Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

"Кытай позициясын бекемдөөнү көздөйт". Си Цзинпиндин сапарынын максаты кандай?


Кытайдын президенти Си Цзинпин (оңдо) жана казак президенти Касым-Жомарт Токаев. Бээжин. 11-сентябрь, 2019-жыл.
Кытайдын президенти Си Цзинпин (оңдо) жана казак президенти Касым-Жомарт Токаев. Бээжин. 11-сентябрь, 2019-жыл.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин эмне үчүн Казакстанга келүүдө? Бээжин Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүнү көздөп жатабы?

Чөлкөм Кытай менен Орусиянын айыгышкан атаандаштыгынын аренасына айланышы мүмкүнбү? “Азаттыктын” казак кызматы бул темада Карнеги корунун Кытай жана Борбор Азия боюнча эксперти Темур Умаров менен маектешти. Маектин кыскартылган котормосун сунуштайбыз.

14-сентябрда Си Цзиньпин Казакстанга бир күндүк иш сапары менен келип, президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары пландалган. Акордонун маалыматына караганда, алар “казак-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоону талкуулашат”.

Жолугушуудан кийин эки лидер Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышуу үчүн Самаркандга барышат. Өзбекстандагы саммиттин алкагында Си Цзинпин Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү кабарланган.

"Азаттык": Эки жарым жылдан бери чет мамлекетке сапар жасай элек Си Цзинпин эмне үчүн Казакстанды тандап алды? Бул сапар Бээжиндин Казакстанга жана жалпы Борбор Азияга таасирин кеңейтүүгө умтулуусун көрсөтөбү?

Темур Умаров: Биринчиден, муну Кытайдын Казакстандагы Январь окуясынын жыйынтыгына жасаган мамилеси катары карашыбыз керек. Кандай күтүлбөгөн окуялар болгону эсибизде, Кытай Орусиядан айырмаланып, жагдайга кийлигишүү түгүл, кырдаалды жакшы түшүнбөй да калган. Ошондуктан, менимче, биринчи кезекте бул сапарды Кытайдын Казакстандагы позициясын жакшыртуу аракети катары баалоо керек. Бул Кытай үчүн бери дегенде географиялык жактан маанилүү. Себеби, Казакстан менен чек арасы узун жана коопсуздук маселелеринде маанилүү өнөктөш.

“Азаттык”: Эксперттик чөйрөдө Орусия Украинада согушуп жаткан кезде Кытай Борбор Азияда өз дараметин арттырууну көздөп жатканы айтылууда. Сиздин оюңуз кандай?

Темур Умаров
Темур Умаров

Темур Умаров: Менимче, Кытай азыр кандайдыр бир мүмкүнчүлүктү карап жатканы абсолюттук чындыкка дал келбейт. Тескерисинче, Украинадагы согуш Борбор Азия үчүн Орусиядан башка дүйнө менен мамилени кеңейтүү, Орусияга болгон көз карандылыкты азайтуу керектиги тууралуу белги берип жатканына күбө болуудамын. Анткени Орусия менен кызматташууну күчөтүү азыр сөзсүз түрдө туңгуюкка түртөт. Албетте, Борбор Азия бул көз карандылыкты алсыратыш үчүн башка кайсы мамлекеттер менен мамилени чыңашы керектиги жөнүндө ойлогондо, биринчи кезекте Кытай ойго келет. Бул өз ара жараян - Кытай бул жагынан суроо-талапка сунуш менен жооп берет. Кытай Орусиянын ордун басууга даяр деп айтуу кыйын. Кытай өзүнүн чөлкөмдөгү ролуна абдан прагматик жана позициясын эске алганда, Орусия менен кызматташууга каршы эмес.

“Азаттык”: Эл аралык басылмалар Борбор Азия өлкөлөрү Кытайды таяна турган держава катары кабылдап, ал тургай Бээжиндин колдоосун сезип, тышкы саясатта тайманбаган кадамдарга бара баштады деген пикирди айтышууда. Маселен, Токаевдин “ЛНР” менен “ДНРди” тааныбоо жөнүндөгү билдирүүсүн ушуга байланыштырышат. Сиз кандай ойлойсуз?

Темур Умаров: Кытай Токаевдин ишенимине негизги себепкер деп эсептебейм. Албетте, айтылган билдирүүлөр Кремлдин көз карашынан караганда бир топ тайманбастай көрүнөт. Бирок Казакстан кызыл сызыктан аша элек: Кремлди сындабайт, согушту айыптабайт жана окуялар тууралуу кылдаттык менен сүйлөйт. Ошол эле учурда ал Орусияны колдоого даяр эмес экенин көрсөтүп жатат. Менимче, Казакстан коопсуздук зонасында турат жана ал азыр Орусия үчүн тарыхта болуп көрбөгөндөй баалуу өнөктөш экенин эске алууда.

