Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Казакстан: №1 үй-бүлөдө жаңы жаңжал


Гога Ашкенази жана Тимур Кулибаев
Гога Ашкенази жана Тимур Кулибаев

Казакстандын президентинин күйөө баласы, анын мураскору катары кабыл алынган Тимур Кулибаевдин жеке турмушу учурда кызуу талкууга алынууда.

Дүйнө жүзүнө белгилүү, түбү казакстандык бизнес айым Гога Ашкенази эл аралык деңгээлдеги олигархтар, Голливуд жылдыздары жана Британиянын канзаадасы менен дос жана Лондондо жашайт.

Бирок эң негизгиси, Казакстандын президентинин күйөө баласы, үй-бүлөлүү Тимур Кулибаевден бир уулу бар. Назарбаевдин мураскору катары кабыл алынган Кулибаевге мындай мамиленин ачыкка чыгышы терс таасирин тийгизбейби?

Казакстандын Тараз шаарында туулган Гога Ашкенази же “леди Гога” Англиянын элитасына тез эле кирип, таң калычтуу ылдамдык менен баш айланткан карьера жасаган айым катары таанымал.

Гаухар Беркалиева, Гога Ашкенази жана леди Гога

Анын чыныгы аты Гаухар Беркалиева. Тараздык гидро-инженердин эң кичүү кызы.

Бүгүн узун бойлуу, чырайлуу 31 жаштагы Ашкенази Оксфорд университетин аяктап, Лондондо байлар жашачу Холланд паркта чоң үйдө турат. Лондондон ал дүйнө жүзү боюнча бир нече ири бизнестерди башкарат, алардын көбү Казакстанда.

Гога Ашкенази
Англияда жана Орусияда Ашкенази өтө белгилүү адам.

Чет өлкөлөрдө аябагандай атактуу болгону менен, Казакстанда медиа дээрлик толугу менен мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынгандыктан Ашкенази тууралуу маалымат аз.

Бирок бул кырдаал быйыл өзгөрдү. Себеби чет өлкөлүк журналисттер Ашкеназинин жана казак президентинин миллиардер күйөө баласы менен мамилелери жөнүндө жазып чыккандыктан Ашкеназинин ысымы бара-бара Казакстанда да тарады.

Адам – Ашкенази менен Кулибаевдин уулу

6-июлда, президент Нурсултан Назарбаев 71 жылдыгын белгилеп жаткан күнү Бишкекте жайгашкан К+ телеканалы Ашкенази тууралуу даректүү тасма көрсөттү.

Аталган тасмада Тимур Кулибаев менен Гога Ашкеназинин жакын мамилелери тууралуу сөз болот.

Тимур Кулибаев 20 жылдан ашыгыраак убакыт мурун казак президентинин ортончу кызы Динарага үйлөнүп, алар 3 балалуу.

Азыр Тимур Кулибаев Казакстандын мамлекеттик активдерин башкараган “Самрук – Казына” холдингин жетектейт.

Бул холдинг казак экономикасынын негизги тармактарын көзөмөлдөйт – бул энергетика, транспорт, алтын жана уран секторлору.

Тасмада Ашкенази Кулибаевден балалуу болгону да айтылат. Анда карапайым казакстандык менен Ашкеназинин өтө кымбат жашоосу салыштырылып, ошол эле мунайзат тармагындагы кадимки жумушчулардын айлыгынын аздыгы да айтылат.

Динара Кулибаева
Бул жылдын башында орусиялык НТВ телеканалынан да “Малышка на миллион” деген көрсөтүүдө Ашкеназинин Швециядагы курортто эс алып жүргөн кези жана Дубайда иштеп жаткан маалы көрсөтүлгөн.

Ашкеназиге “Азаттык” үналгысы бул маалыматтарды тактоо үчүн кайрылганда ал маек курууга макул болгон жок.

Бирок Ашкенази көп жылдар бою Кулибаевдин ойношу болгонун жашырбайт жана 2007-жылы андан уулдуу болуп, атын Адам койгону ачык эле жазылып жүрөт.

Британиялык гезитттер жазышкандай, Ашкенази менен Кулибаев 2005-жылы таанышкан. Ал кезде Кулибаев Динара Назарбаевага эбак эле үйлөнүп, ал эми Гога мейманкана бизнесинин мураскору Штефан Ашкеназинин аялы болчу, бирок көп убакыт өтпөй аны менен ажырашат.

Моралдык жактан "таза" саясатчылар

Кулибаев-Ашкенази мамилелери тууралуу Казакстандагы кеңири коомчулук анчейин малыматка ээ эмес бойдон келген. Кулибаев болсо мыкты күйөө катары таанымал бойдон калган.

Өкмөттүк гезиттер жана расмий Астана Ашкенази тууралуу унчугушкан эмес. Эгерде бул маалымат тышка чыкса, анда Ашкеназинин мунай тармагындагы бизнеси тууралуу ыңгайсыз суроолор өзүнөн өзү жаралмак.

- Ашкеназинин Тимур Кулибаев менен болгон расмий эмес мамилелери тууралуу албетте өкмөттүк гезиттер коркуп жазбайт, бул аябагандай сезимтал маселе, - дейт казакстандык оппозициячыл саясатчы Булат Абилов.

Дарига Назарбаева жана Рахат Алиев
Ашкенази Англияга билим алуу үчүн 13 жашында жөнөтүлгөн. Андан соң Оксфорддо окуган. Аны менен чогуу окугандар Ашкеназинин курч акылы тууралуу эстешет жана Ашкенази өзүнүн биринчи пайдалуу байланыштарын Оксфорддо жасаган.

Ашкеназинин Казакстанда мунай жана газ жаатында ири бизнестери бар, жакында ал алтын тармагына да кирээри тууралуу айтылууда.

Ашкеназинин Кулибаев менен мамилелери аяктаса да, ага Кулибаев көп бизнес суроолор боюнча жардам берип келе жатканын жашырбайт.

Саясий жана социалдык маселелер боюнча эксперт Айдос Сарым:

- Казакстандык элитанын арасында моралдык маселелерге кош стандарттуу мамиле жасалат. Баары эле ким ким менен жүргөнүн, ким кимдин ойношу, кимдин баласы кимден экендигин жакшы билишет. Бул саясатчыны ээрден жыдытчу нерсе эмес. Бизде моралдык жактан таза жүргөн саясатчылардын маданияты калыптана элек.
Нурсултан Назарбаевдин өзүнүн үй-бүлөдөн сырткары балдары бар. Логика боюнча, Назарбаевдин ойноштору бар болсо, анын мураскору да Назарбаевге окшош да.

Бирок, Сарым кошумчалагандай, көптөрдү элдин байлыгы уурдалып жаткандыгы кыжырдантпай койбойт.

Казак президентинин үй-бүлөсүнө байланыштуу чырдуу окуя Рахат Алиевден улам да чыккан. Назарбаевдин улуу кызы Даригага үйлөнгөн Рахат Алиев Назарбаев менен болгон пикир келишпестиктерден кийин азыр издөөдө.

Казак мыйзам чыгаруучулары көп аял алуу боюнча маселени кызуу талкуулап келишет. Бирок азыр баарын кызыктырган дагы бир суроо: Назарбаев күйөө баласы боюнча чара көрөбү?

Каттоодон өтө элек “Алга” партиясынын лидери Владимир Козлов андай болушу мүмкүн эмес дейт.

- Ашкенази менен болгон мамиле Кулибаевдин саясий жолунда бөгөт боло албайт. Себеби Нурсултан Назарбаевдин өзүнүн үй-бүлөдөн сырткары балдары бар. Логика боюнча, Назарбаевдин ойноштору бар болсо, анын мураскору да Назарбаевге окшош да. Тескерисинче, Тимур Кулибаев моралдык жактан өтө таза инсан болгондо – ушул проблема болмок. Азыр баары өз жайында жана логика боюнча.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG