Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Ассанж: Лондондон Китого татаал жол


Жулиан Ассанж 2 айдан бери биринчи жолу ачыкка чыкты. 19.08.2012
Жулиан Ассанж 2 айдан бери биринчи жолу ачыкка чыкты. 19.08.2012

Жулиан Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигинин имаратынын балконунда туруп АКШны “желмогуз издөөнү” токтотууга чакырды.

Жекшембиде 2 айдан бери Эквадордун Британиядагы элчилигинде жашырынып отурган ч​уулгандуу Wikileaks интернет сайтынын ээси ачыкка чыкты.

41 жаштагы Австралиянын жараны Жулиан Ассанж Лондондогу Эквадордун элчилигинин имаратынын балконунда туруп, АКШ президенти Барак Обамага кайрылып, америкалыктарды Wikileaks уюмун “желмогуз” көрсөтүүнү токтотууга чакырды:

ен президент Обамадан туура иштерди жасоону суранам. Кошмо Штаттар Wikileaks уюмун "желмогуз" кылып көрсөтүүдөн баш тартсын. Кошмо Штаттар Федералдык иликтөөлөр бюросунун териштирүүсүн токтотсун. Кошмо Штаттар биздин кызматкерлер менен тарапкерлерди куугунтуктабоого убадасын берсин.

Ассанж 2 ай мурун британ баш калаасындагы Эквадордун элчилигине келип жашынган.
Лондондо Эквадордун элчилиги жайгашкан имарат
Лондондо Эквадордун элчилиги жайгашкан имарат
Швеция бийликтери аны козголгон кылмыш иштин негизинде Стокгольмго өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Ассанж шведдерге берилсе, андан ары Кошмо Штаттарга өткөрүлөөрүнөн кооптонот. Ал түзгөн Wikileaks интернет сайты америка өкмөтүнүн жашыруун маанидеги миңдеген документтерин уурдап жарыялаган. Бул ишмердүүлүгү үчүн АКШ соту аны оор айыпка жыгат деп айтылып келет.

Ассанж элчиликтин балконундогу 10 мүнөттүк сөзүндө жашыруун маалыматтарды Wikileaks сайтына берген деген шек менен кармалган америкалык аскер Брэдли Мэннингди бошотууга чакырды.

Өткөн бейшембиде Эквадор Ассанжга саясий баш паанек берилгенин билдирген. Эми баш ооруткан нерсе – чуулгандуу активистти Лондондон алып чыгып кетүү. Британ полициясы ал элчиликтин аймагынан чыкса эле кармап, Швецияга экстрадицияларын жашырбайт.

Ассанж ушундай дипломатиялык чырга айланган кырдаалда баш паанек берген Эквадордун эли менен өлкө жетекчилигине дагы ыраазычылык билдирди:


Эквадордун президенти Рафаэл Корреа
Эквадордун президенти Рафаэл Корреа
- Президент Корреа мага саясий баш паанек берүүдө чечкиндүүлүк көрсөткөнүнө ыраазымын. Ошондой эле өкмөттү, өзгөчө тышкы иштер министри Рикардо Патиного менин саясий баш паанек сураган өтүнүчүмө карата Эквадордун конституциясындагы универсалуу жарандык деген түшүнүктү бекемдегени үчүн рахмат айтам.

Жулиан Ассанж ага Швецияда тагылып жаткан айыптарга токтолгон жок. Аны менен катар эле бүдөмүк туудурган өз келечеги жөнүндө да ооз ачпады. Сөзүнүн аягында Эквадор элчилигинин сыртында кыйкырып, кол булгалап турган санаалаштарына ыраазычылык билдирди.

Түштүк Америка өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер уюму (UNASUR) Эквадордун саясий чечимин колдогон коммюнике таратты.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG