Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:21

АКШ Борбор Азияга кандай саясат карманат?


АКШ Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Конгресстеги угууда аймактагы кырдаал тууралуу сөз сүйлөдү. (Сүрөттө: Роберт Блейк Бишкекте, 17-январь, 2013).
АКШ Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Конгресстеги угууда аймактагы кырдаал тууралуу сөз сүйлөдү. (Сүрөттө: Роберт Блейк Бишкекте, 17-январь, 2013).

Борбор Азияга исламчыл согушкерлерден түз коркунуч жоктугу АКШ Конгрессиндеги угууда айтылды.

Угуу Конгресс, Мамлекеттик департамент жана Пентагон аймактын өлкөлөрүнө, өзгөчө Өзбекстанга аскерий жардамды кеңейтүү маселесин талкуулап жаткан учурга туш келди.

Исламчыл согушкерлерден коркунуч барбы?

АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитети бул аптада исламчыл согушкерлердин Борбор Азия аймагына туудурган ыктымал коркунучу боюнча угуу өткөрдү.

Маселенин күн тартибине чыгышы - ириде АКШ келерки жылы Ооганстандан аскерлерин алып кетерине байланыштуу. Угууга конгрессмендер, администрация өкүлдөрү, Борбор Азияга адистешкен талдоочулар катышты.

АКШнын Борбор Азияны тейлеген башкы дипломаттарынын айтымында, аймак үчүн бүгүн исламчыл согушкерлерден түздөн-түз коркунуч жок, бирок коргонуу кубатын чыңдоо муктаждыгы бар.

Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк угууда буларды айтты:

- Биз Борбор Азия өлкөлөрүнө исламчыл согушкерлерден тикелей коркунуч бар деп эсептебейбиз. Анткен менен азыр өзүңдү өзүң жоошуткудай учур эмес. Биздин чет элдик жардам программаларыбыз Борбор Азия мамлекеттеринин трансулуттук коркунучтар, атап айтканда исламчыл согушкерлер менен күрөшүү потенциалын чыңдоого, аймактын экономикалык интеграциясына жана өнүгүүсүнө көмөктөшүүнү көздөйт. Борбор Азияда проблемалардын кеңири топтому бар. Башка көптөгөн коомдордукундай эле ал алыскы келечекте радикализмдин булагы болушу мүмкүн жана АКШ менен биздин өнөктөштөрдүн коопсуздук кызыкчылыктарына коркунуч туудурат. Бул көйгөйлөрдү чечүү бизден такай кыраакылыкты жана аймак менен карым-катышты талап кылат.

Угуу учурунда Борбор Азиядагы жалпы жагдайга да баа берилип, АКШ аймакта кандай саясатты кармануусу керектиги боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Конгресстин Массачусетс штатынан шайланган мүчөсү, демократ Уильям Китинг:

- АКШ азыр кээ бир өкмөттөр экстремисттердин же согушкерлердин тамырын авторитардык башкаруу аркылуу кантип кыркууну тандаганы боюнча саясий диллемага кептелди. Бирок акыркы кездери биз араб дүйнөсүнүн көптөгөн мисалдарынан күбө болгондой, авторитардык ыкмалар таарынычка, карама-каршылык, а түгүл кыянатчылыктар менен коштолгон козголоңдорго алып барат. Бул жаман адат жана биз борбор азиялык өнөктөштөрүбүз менен мындан арылуу үстүндө иштөөнүн жолун табышыбыз керек.

Мамлекеттик катчынын жардамчысы Роберт Блейк "Араб жазын" башынан өткөргөн өлкөлөр менен Борбор Азиядагы кырдаалды мындайча салыштырды:

- Биз "Араб жазынын" тажрыйбасын көп айтабыз. Биздин оюбузча, андан Борбор Азия үчүн эки чоң сабак бар. Биринчиси - алар коррупция менен күрөшүүсү керек. Экинчиси - жарандык коомдун аракеттенүү мейкиндигин кеңейтиши абзел. Тилекке каршы Борбор Азиянын басымдуу бөлүгүндө тенденция тескери көздөй кетүүдө. Алардын көбү Ооганстандагы өткөөл мезгил үчүн даярданып, жарандык коомдун жолун жабышууда.

EurasiaNet интернет басылмасы жазгандай, бул жолку угуу АКШ Конгресси, Мамлекеттик департамент жана Пентагон Борбор Азия мамлекеттерине, өзгөчө Өзбекстанга аскерий жардамды кеңейтүү маселесин талкуулап жаткан учурга туш келди. Аскерий жардам маселесинде айрыкча Өзбекстан тууралуу сөз болду.

Өзбекстанга жардам

Өзү АКШнын Өзбекстанга кошумча берилет делген аскерий жардамы адам укугун коргоочуларды кыйла кооптондурган эле. Алардын пикиринде, Ташкент ислам радикализминин коркунучун өзүнүн катаал диктатурасын актоо үчүн апыртып жиберет.

Укук коргоочу активисттер ошондой эле америкалык жабдуулар азыркы жана болочоктогу саясий оппоненттерге жана демонстранттарга каршы колдонулуп калышы ыктымал деп да чочулашат.

Угууга катышкан эксперттердин бири Вашингтондогу Heritage корунун өкүлү Ариэл Коэн “америкалык аскерий жардам абдан этият берилип, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын репрессиялык кубатын күчөтпөөсү” зарылдыгына токтолду. Бирок мамлекеттик катчынын Борбор Азия боюнча жардамчысы жогорудагыдай кооптонууларды басаңдатууга аракеттенди.

Ал ишендиргендей, АКШ аймактын терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү кубатын арттырууга кол кабыш кылуу менен бирге адам укуктары урматталышын жана демократиялык реформаларды колдойт. Дипломат ага катар Ташкент адам укуктарын жакшыртуу боюнча кадамдарды жасай баштады деп ырастады.

Роберт Блейк белгилегендей, Кошмо Штаттардын Өзбекстанга берүүчү аскерий жардамы адам өмүрүн кыйуучу курал-жаракты камтыбайт. Өзбекстан курал-жарактын чабуул коюучу түрлөрүн эмес, коргонуу каражаттарын сураган.

EurasiaNet интернет басылмасы жазгандай, Роберт Блейк угуудан кийин кабарчылар менен маегинде Мамлекеттик департамент Конгресске Өзбекстанга учуусуз башкаруудагы учактарды же аппараттарды берүү ниетин расмий кабарлаганын да айткан.

Ушул эле басылма февралдын аягында Ташкентке барып келген республикачыл конгрессмен Дан Рохрабахерге шилтеме жасап, президент Каримов алар менен жолугушуу учурунда АКШ менен аскерий кызматташтыкты абдан кеңейтүүнү ишара кылганын жазат.

“Ал бизге мурдагы советтик жабдуулардын баарын америкалык жабдуу менен алмаштырууга артыкчылык берээрин каңкуулады”, - деди конгрессмен угуу учурунда.

"Прагматикалык саясат"

Айтор АКШ Өзбекстанга кандай жана канча көлөмдө аскерий жардам берери ачыктала элек. Бирок тажикстандык саясат таануучу Саймудин Дустовдун пикиринде, АКШ жана НАТО өлкөлөрүнүн Ооганстандан чыгуусунан эң көп пайданы Өзбекстан көрчүдөй. Дустов муну Ташкент тышкы саясатты абдан прагматикалуу жүргүзгөнүнө байланыштырат:

- Өзбекстан акыркы үч жыл ичинде Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрү жана НАТОго эксклюзивдүү транзиттик аймак болуш үчүн баарын жасады. Ташкент Москваны да алдап кете алды. Алар алдыда чоң аскерий жардам алат жана ролу мурдагыдан да жогорулайт. Өзбекстандын тышкы саясатынын артыкчылыгы ал мээсинен сөөгүнө чейин прагматикалуу экендигинде. Менимче, Өзбекстан АКШдан алынуучу жардамдын аркасында өз армиясын НАТОнун стандарттарына жакындатууга умтулат. Буга Кремль да, Астана да, Бишкек менен Дүйшөмбүнү айтпай эле койолу, тоскоолдук кыла албайт.

Мамлекеттик департамент жарыялаган соңку бюджеттик документтерге караганда, Борбор Азияга алар аркылуу берилүүчү жардамдын жалпы көлөмү быйыл 13% азаят, бирок коопсуздукка мурдагыдай эле көлөмдө каражат калат.

Атап айтканда, Мамдепартамент өз программалары аркылуу Борбор Азияга былтыр 133,6 миллион доллар каражат сарптаса, быйыл бул көрсөткүч 118,3 миллионду түзөт. Мунун 30,3 миллион доллары коопсуздук программаларына багытталган.

Мамлекеттик департамент аркылуу Борбор Азиядан эң көп жардам алган Кыргызстан экен. Быйыл Кыргызстанга келүүсү мерчемделген жардамдын жалпы суммасы 47 миллион, Тажикстандыкы 45 миллион, ал эми Өзбекстандыкы 12, 6 миллион доларды түзөт. Бирок буга АКШнын аскерий жардамынын басымдуу бөлүгү камтылган жана Коргоо министрлиги - Пентагон башкарган программалар кирбейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG