Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Бишкек араб дүйнөсүнө эмнеси менен кызык? Катар эмиринин сапары


Катар мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Бишкекке мамлекеттик сапары менен келди. 6-июнь, 2023-жыл.
Катар мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Бишкекке мамлекеттик сапары менен келди. 6-июнь, 2023-жыл.

6-июнда Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Бишкекке мамлекеттик сапары менен келди. Бул эгемендик жылдар ичинде Кыргызстанга араб өлкөлөрүнөн келген алгачкы жогорку даражалуу лидери деп айтылууда. Ал Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүрөт, Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынан кийин Бишкекке келди, андан ары Астана менен Дүйшөмбүгө карай жол алат.

Кыргыз өкмөтү Катар эмиринин мамлекеттик сапары тууралуу төмөнкүдөй кыска маалымат таркатты.

“Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат. Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда”, - деп билдирди президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.

Расмий бийликтен сапардын мазмуну жана күн тартиби тууралуу мындан башка алгылыктуу маалымат алуу мүмкүн болгон жок. Кандай маселелер талкууланып, кандай келишимдерге кол коюлары да белгисиз.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Араб өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчилигин да аркалайт. Ал учурда араб өлкөлөрү менен кызматташтык бир кыйла солгун экенин, бирок Катар эмиринин мамлекеттик сапары алаканын жаңы барактарын ачарына ишенерин билдирди.

“Ачыгын айтайын, депутаттардын ортосунда кызматташуу азырынча абдан солгун. Бул эми эки мамлекеттин ортосундагы алакаларга жараша болот. Негизи ал жакта деле саясий маданият ошондой. Парламенттин мамилеси королдун мамилесине жараша болот. Мисалы, азыр Катардын падышасы келатат. Ошондон кийин парламенттер аралык кызматташууга чоң жол ачылат”.

Кыргыз-катар дипломатиясы жана туризм

Кыргызстан менен Катардын дипломатиялык алакасы 2010-жылдан кийин аз-аздан жандануу жолуна түшкөн. 2012-жылы Катар мамлекети Бишкекте өз элчилигин ачкан. Эки жыл өткөн соң, 2014-жылы Дохада кыргыз элчилиги ачылган. Кыргыз өкмөтүнүн 2012-жылы кабыл алган мыйзамына ылайык, 61 мамлекеттин жарандары үчүн Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилген, алардын ичинде Катар мамлекети да бар.

Кыргыз-араб туризм биримдигинин жетекчиси Кубанычбек Баялиев кыргыз жаратылышы араб туристтерин өзүнө тартып турарын жана алардын саны жыл сайын өсүп баратканын белгилейт.

"Кыргызстанда араб туризми 2016-жылдан бери аябай күчөгөн. Араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин агымы жылдан-жылга көбөйүп барат. Биз былтыр чек арадан кирген араб туристтеринин статистикасын атайын Улутстаткомдон алганбыз, эсептөөлөр боюнча келгендер 30 миңден ашкан. Алар көбүнчө Бириккен Араб Эмирликтеринен, Катардан, Кувейттен жана Сауд Арабиясынан келишет, быйыл Омандан дагы келип атышат. Арабдар жаратылышка кызыгат – шар аккан суунун боюнда, таза булактардын түбүндө, токойлордо, көбүнчө суунун жээктеринде отурганды аябай жакшы көрүшөт. Алардын өзгөчөлүктөрү – башка чет өлкөдөн келген туристтерге караганда алар жөн гана эс алып, чай-кофесин, тамагын жасап ичип, суунун жээктеринде, боз үйлөрдө отуруп эс алышат".

Учурда Бишкек менен Дубайдын, Абу-Даби жана Эль-Кувейт шаарларынынын ортосунда туруктуу авиакаттамдар иштейт.

Эл аралык саясат боюнча талдоочу Марс Сариев Кыргызстан араб өлкөлөрүнүн инвестициясын туризмди өнүктүрүү долбоорлоруна тартса натыйжалуу болот деп эсептейт.

“Акаевдин мезгилинен бери араб өлкөлөрү менен аздыр-көптүр мамиле куруп келатабыз. Ошондуктан, бизде мечиттер курулуп, ислам фактору абдан күчтүү өнүгүп келет. Бул жакта Кувейт, Сауд Арабиясы, өзгөчө Бириккен Араб Эмирликтери өзүн абдан жайлуу сезишет. Ала-Арча жана башка живопистик жайларыбызда көптөгөн араб туристтерин көрүп жүрөбүз. Анткени арабдар Кыргызстанды мусулман мамлекети катары кабылдашат. Кыргызстан ушундай инвестицияны пайдаланып калышы керек. Алар табиятка абдан этият мамиле кылышат, сууну кадырлашат. Ошондуктан, Эмирликтердин, Сауд Арабиясынын, Кувейттин, Катардын инвестициялары менен биздин жаратылыш ресурстарыбызды айкалыштырсак, Борбор Азияда эбегейсиз натыйжалуу кереметти жаратар элек”.

Сариев Катардын инвестициясын Ысык-Көлгө курула турган “Асман” шаарын курууга жана аны жогорку технологиялар менен жабдууга тартуу зарылдыгын кошумчалады.

“Араб дүйнөсүнөн экономикалык өнөктөштөрдү табалы”

Статистикалык маалыматтар Кыргызстан менен Катардын учурдагы экономикалык алакасы өтө бийик деңгээлде эмес экенин көрсөтөт. 2022-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү болгону 53,7 миң долларды түзгөн жана 2021-жылга караганда 48% азайып кеткен.

Соңку жылдары Кыргызстандын араб өлкөлөрүнүн ичинен Бирикен Араб Эмирликтери, Ливан, Сирия, Кувейт жана Сауд Арабия менен экономикалык алакасы бир кыйла жандуу жүрүп келет. Соода алакасынын эң чоң көлөмү - Араб Эмирликтерине туура келет, ал 2022-жылы 125 млн доллардан ашкан жана мурунку жылга караганда 180% көбөйгөн.

Ал эми Ливан менен соода жүгүртүү 193 эсеге жана Кувейт менен 6 эсеге өскөн.

Нуржигит Кадырбеков араб өлкөлөрүнөн адат болуп калган кайрымдуулук жардамдарын күткөн маанайдан четтеп, теңата соода-экономикалык алаканы жана инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүү зарыл экенин айтууда.

“Азыр биз негизинен араб өлкөлөрүнөн жардамдарды алып жатпайбызбы, анда дагы алардын кайрымдуулук уюмдарынан, фонддорунан гранттарды, насыяларды алып жатабыз. Эң башкысы экономикалык бир багыт катары соода алакаларын кеңейтишибиз керек. Экинчиден, олуттуу инвесторлорду тартып келсек болот. Ошол потенциал дагы деле ачылбастан турат. Маданий алакалар өзүнүн жолу менен, бирок биз биринчи кезекте экономикалык өнөктөш, экономикалык чоң рынок, ошондой эле, инвестиция тартууга чоң мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөр катары карасак жакшы болот эле. Азыр эми араб фонддорунан “келе-келе” деп жардам алганга жаман үйрөнбөшүбүз керек. Кайыр сурап, жардам сурап жүргөн деңгээлден өсүшүбүз керек”.

Учурда Кыргызстанда араб өлкөлөрүнүн ири өндүрүштүк корпорациялары же инвестициялык компанияларынын өкүлчүлүктөрү иш алып барбайт. Бирок Бишкекте бир катар араб кайрымдуулук фонддорунун кеңселери бар. Алар негизинен мектеп, бала бакча, оорукана, суу объектилери сыяктуу социалдык мекемелерди жана мечит-медреселерди куруу менен алектенишет.

Кыргыз өкмөтү соңку жылдары араб өлкөлөрүнөн инвестиция тартуу аракетин көрүп келет. 2023-жылдын биринчи кварталынын аягына карай Кыргызстан Кувейт мамлекетинин, Сауд Арабиясынын жана Бириккен Араб Эмирликтеринин өнүктүрүү фонддорунан жалпысынан 5,5 млрд. сомдон ашуун финансылык карыз алган.

2022-жылдын октябрь айында Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен биргеликте "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" деп аталган кыргыз-араб биргелешкен акционердик коому түзүлгөн. Компаниянын уставдык капиталына араб фонду 100 млн доллар бөлүп, 1,2 млрд долларга чейинки коммерциялык долбоорлорду ишке ашыра алат деп айтылган. Келишимдин андан аркы тагдыры кандай болуп жатканы азырынча белгисиз.

Быйыл апрель айында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад Бишкекке келип калкты турак жай менен камсыздоо жана Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо долбоорлоруна 100 млн доллар насыя берүү келишимине кол коюп кеткен.

Июнь айынын башында Кыргызстандын Санариптик өнүгүү министринин орун басары Индира Шаршенова Катардын маалымат агенттигине курган маегинде эки тарап микрочип чыгаруу боюнча кызматташууну пландап жатканын билдирген.

Расмий кабарлангандай, шейх Тамим бин Хамад Аль Тани баштаган делегация Ташкентте бажы, салык, эмгек укуктары, билим берүү, айыл-чарба ж.б. тармактарды камтыган 12 ар кандай келишимге жана меморандумга кол коюшту. Катарлыктар Өзбекстанда энергетика, газохимиялык өндүрүш, айыл-чарба, логистика, туризм жана башка тармактарында жалпы суммасы 12 млрд. доллардан ашык инвестициялык долбоорлорго катышуу келишимин түзүштү.

Сентябрь айында өзбек-катар инвестициялык форумун өткөрүп, биргелешкен долбоорлорду каржылоо механизмин түзүү маселеси да каралмай болду.

Катар Эмири Борбор Азия аймагына жасаган бул сапарында Бишкектен кийин Казакстан менен Тажикстанга расмий сапар менен барат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG