Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Асанкулдун күлкүсү



Айтылуу куудул Асанкул Шаршеновдун (1927-1993) азилдеринен дагы бир шиңгил.

* * * * *

Күндөрдүн биринде кыргыз өнөрпоздору Түштүк Сибирге, Эне-Сайдын башатындагы Тыва жумуриятына оюн коюп барып калышат.

Тывалыктардын өкүлү, саат басып, кыргыз тобунун өкүлүнөн “Кыргызстандын жалпы аймагы канча чарчы чакырым?” деп капысынан сурап калса болобу!

Мындай суроонун жообун мектеп партасынан бери унутуп койгон алиги өкүл кызарып-татарып, берки кесиптештерине жалооруп жардам сурагандай карап калыптыр.

Анда Асанкул:

- Өзүңөр уккандырсыңар, Кыргызстандын жер шартынын 99 пайызы тоолордон турат. Мунун айынан анын аянтынын так эсебин ушул күнгө чейин чыгара албай келатабыз, - деп жооп узатыптыр.


* * * * *

Бири-бирин катуу тамашалашкан төкмө Токтосун Тыныбеков менен Асанкул Шаршенов экөөнө филармония деректири кайсы бир жылдары улам сөгүш жарыялай берген экен.

Кээде бир күндө үч жолу сөгүш алган учурлары болуптур.

Анда Асаке мындай деген тура:

- Эми Токтосун экөөбүз тиги дүйнөгө барганда сөгүш берген кагаздарды чачып ойнойбуз го!

* * * * *

Асаке бир күнү машинасын катуу айдап келатып, "кудай уруп" кызыл жарыкты көрбөй өтүп кеткен экен.

Карап турган МАИнин кызматкери дароо ышкырыгы менен белги бергенде, Асакең аны качыра барып унаасын токтоткон тура.

Жолдон сыртка секире качкан беркинин колун кармап, ал-абалын, үй-бүлөсүн бала-чакасынан өйдө сурап ийиптир.

- Ой, аксакал, кызыл күйүп турса, эмнеге токтотпой өтүп кеттиңиз? – деп МАИчи айтса:

- Айла-анайын, өзүңдөй инимди көргөндө кызыл эмес, балакет жарык болсо да токтобой дароо келип, өзүң менен учурашпай кантип турам! Эми учурашып алдык, сен “токто” деген жериңе токтоп беремин, алдыңа кетейин!

Тиги жигит Асакени таанып күлүп, кайра койо берген экен.

* * * * *

Өнөрпоздор жалыйна алышы үчүн кээде анкеталар жаңыртылып толтурулуп калат эмеспи.

Келдибек Ниязов өзүнүн улуу өнөрпоздордун биринин анкетасын толтуруп жатып:

- Билимиңизди кандай деп жазайын? – деп сурайт.

Берки аксакал:

- Эми “орто билимдүү” деп жаза салчы, - дейт.

- Ой кудай урган, эгерде тиги 4-классты бүткөн эмени “орто билимдүү” деп жазчу болсоң, мен 7-классты бүтүргөм, мени анда “жогорку билимдүү” деп жаз! – дептир Асаке.


* * * * *

Булак: Чотурова Бактыгүл, Ниязов Келдибек. Асанкул куудул. – Бишкек: Бийиктик, 2003. – ISBN 9967-21-631-X., эл оозунан алынган варианттар.
XS
SM
MD
LG