Кошумчалай кетсек, Казакстан азыр Орусиянын бардык ресурстары Украинага багытталганын, анын колу башка өлкөлөргө жетпей жатканын түшүнөт. Албетте, Кытайга географиялык жакындыктын артыкчылыктары бар. Бирок муну казак жетекчилигине ишеним берген негизги фактор эмес, факторлордун бири десек болот.

“Азаттык”: Си Цзинпин Казакстандан кийин 15-16-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтө турган Самаркандга барууну пландап жатат. Кытай лидери ал жерде Орусиянын президенти Путин менен Москванын Украинага басып киришинен кийин алгач ирет кезигишет деп күтүлүүдө. Алар эмнени талкуулашы мүмкүн?

Темур Умаров: Алар сөзсүз талкуулай турган маселе - НАТОго каршылык көрсөтүү. Кытай, балким, дагы бир жолу Орусиянын Евразиядагы коопсуздук кызыкчылыктарын колдой турганын жана АКШ гегемон болгон дүйнөлүк эреже туура эмес экенин айтат.

Украинада болуп жаткан окуяларга Кытайдын реакциясы аздыр-көптүр бейтарап болду. Кытай Украинанын бүтүндүгүн жана эгемендигин жактай турганын жарыялайт. Бирок ал эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болгон Орусияны сындабайт. Си Цзинпиндин Борбор Азияга сапары Кытайдын бейтараптыгын көрсөтүп турат. Эгерде Кытайдын лидери биринчи сапарын Орусияга жасаган болсо, бул, биринчиден, прагматикалык кадамдай көрүнмөк эмес. Экинчиден, анын азыр Кытайга кереги жок. Орусиянын ансыз деле барар жери жок, Кытай менен мамилесин арттырууга аргасыз болот. Борбор Азия - Путин менен бир убакта жолугуп, “адилетсиз эл аралык эреже” тууралуу сүйлөшө ала турган жакшы аянтчадай көрүнөт.

Азаттык: Кытай Кыргызстан менен Өзбекстанга темир жол куруу долбоорун ишке ашырууга аракеттенүүдө. Батыш басылмалары Москва Бээжиндин аймактагы долбоорлоруна каршы чыкпастыгын, анткени эл аралык аренада Кытайдын колдоосуна ишенүүнү каалай турганын жазды.

Темур Умаров: Балким, бул темир жол Орусия үчүн пайдасыздыр, бирок буга каршы туруу үчүн реалдуу негиздери жок. Мен Кыргызстандын өзүндө темир жолдун курулушундагы негизги тоскоолдукту көрүп турам, ал жерде бажыдан жакшы акча таап, азыркы абалды өзгөрткүсү келбеген элитанын айрым топтору бар. Кытай менен Кыргызстандын статистикасын соода боюнча салыштыра турган болсок, миллиарддаган доллар айырманы көрөбүз. Ал акча бажыны көзөмөлдөгөн адамдардын чөнтөгүнө түшкөн. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылы темир жолдун курулушун баштоону убада кылууда, бирок акыркы 20 жылда мындай сүйлөшүүлөр көп болгон. Азыр бир нерсе өзгөрдүбү? Балким, өзгөргөндүр. Өзбекстан мурда болуп көрбөгөндөй активдешип, долбоордун ишке ашырылышына кызыкдар жана аны жарым-жартылай каржылоого даяр. Кытай дагы жолду курууга кызыкдар, бирок кезектеги жаңжалдан чочулоодо. Кытайдын Борбор Азиядагы көптөгөн ири долбоорлору жаңжалдар жана коррупциялык айыптоолор менен аяктаганы, ага жергиликтүү элиталар аралашканы жакшы эсибизде. Долбоордун ишке ашышына күбө болобузбу, бул чоң суроо. Бирок ШКУнун саммитинде алар долбоорду талкуулашат, балким кай бир документке кол коюшат деп ишенем.

Азаттык: “Азаттык”: Сиздин оюңузча, Борбор Азия Москва менен Бээжиндин айкын атаандаштык аймагына айланабы?

Темур Умаров: Жок. Москва буга кызыкдар эмес, азыр ага Бээжин эң маанилүү өнөктөш, ал эми Борбор Азия өлкөлөрү абдан баалуу өнөктөш. Буга Кытай деле кызыкдар эмес, Орусия Борбор Азияда дагы эле үстөмдүк кылуучу күч экенин абдан жакшы түшүнөт. Кытай Борбор Азиядагы позициясын бекемдегиси келсе, Орусия менен каршылашпай, кызматташууга тийиш экенин түшүнөт.

Эки державанын ортосундагы атаандаштык Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да пайдасыз. Географиялык жактан дүйнөдөн обочолонгон чөлкөм өз аймагында эки чоң кошунасынын согушушун каалабайт.

Борбор Азия Батыш өлкөлөрү, Орусия, Кытай, Жапония жана Индия биргелешип кызматташып, аймакты өнүктүргөн идеалдуу дүйнөнү каадайт. Бирок ал элестетүү мүмкүн болбогон картина.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG