Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Чектөөлөр менен коштолгон Самарканддагы ШКУ саммити


Самарканд.
Самарканд.

Өзбекстан RFE\RL кабарчысына өлкөдөгү маанилүү саясий иш-чараны чагылдырууга соңку 17 жылда биринчи жолу уруксат берди.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-16-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Бул эл аралык жыйынга бир топ башка мамлекеттердин лидерлери да ар кандай макамда катышышат. Буга байланыштуу Самаркандда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, бир катар чектөөлөр киргизилген.

Украинадагы согуш, Азербайжан менен Армениянын ортосунда курчуган абал, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында атышуу менен коштолгон жаңжалдын фонунда өтүп жаткан Самарканддагы саммит дүйнөнүн көңүл чордонунда турат.

Иш-чараны чагылдырууга барган "Настоящее время" телеканалынын кабарчысы Жибек Бегалиева саммит жана ага даярдык тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.

- Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү үчүн Өзбекстанда, тагыраагы Самарканд шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү айтылып жатат. Эмнелерге күбө болдуңуз? Даярдыкка байланыштуу кандай урунттуу учурларды байкадыңыз?

Жибек Бегалиева
Жибек Бегалиева

- Шаарга автоунаа менен кирүүгө мүмкүн эмес экен. Атайын уруксаты бар машинелерге гана уруксат берилиптир. Биз Ташкенттен поезд менен келдик. Шаардын четине блок-посттор коюлган. Башка аймактардан келаткан автоунааларды милиция кызматкерлери токтотуп, калаага киргизбей артка кайтарып жатышат. Транзиттик автоунааларга өзүнчө маршруттар уюштурулуптур. Ал үчүн атайын тиркеме иштелип чыгып, QR код, флаер менен гана уруксат берилет экен. Ал эми шаардын ичиндеги айдоочуларга катаал чектөөлөр киргизилген. Калаанын борбордук бөлүгүнө такыр кире алышпайт. "Тез жардам" же Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин автоунаалары гана жүрө алат. Жөө жүргүнчүлөр өтө эле аз. Окуу жылынын башталышын 19-сентябрга жылдырып коюшуптур. Окуучулар, студенттер бул күндөрү мектепке, окуу жайларга барышпайт экен.


Кытайдан делегация келгени үчүн санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлүптүр. Бизди коронавируска каршы вакцина тапшырганыбызды тастыктаган сертификатыбызды текшеришти. Күн сайын ПЧР анализ тапшырып жатабыз. Жергиликтүү уюштуруучулардын Кытай тарап ушундай талап койгонун айтышты. Алар өзбек дипломаттары, атайын кызматтын өкүлдөрү менен чогуу уюштуруу ишине көз салып жүрүшүптүр.

- Шанхай кызматташтык уюмунун саммити буга чейин да альянска мүчө ар кайсы мамлекеттерде өткөрүлүп келген. Бирок бул ирет Украинадагы согуштан улам эл аралык саясаттагы көз караштар кескин айырмаланган учурга туш келди. Самарканддагы саммит дагы эмнеси менен маанилүү болуп турат?

- Бул ирет ШКУ саммитине уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринен башка да ар кандай макамдагы мамлекеттердин бир топ лидерлери келет экен. Бирок бул эң башкы жаңылык эмес. Учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда маанилүү жолугушуулар болот экен. Мисалы, Украинадагы согушта Орусиянын аскерлери артка чегинип жатат. Андан бери журналисттердин алдына чыга элек. Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чатак күчөдү. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында абал кайра курчуп кетти. Аталган өлкөлөрдүн лидерлери - Илхам Алиев, Никол Пашинян, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон Самаркандга келишет. Ошондуктан, бул жердеги окуяларга, айрыкча, орус президенти Владимир Путин менен Кытай лидери Си Цзинпиндин жолугушуусуна өзгөчө маани берилет сыягы. Анткени, Украинадагы окуялардан улам Орусияга чоң санкциялар салынган эмеспи. Бул саммит дүйнөнүн назарын өзүнө буруп тургандыктан, жергиликтүүлөр аны Өзбекстандын эгемен тарыхындагы орчундуу иш-чаралар катары эсептешет.


- Саммитте бир катар эл аралык келишимдер талкууланып, кол коюлат деп айтылган. Арасында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу келишими да бар. Бул жаатта алдын ала кандайдыр маалымат берилдиби?

- Аталган документке кол коюлушу чынында көптөн бери күтүлүп жатат жана саммиттеги маанилүү бөлүктөрдүн бири. Мен сураштырып көрсөм, уюштуруучулардын бири азыркы тапта да документтин үстүндө адистер иштеп жатышканын айтты. Жума күнү (16-сентябрда) кол коюлушу мүмкүн дешти. Бул долбоорго байланыштуу азырынча мындан башка кошумча маалымат биле алган жокмун. Өзбекстандын өзүндө да буга өзгөчө көңүл бурулуп жатыптыр.

- Өзбекстан "Эркин Европа\Азаттык" (RFR\RL) радиосунун журналистине, тагыраагы радионун "Настоящее время" каналында кабарчы болуп иштеген сизге аккредитация берди. Акыркы 20 жылдай убакыттан бери "Азаттыктын" кабарчыларына Өзбекстандын саясий же башка иш-чараларды чагылдырууга уруксат берилчү эмес. Бул оңой эле болдубу?

-Муну биз үчүн тарыхый окуя деп да айтсак болот. Анткени, "Азаттык" радиосунун кызматкерлерине 2005-жылдан бери Өзбекстандын аймагында иштегенге уруксат берилчү эмес. Ал тургай "Азаттыктын" өзбек кызматына да уруксат жок. Азыр деле бул жакта "Азаттыктын" сайттары ачылбайт. Былтыр президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн да документтерди тапшырганбыз, бирок аккредитация беришкен эмес. Мунусунда да бербейт деп ойлогонбуз, бирок күтүлбөгөндөй макул болушту. Бул биз үчүн өтө маанилүү.

Жергиликтүү журналисттерге уюштурулган пресс-борбор. Самарканд, 14-сентябрь.
Жергиликтүү журналисттерге уюштурулган пресс-борбор. Самарканд, 14-сентябрь.

- Саммитти чагылдыруу үчүн журналисттерге бирдей шарт түзүлүптүрбү? Кандай шартта иштеп жатасыңар?

-Менин байкашымча, шарттар бирдей эле. Бүгүн жергиликтүү журналисттерге түзүлгөн пресс-борборго барып келдик. Эртең (15-сентябрда) чет элдик журналисттерге мындан чоң жана жакшы жабдылган пресс-борбор болот экен. Бирок айта кетчү жагдай, башка өлкөлөрдө уюштурулган саммиттерге барган журналисттер өз алдынча шаарга чыгып, автоунаа жалдап, кабарчылык милдетин каалагандай аткара алат. Бирок бул жерде андай мүмкүнчүлүк жок. Бизге атайын автоунаа беришти, жаныбызда мамлекеттик органдын басма сөз кызматынын адиси жүрөт. Муну алар бизге көмөк көрсөтүү катары сыпатташууда. Ал адис биз маек алган жерлерде жаныбызда болуп жатат. Ошентсе да ага көз каранды болбой, өзүбүзчө маек алганга аракет кылып жүрөбүз. Көчөдө эркин иштегенге азырынча шарт жок.

- Бош убакытта тарыхый Самарканд шаарын көрүүгө, таанышууга мүмкүнчүлүк беришет бекен?

-Видеокамерасы жок чыксак болсо керек. Бирок ага азырынча убактыбыз жок. Колубузда камера, микрофон болсо сөзсүз биз менен мамлекеттик кызматкер жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG