Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:56

Рахмон азык-түлүктү эрте камдоого чакырды


Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

Орусиялык маалымдоо каражаттарында постсоветтик Борбор Азия темасы да чагылдырылат.

ИноСМИ.ру интернет басылмасы Тажикстан бийликтин көзөмөлүнө баш ийбеген чакан намазканаларды жаба баштаганын баяндайт.

2009-жылдан бери сыйынуучу жайларга тыкыр көз салган тажик бийлиги эми мыйзамсыз иштеген намазканаларды аёосуз жаба баштады. Жалпысынан коңшу өлкөдө төрт миңдей мечит катталып, уруксаты жок иштеген миңге жакын намазкана жабылган. Өкмөт намазканалардын бошогон имараттарын жергиликтүү ишкерлерге чакан ишкана ачууга берген. Тажикстан буга чейин эле 18 жашка чыга элек өспүрүмдөргө жума намазга барууга тыюу салып, мечиттердин аянты менен зыяратчылардын санын көзөмөлдөп келген. Тажикстанда жамаат чогултуп, намаз окууга бир гана имамга уруксат экени, өз алдынча диний ишмердүүлүк жүргүзгөндөр экстремизм боюнча кылмыш жазасына тартылары макалада белгиленет.

Тажикстан каатчылыкка кам көрүүдөбү?

РБК басылмасы "тажик бийлиги карапайым калкка азык-түлүктү бир-эки жылга белендеп, суу менен болушунча кенен камсыз болууну сунуштады" деп жазат. Президент Эмомали Рахмон кышта кар аз түшкөнүн жүйө кылып, алдыда кургакчылык жана түшүм аз болорун эскертти. Мамлекет башчысы тажик элин жайында эгин аянттарын мүмкүн болушунча сугарып, азык-түлүктү алдын ала камдоого чакырган. Коңшу мамлекетте бир жыл ичинде базарда сомони 30 пайызга чейин арзандап кеткен. Ошондой эле былтыр Тажикстанда бардык акча алмаштыруучу жайлар жабылган. Тажик бийлиги жайындагы кургакчылык тууралуу коңшуларына дагы кулак кагыш кылган.

АКШда каза болгон балдардын чуусу

"Взгляд" басылмасы Казакстанда чет өлкөлүктөргө казакстандык балдарды асырап алууга жол бербей турган мыйзам долбоору талкууланып жатканын маалымдады.

Мындай кырдаалдын жаралышына өткөн жумада АКШда 51 жаштагы жаран Казакстандан багып алган эки баласы менен аялын кошо атып салганы себеп болгон. Каза болгон ага-ини 14 жыл мурун Казакстандагы балдар үйүнөн АКШга асыранды болуп кеткен. Казак парламентинин депутаты Камал Бурханов тараптар бир чечимге келе албай жатканын белгилеп, чет өлкөлөргө көбүнчө тубаса оорулуу балдар багууга кетип жатканын эскерткен. Бала асырап алуучу чет өлкөлүктөргө көмөк көрсөткөн ортомчу уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү, биринчи кезекте бала багып алууну каалаган өлкө ичиндеги үй-бүлөлөргө шарт түзүү боюнча сунуштар каралууда. Орусия төрт жыл мурун чет өлкөлүктөргө орус балдарын багып алууга чектөө койгон.

Түркмөнбашы аялдарды куттуктайт

Регнум маалымат агенттиги түркмөнбашы Гурбангулы Бердимухаммедов 8-мартка карата бардык түркмөн аялдарына 11 доллар (700-750 сом) белек кыларын кабарлайт. Акчалай белектер бала бакчадагы наристе кыздардан тарта ардактуу эс алуудагы чоң энелерге чейин берилери айтылат. Түркмөн аялдарын урматтап-сыйлоого чакырган президент мындай куттуктоону салтка айланткан. Ал акыркы үч-төрт жылдан бери Түркмөнстандагы жалпы аялзатын өз атынан куттуктап келет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG