Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Мидин айтты беле, же Райканбы?


Айтылуу куудулдардын айрым азил кептеринин автордугун тактоо – чоӊ түйшүк.

Бир жолу алатоолук эки жазуучу "азилди аӊдагандардын кычуусун кандыргандай бир такмаза кепти ким чыгарган?" деген суроого жооп таба албай, жакалаша кете жаздашат да, айтылуу сатирик Мукамбеткалый Турсуналиевге кайрылышат.

- Муну Мидин Алыбаев эле чыгарган! – дейт бири.

- Койсоӊчу, Райкан Шүкүрбековдун эле стили көрүнүп турбайбы! – беркиси ага көнбөйт.

- Эмесе акыбал мындай, - деп тигилерди Мукамбеткалый элдештирет, - бул анекдотту сага Мидикем айткан, сага болсо Ыракеӊ айтып берген. Аптору болсо - эл.
XS
SM
MD
LG