Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Исмаилованын укугун Амаль Клуни коргойт


Камактагы азери журналисти Хадижа Исмаилова жана таанымал адвокат Амаль Клуни.
Камактагы азери журналисти Хадижа Исмаилова жана таанымал адвокат Амаль Клуни.

Эл аралык таанымал адвокат Амаль Клуни учурда абакта отурган азери журналисти Хадижа Исмаилованын укугун коргомой болду.

Амаль бир нече күн мурда америкалык НБС каналына курган маегинде камактагы журналисттин укугун коргой турганын билдирген.

Азербайжандык журналист Исмаилованын адвокаты Фариз Намазли Хадижанын таанымал америкалык адвокаттын сунушун кабыл алышынын себебин мындай деп түшүндүрдү:

- Хадижа Амаль Клуни Египетте 2014-жылы камалган журналист Мохамед Фахмини коргогон “каармандагын” эске алып, макул болду.

Амаль Клуни былтыр армяндардын Осмон империясы учурундагы массалык кыргынга кабылганын геноцид катары таануу боюнча сот ишинде Армениянын өкүлү болгон эле. Азербайжандын мамлекеттик маалымат каражаттары "Амаль Клуни Исмаилованын ишин Армения боюнча сотто утулуп калган соң түрк тилдүү өлкөлөрдөн өч алуу үчүн алды" деп жазып чыгышты. Атургай Амалды "ливан кызы эмес эле, этникалык армян" деп көбүртүп-жабыртып жибергендер да болду.

- Хадижа аны адамдын ата-теги, улуту кызыктырбасын айтты. Ал акылы бар адамдар эч качан улутка бөлүнбөйт деп эсептейт, - деди Исмаилованын адвокаты.

Намазли Исмаилова абактан чыккандан кийин Клуни менен кездешип, армяндардын массалык кыргыны боюнча “кыйла реалдуу маалыматтарды” бере аларынан үмүтү бардыгын да кошумчалады.

Ушул тапта Мальдив Республикасынын экс-президенти Мохамед Нашинин адвокаты болуп жүргөн Амаль Клунинин айтымында, Исмаилова бөтөнчө каарман аял.

- Ал өзгөчө эрктүү аял, тилекке каршы, ал азыр темир тор артында. Ага коюлган айыптардын арасында кимдир бирөөнү өзүнүн өмүрүнө кол салууга түрткөн деген кине да бар. Мен медианы укуктук жактан коргогон демилгечи топтун адвокаты менен биргеликте Европанын Адам укуктары боюнча сотуна кайрылам, - деди Амаль Клуни.

Амаль Клуни буга чейин WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж, Украинанын мурдагы премьери Юлия Тимошенко баштаган бир катар белгилүү адамдардын ишинде адвокат болуп катышкан.

Амаль Клуни атактуу Голливуд жылдызы Жорж Клунинин жубайы.
Амаль Клуни атактуу Голливуд жылдызы Жорж Клунинин жубайы.

"Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташкан бакулук журналист Хадижа Исмаилова былтыр жети жарым жылга соттолгон. Буга чейин Азербайжандын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн арасындагы коррупциялык иштерди иликтеп жүргөн Исмаилова салык төлөөдөн качкан, мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алектенген жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылган.

Исмаилова өткөн жылдын 5-декабрында Турал Мустафаев аттуу журналисттин арызы боюнча Бакуда камакка алынган. Анда 39 жаштагы Хадижага адамды өз өмүрүн кыюуга жеткирген деген айып коюлган. Кийинчерээк Мустафаев арызын кайтарып алса да, эки ай өтпөй журналистке башка айыптар тагылган.

Азербайжанда журналисттин абакка камалышын бир катар укук коргоо уюмдары сындап чыгышты. Эл аралык коомчулук Исмаилованын камалышы президент Илхам Алиевдин бийликке сын айткандарга каршы жүргүзүп жаткан өнөктүктүн бир бөлүгү катары баалады.

Клуни айым атактуу Голливуд жылдызы Жорж Клунинин жубайы.

XS
SM
MD
LG