Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Ташкенде 150 адам ИМ тобуна катышы бар деп камакка алынды


Бул тууралуу өзбекстандык укук коргоочу Сурат Икрамов “Азаттыктын” өзбек кызматына маалымдады. Анын айтуусунда, соңку эки жума аралыгында Ташкенде өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террорчул тобуна жана башка экстремисттик уюмдарга катышы бар деген негиз менен кармалгандардын саны 150дөн ашты. Камакка алынгандардын басымдуу бөлүгү чет мамлекеттерде иштеп кайткан эмгек мигранттары.

Өзбекстанда ушул тапта радикал топтор менен байланышы барларды кармоо үчүн жаңы күчтөр тартылганы кабарланууда.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, милиция, коопсуздук кызматтардын жана башка тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү үймө-үй кыдырып, шектүүлөрдү аныктоого киришти.

Укук коргоочу Сурат Икрамов күч органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн негизги милдетин аткаруудан убактылуу бошотулганын жана экстремизмге шектүү адамдарды аныктоо менен алектене баштаганын кошумчалады.

Өзбек күч органдары кармалгандардын көпчүлүгү салафилер экенин, алар ишкерлик менен шугулданып, ошол эле кезде Кыргызстандагы шериктери аркылуу террордук топтордун согушкерлери менен байланышта болгонун билдирүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG