Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:18

Өзбек диниятчылары ИМдин "ишин" жектеди


Ташкенттеги мечит
Ташкенттеги мечит

Өзбекстандын дин иштер башкармалыгы “Ислам мамлекети” тобу өзүнө жоопкерчилигин алган Париждеги террордук чабуулдарды кескин айыптаган билдирүү менен чыкты.

Диний башкармалык башчысы - муфтийдин орун басары Абдулазиз Мансур бул окуяны ислам динин жамынган террорчу-жанкечтилер тобунун бузукулугу катары баалап, алардын мындай аракеттерин ислам дининин эрежелерине сыйбай турган зомбулук катары мүнөздөдү. Буга чейин Ташкенде “Ислам мамлекети” тобу менен кызматташкан деген кине менен жүздөн ашуун адам камакка алынган.

Исламга жат террорчулук

Өзбекстандын дин иштер башкармалыгы 13-ноябрь күнү Франциянын борбору Парижде болгон террордук чабуулдарды айыптап чыкты. Өзбекстан муфтиятынын билдирүүсүндө кеминде 132 адамдын өмүрүн алып, үч жүздөн ашуун адам жараат алган бул канды булоон үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган “Ислам мамлекети” тобунун аракеттерин кескин сынга алынган. Өзбекстандын муфтийинин орун басары Абдулазиз Мансур “Ислам мамлекети” деген аталыштагы бул топтун кандуу аракеттери ислам динине каршы келерин айтты:

- Азыр Ташкентте ким менен учурашсам дагы мына ушул окуяга көңүл бурган эле адамдар. Бардыгы эле “жаман окуя болду, ушундай дагы болобу, ислам динибизди жамынган мына ошондой топтор ар кандай бузуку иштерин кыла береби?” деп кыжырланып жатышат. Ислам дининде каапыр болсо дагы, мушрик болсо дагы мусулмандарга тийишпей, өзү менен өзү болгондорго каршы кыргын кылып, зордук-зомбулук кылыш туура эмес деп айтылат. “Ислам мамлекети” деген аталыш менен өзүнө ат коюп алган бул уюм, чынында өздөрүнүн ким экенин көргөздү.

“Террорчулуктун запкысы ар бир өлкөгө тийиши мүмкүн”

Ошол эле кезде муфтийдин орун басары Абдулазиз Мансур ислам динине жамынып алып, өздөрүнүн тар кызыкчылыгы үчүн террордук аракеттерди жана бузукулук иштерди уюштурууга кызыкдар күчтөр Өзбекстандын аймагында дагы болушу мүмкүн экенин айткан. Мына ошондуктан Абдулазиз Мансур туура эмес багыттагы диний агымдарга каршы күрөштү күчөтүп, калк арасында ак менен караны айырмалоого багыт бере турган түшүндүрүү иштери жогорку деңгээлде колго алынууга тийиш деп эсептейт. Абдулазиз Мансур дүйнө жүзүнө коркунуч алып келип жаткан эл аралык террордук уюмдардын запкысы кайсы бир өлкөгө тийбей калышы мүмкүн эмес деген пикирде:

- Дүйнөдөгү бир дагы мамлекет “биз тынчпыз, бизге мунун азыр эч кандай тиешеси жок” деп айта албайт. Муну биздин мамлекеттин жетекчилери дагы айтты. Көрүп турасыздар. Алар бизден бир нече эсе жогору шартта иш алып барышууда. Интернет тармагы аркылуу жаштардын өкүлдөрүн өзүнө тартып, азгырып алышууда. Ошон үчүн ар кимибиз өтө этият болушубуз керек. Мына ошого байланыштуу биздин диний башкармалык дагы түшүндүрүү иштерине даярдык көрүүдө. Эмдиги жумадан баштап Париждеги окуянын кесепеттери туурасында насааттар айтылат. Ислам дининин таалимдерин башкача кылып бузуп, аны дүйнөгө көргөзүү бул – кечирип бүтпөй турган күнөө.

Өзбекстандын муфтиятынын Париждеги террордук чабуулдарды айыптаган билдирүүсү Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндөгү дин башкармалыктарынын арасынан биринчилерден болду. Азырынча Париждеги канды булоон тууралуу башка Борбор Азия өлкөлөрүнүн дин башкармалыктары билдирүү жарыялаша элек.

Буга чейин Өзбекстандын укук коргоо органдары “Ислам мамлекети” тобу менен кызматташууга барган деген шек менен өткөн эки жума аралыгында 150 жаранды кармап, камакка алган. Кармалгандардын көпчүлүгүн “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөлөрү же сыртта иштеп жүрүп, өлкөгө жакында эле келген карапайым эмгек мигранттары түзөт деген маалымат жарыяланган.

XS
SM
MD
LG