашоого, чыгармачылыкка тобу менен келип, кайра тобу менен кеткен кыргыздын кыз-уулдарын эстедим...

Кечээ эле, баарыбызды кайгыртып, ыйлатып кете берген жаркын кыздарыбыз Гүлзат Батырканованы, Гүлбү Орозкул Кызын, Элмира Кайып кызын эстедим...

Кечээ эле, кабыргабызды кайыштырып, ыйлатып, сыздатып кете берген Улан Эгизбаевди, Эрнис Асек уулун, Элмирбек Иманалиевди, Зайырбек Ажыматовду эстедим...

Эл акыны Шайлообек Дүйшеев, "Азаттыктын" баяндамачысы Бекташ Шамшиев, Акын Зайырбек Ажыматов.
Эл акыны Шайлообек Дүйшеев, "Азаттыктын" баяндамачысы Бекташ Шамшиев, Акын Зайырбек Ажыматов.

Бизде айтышчу, жазышчу, мактанышчу, “кыргызга таланттар топ-тобу менен келет” деп, бирок алардын качан кетерин, кандай кетерин, ошол топ-тобу менен келген ырыс-кешиктүү, эли-жерине кереги тие турган кыз-уландардын эмнгегедир кайрадан топ-тобу менен кетерин эч кимибиз билген эмеспиз. Анын үстүнө ажал пендесине кайсы күнү келерин, кандай келерин эчким, эч качан айта албайт экен да.

Ошол эле Есенин кетерине бир күн калганда, керээзин калтырып, жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө кеткиси келип, кагаз тапкан менен калем таппай, калем тапкан менен сыя таппай, анан макиси менен билегин тилип туруп акыркы ырын каны менен минтип жазыптыр:

Кош бол досум, бат унуткан калкымда,

Эстеген бар, эси жок деп күлгөн бар.

Кайра келбес айрылуунун артында,

Биз кайрадан кездешүүчү күндөр бар.

Кош бол досум, коштошоюн ойлонбой,

Атак-даңктын баары жалган, баары элес.

Бул дүйнөдө өлүм эски болгондой,

Өмүр дагы, жашоо дагы жаңы эмес, - деп...

* * *

Арстанбек өлөрүндө керээзин калтырып: “Алам деп ажал келгенде, кыямат кезде дос болгон, кырылаар кезде ок болгон, эй, ажал, эми сеп ал деп, досумду албай, мени ал деп” досуң да түшпөйт арага” деп ырдаган эле.

Зайырбек, Арстанбек бабаңдын ушул керээз ырын мен, Элмирбек менен коштошуп жатып, “Азаттыктын” сайтына илдирдим эле. Сен муну албетте окугансың, окубасаң балким башкача болот беле, айта албайм. Бирок, сен, Арстанбек абаңдын ушул ырына өчөшкөнсүп, “Кегиң бар болсо кек ал деп, Элмирбек кеткен тарапка, эй ажал, сенден коркпоймун, керегим тийсе мени ал деп” сен да досуңдун жанына кете бердиң... Балким караңгы жайда жалгыз жаткан Элмирбек коркпосун дегендирсиң...

Элмирбекти жайына берген күндүн эртеси сага чалдым эле: “Зайырбек, эми кайрат кыл, өзүңдү сакта, биз эми Элмирбекти эч качан тирилтип ала албайбыз” деп. “Макул” деген элең... Бирок андай болгон жок. Биз эми сени дагы кайрадан тирилтип ала албайбыз...

* * *

Былтыр жарыкка чыккан “Жүрөктөгү бороон” деген китебиңди барактап олтурам.

Ачсам эле мына эмнегедир мынабул ырларың көзүмө тартылат:

Көңүлүмдү өзүм жүрсөм калтырып,

Кайран жүрөк ооруп бүттү жанчылып.

Билем мени коштоп барат өлүмгө,

Тирүүлүктө бүтпөйт ушул каршылык..., - деген экенсиң.

Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 1-май, 2020-жыл
Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 1-май, 2020-жыл

* * *

Жалгандыктар мүмкүн мени аксатты,

Жалтак кылып, жабыктырып чарчатты,

Жасалма окшойт түпкүрүндө бул турмуш,

Жакшы көргөн байлык менен мансапты.

Жан адамга тийбей балким керегим,

Жалгыз келгем, жалгыз кете беремин.

Ыйманымды ченегиси келишсе,

Ырда калат тайыздыгым, тереңим... - деген экенсиң.

* * *

Заманына жан дүйнөсүн талаткан,

Зарын катып ичтен сызып бараткан.

Зайырбекмин - ысымы бар, өзү жок,

Закымдарды кууп жүрүп адашкан.

Жаның дайым турса миздүү азапта,

Жашоо кээде болот экен жадатма.

Жалынбадым өчүрөм деп жүрөктүн,

Жаштыгымды жуттум кошуп шарапка.

Анда деле жаным такыр жай албай,

Абийир, уят өңдөн азды каралбай.

Жүдөп бүттүм Зайыр деген денеден.

Жүзү жарык Зайырбекти таба албай.

Бирде ташып, бирде кайра бөксөрөм,

Бирде куурап, бирде кайра көктөгөм.

Ызгаар окшойм, өзүмдү өзүм тоңдурган,

Жалын окшойм өзүмдү өзүм өрттөгөн.

Өткүр кезим билбейм кайда чачылды,

Өкүнүчтөн көтөрө албайм башымды.

Мен өзүмдү таппай кетсем өмүрдөн,

Бейитиме жазбагыла атамды!, - деген элең.

* * *

Элмирбек обонун жазып, ырчылар ырдап жүргөн ырыңды эстедим.

Боздотуп жүрөк кылдарын,

Бошотуп мени кыйнадың.

Шоокумун коштоп жамгырдын,

Шолоктоп неге ыйладың?

Жалганбы сүйүү биздеги,

Жалганбы сезим издери.

Арманбы ушул дүнүйө,

Арманбы өмүр тизмеги?, - деген элең.

Бул ырың ырдалган сайын, сен биз менен кош айтышкан күнү Асман түнү бою шолоктоп, жамгыр төгүп чыкканын эстедим...

* * *

Сен элибиздин жүрөгүндөсүң. Сени биз, “Азаттык” ар дайым эстеп жүрөбүз. Сен жашабай кеткен жылдарды, сен жашабай кеткен өмүрдү эми, артыңда калган балдарың, кыздарың жашасын! Сени өмүр бою өлтүрбөй турган өнөрүң, ырларың жашасын! Кош, боорум, Зайырбек! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG