Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Казакстан коңшусуна ок-дары берет


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Астанага сапары. 2014-жыл
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Астанага сапары. 2014-жыл

Борбор Азияда армиясынын кубаттуулугу боюнча Өзбекстан алдыда, Казакстан Кыргызстанга аскерий ок-дары жактан колдоо көрсөтөт...

“Московский Комсомолец” басылмасы Казакстан Кыргызстанга 5 миллион ок-дары, түтүн чыгаруучу 4 миң граната бекер берип жатканын кабарлайт. Макалада казак өкмөтү жарактуулук мөөнөтү бүтүп бара жаткан артыкбаш оокаттан кутулуп жатканы белгиленет. Керектөөдөн чыгып калса, өкмөт өз чөнтөгүнөн ок-дарыны жок кылышы зарыл. Акчасын үнөмдөп, коңшусунун да көңүлүн алууну чечкен Казакстан быйыл жылына 30 миллион патрон чыгаруучу завод курууга бел байлаганы дагы макалада кошумчаланат.

Регнум маалымат агенттиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен армиянын кубаты жагынан Түркмөнстан эң артта калганын жазып чыкты. Global Firepower аскерий-аналитикалык эл аралык портал дүйнөдөгү 126 мамлекеттин армиясына баа берип, күчтүүлөрдүн тизмесин жарыялаган.

Эң алдыңкы үч сапты АКШ, Орусия жана Кытай ээлеген. Ал эми Борбор Азияда эң күчтүү деп таанылган Өзбекстандын армиясы жалпы рейтингде 54-катарда турса, Казакстан 66, Кыргызстан 78, Тажикстан 81, ал эми Түркмөнстан 90-орунга ээ болгон.

Уюмдун эсеби боюнча, кыргыз армиясында жалпысынан 150 танк, 438 бронетранспортер, беш аскерий учак жана башка 159 оор техника бар. Кыргыз армиясы түркмөн армиясынан аскерге жарамдуу жарандарынын саны боюнча гана алдыда.

Gazeta.ru басылмасы "тажик бийлигин өлкөдөгү Орусиянын 201-базасындагы аскерлердин кыскарышы кооптондурууда" деп жазды.

Өткөн жылы Тажикстандын Куляб шаарындагы орусиялыктардын 149-мотоаткычтар тобу чыгарылып, аскерий шаарча тажик бийликтеринин көзөмөлүнө берилген. Куляб Ооганстандан 40 чакырым алыс жайгашкан коркунучтуу аймак болуп эсептелет. Андан тышкары быйыл орусиялык 201-база дивизиондуктан бригадалык штатка өтөрү макалада айтылат. Аскерий эксперт Александр Гольц бул базадагы күчтөр 7,5 миң аскерден 5 миңге чейин кыскарарын түшүндүрөт деп белгилеген. Адистер "Орусия Сириядагы аскерий иш-чараларга кеткен чыгымдардын айынан Тажикстандагы аскерий күчтөрүн кыскартууга мажбур болууда" деп белгилешет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG