Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

БАЭдеги Аал-Нахйаан жана кыргызча терминология көйгөйү


Байтик Баатыр Канай уулунун ысымын алган көчөнүн аталышынын ката жазылышы. Бишкек шаары, 2018-жыл.
Байтик Баатыр Канай уулунун ысымын алган көчөнүн аталышынын ката жазылышы. Бишкек шаары, 2018-жыл.

Кыргызстандын борборундагы узун көчөнү БАЭнин лидерлеринин биринин ысымы менен атоо тууралуу сунуш айтылууда. Бул окуя арап жана башка чыгыш элдеринин аталыштарын кыргызчалоонун өзгөчө системасын иштеп чыгуу маселесин кайрадан козгоого түрткү болду. Тарыхчынын блогу.

Чыгыш элдеринин энчилүү аттарын тартипке салуу көйгөйү бул элдердеги ономастикалык маалыматтарды кыргыз тилинде чагылдыруу орус тилинин салты аркылуу эмес, тикелей эне тилдик салтка ылайык жүргүзүүнү талап кылат.

Бул жаатта мурдараак жарыяланган блогдорубуздун биринде ушул тарыхый жагдайды да көрсөтө кеткен элек:

Тээ 1930-жылдары сталиндик террор маалында жазыксыз жерден жайран болгон жана көп жылдар бою ГУЛАГга кесилген чыгаан тилчи окумуштуулардын кайгылуу тагдырын көрүп, 1940–50-жылдары далай тилчилердин жүрөгү үшүгөн көрүнбөйбү. Ошондуктан ошол өткөөл муундагы тилчилерибиз “орус тилинде кандай айтылса, сөз ошондой айтылып жана окулсун” деген орфографиялык эрежени таңуулап салышкан.

(Бир мисал келтирелик: боордош казактар Москва шаарын “Мәскеу” дешет, андан улам расмий Кремль казактарды жазалап жиберген жок; бизде элетте “Маскөө” дешет, орфографиялык эреже боюнча “Москва” түрү кыргыз тилине таңууланган).

Андан ары оюбузду улантып, эгерде Эшенаалы Арабай уулу, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов, Касым Тыныстанов, Базаркул Данияров, Ташым Байжиев, сыяктуу залкарлар атылбаса, Кусейин Карасаев, Тазабек Саманчин, Зыяш Бектенов ж.б. залкарларыбыз ГУЛАГга кетпесе, анда кыргыз тилине таандык үндөшүү жана башка салттык көрүнүштөр ырааттуу сакталмак деген кейиген пикирибизди азыр да тепчий кеткибиз келет.

Эми терминологилык көйгөй жөнүндө сөзгө тыныгуу берип, кийинки сөз оролун Азиянын Батышындагы (Ортоңку Чыгыштагы) бир мамлекетке байланыштуу маалыматтарга буралы.

БАЭнин калкы, андагы адам укуктары жана ар тарамдуу экономика

Арабия жарым аралыгын чыгышында, Перс булуңуна (аны араптар “Булуң” же “Арап булуңу” деп аташат) жана Оман булуңуна чектеш жайгашкан Бириккен Арап Эмирликтери (БАЭ; арапча: “ал-имаараат ал-арабиййа ал-муттахида”) деген шайланма жеке бийлик өкүм жүргүзгөн мамлекет жайгашкан. Ал монархиялык мамлекет жети башка эмирликтен куралган федерация болуп саналат. Аны түзгөн эмирликтер: Абу-Даби, Ажман, Дубай, Фужайра, Ра’с ал-Хайма, Шаржа жана Умм ал-Кувайн.

БАЭнин түпкү калкы — негизинен сунний мусулмандардан турган жергиликтүү араптар. Албетте, федерациялык мамлекеттеги жалпы калктын басымдуу бөлүгү (70 пайыздайы) — Түштүк, Түштүк-Чыгыш Азиядан жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттары. БАЭнин жалпы калкынын саны (мигранттарды кошкондо) 10 миллион 208 миңден ашуун кишиден турат. (1975-жылы калк саны 550 миң кишиден гана турган).

XXI кылымдын башынан тартып бул мамлекетке кыргыз мигранттар да көчүп келип, ар кыл кызматтарда иштеп жатышат. Кээлери жылдын айрым мезгилдеринде гана иштеп кетишет. Айрым бай кыргыздар БАЭде анча-мынча кыймылсыз мүлктүү болгон, деген маалыматтар да жарык көргөн.

Арийне, мыйзамы шарыятка негизделген бул өлкөдө адам укуктары бузулган учурлар да көп катталган. Ага жергиликтүү жана чет элдик аялдардын укуктарын бузуу учурлары гана кирбестен, мигранттарга карата катаал мамиле да кирет. Режимге моюн сунбаган айрым канзаада айымдар куугунтукталган.

Мисалы, 2020-жылдагы баяндамага караганда, Индиядан жана башка азиялык жана африкалык өлкөлөрдөн БАЭге келген эмгек мигранттары жумуш ордун сунуштоочу компаниялар тарабынан “туристтик виза” менен чакырылып алынып келип, бирок аларга “эмгек визасын” бербей коюу аркылуу мындай мигранттардын укуктары одоно бузулган учурлар катталган.

“Эмнести интернешнл” (Amnesty International ) сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары жана ачык интернет энциклопедиялары белгилегендей, БАЭде жарандык коомго сөз эркиндиги расмий сунушталган эмес.

Рамазан айында кайырдиндерге да коомдук жайларда калайык көзүнчө тамак ичүүгө болбойт. Салыштырсак, мусулман өлкөсү болгон, бирок айдыңдык (секулярдык) тартиби бар Түркияда болсо башка диндегилер үчүн ресторандар мусулман калкы орозо тутчу рамазан айында деле иштей беришет.

БАЭ канчалык эл аралык чөйрөгө жигердүү умтулган сайын, ошончолук бул өлкөдө мыйзамды либералдаштыруу жүрүмү акырындап өсүп жатканын да серепчилер белгилешет.

Мурда жума күнү аптадагы эс алуу күнү болуп келсе, 2006-жылдан тартып Ра’с ал-Хайма эмирлигинде мусулман эмес калктын талабын эске алуу менен ишемби күн да тыныгуу күнү болуп калды.

Дубайда жогорку таалим алган жана расмий кызматтарга дайындалган аялдардын саны өсүүдө.

Соңку учурларда Кыргызстанда БАЭдеги экономикалык реформалар жаатында жылуу сөздөр арбын айтылып келет.

Өзгөчө бул мамлекет акыркы жарым кылым ичинде жалаң гана мунайзатка таянбастан, экономикасын көптөгөн заманбап өнөр жай тармактарына, алдыңкы технологияга, динамикалуу туристтик өнөр жайга, эл аралык деңиз жана аба жолдору каттамдарынын өтө ыңгайлуу ортомчу жайларына (хаб) айлантууга жетишкен Өлкөдө эл аралык инвесторлорго кыйла жагымдуу шарттар жаратылган.

Эми аймагы чакан жана өзгөчө бай өлкө – БАЭ Борбордук Азиядагылар, анын ичинде Кыргызстан үчүн да болжолдуу инвестор катары өзгөчө кызыгуу туудурууда.

БАЭнин эмиринин жана туңгуч президентинин ысымы мөңгүгө берилди

Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө Бириккен Арап Эмирликтеринин негиздөөчүсү, шейх Зайид ибн Аал-Нахйаандын ысымы ыйгарылгандыгын 2022-жылдын 1-ноябрында Кыргызстандын Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Эрбол Султанбаев Фейсбукта шардана кылган.

Жарыядагы орусча текстте “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” деп берилсе, анын кыргызча жагында бул ысым “шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” деп сунушталган (шейх сөзү гана кичине тамга менен белгиленген).

Албетте, кыргыз дипломаттарынын арасында арап тилдүү адистер арбын. Алардын пикирлери да расмий документтерде эске алынганында шегибиз жок.

Маселе – ошол адистерибиз алигиче орус тилдин орфографиялык жана ономастикалык салттарынан арылбай жаткандыгында болушу ажеп эмес.

Биз бул инсандын ысымын кыргызча “шейх Зайид ибн Султан Аал-Нахйаан” деп жазууну туура деп санайбыз. Кыскача “шейх Зайид” десе болот.

Эми БАЭнин өнүгүү тарыхындагы бурулуш окуяларды баштап берген бул реформачы маркумдун ысымын борбор шаарыбыз Бишкектин бир көчөсүнө ыйгаруу аракеттери жүрүүдө. Болгондо да ордо шаардагы Максим Горький көчөсүнүн аталышын өзгөртүү сунушу талкууланып жатат.

Кыргызстан бир беткей дипломатиялык нуктан качып, көп тарамдуу дипломатиялык нукту чыңдоого умтулуп жаткандыгы дал ушул ишаарадан да айгинеленет. БАЭ менен Кыргызстандын өз ара кызматташтыгынын чыңдалышын көпчүлүк жарандарыбыз колдоого алышы мыйзам ченемдүү.

Ал эми жазуучу Максим Горькийди (Алексей Пешков, 1868–1936) эч ким унутта калтырбайт. Анын мурасы дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине которулган. Жазуучунун чоң айкели азыр дагы ордо шаарыбызда “Гайд Парктын” ролун аткарып жатат. Мында ар кыл коомдук жыйындар эркин өткөрүлүп келди.

Айтмакчы, Орусиянын өзүндө 1932-жылы коюлган “Горький” шаар аталышын 1990-жылы кайрадан тарыхый “Нижний Новгород” шаар аталышына өзгөртүшкөндүгүн, Маскөөдөгү Дүйнөлүк адабият институту азыр дагы Максим Горькийдин атын алып жүрөөрүн белгилей кетели.

Ал эми ысымы мөңгүгө коюлган жана Бишкек көчөсүнө коюлаары айтылып жаткан тарыхый инсан – шейх Зайид ибн Султан Аал Нахйаан (06.5.1918 – 02.11.2004) – көрүнүктүү арап саясий ишмери экендигин дүйнө коомчулугу дурус билет. Ал – Бириккен Арап Эмирликтеринин негиздөөчүсү жана туңгуч президенти (1971–2004), жана бул эмирликтеринин бири Абу-Дабинин 17-эмири (1966–2004) болгон.

Ал Дубайдын эмири Рашид ибн Сайид Аал-Мактуум жана башка беш эмир менен бирге 1971-жылы 2-декабрда мурдагы британдык протектораттын ордуна Бириккен Арап Эмирликтери аттуу федерациялык мамлекетти негиздеген. Ал эми жетинчи эмирлик – Ра’с ал-Хайма – бул мамлекеттик ынтымакка 1972-жылы 10-февралда кошулган.

Шейх Зайид Аал-Нахйаандын өзү кеминде 7 аялга үйлөнгөнү, анын 19 уулу, 11 кызы болгону айтылат.

Эми бул БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымын чечмелөөдөн оболу арапча ар кандай терминдердин алдына дааналоо үчүн жазылып коюлчу “ал” артикли (аныктама мүчө сөзү) менен мааниси таптакыр башка болгон “аал” сөзүнүн айырмасын белгилей кетели.

“Ал” деген арапча артиклдин “л” тыбышынын өзгөрүшү

Арапча “ал” артиклиндеги ичкертүү белгини орус тилинде текст жазганда гана “аль-“ түрүндө пайдалануу керек. Кыргызча текстте ичкертүү белгинин эч кажети жок.

Салыштыруу үчүн заманбап кыргыз тилинде латын жана арап тамгаларында жазылган тексттерге караңыз. Латын тамгасын түркиялык кыргыздар колдонуп жатышат, анда эч кандай ичкертүү белги жок. Кытайдагы Кызылсуу Кыргыз автоном облусундагы ж.б. кыргыздардын арап алфавитинде кыргыз тилинде жарыяланып жаткан тексттеринде деле эч кандай ичкертүү белги жок. Кирил жазмасындагы кыргыз тексттерине да анын эч кажети жок деп санайбыз.

Кыргызча алфавиттерди салыштыруу жана алардагы тексттерди бири-бирине көз ачып-жумгуча өткөрүү үчүн Бахтияр Шаршеев иштеп чыккан оригиналдуу интернет барагына башпагыңыз.

Кыргыз жана түрк тилдеринде “ал” артиклин ичкертүү белги менен кошуп жазуунун эч зарылчылыгы жок. Маселен, “Альла” деп эч жумшартып айтпайбыз (түркчө деле “Allah” делет, анда ичкертүү жок).

Кыргызстандык мусулмандардын өзөккү сөздөрүнөн болгон ушул “Алла” (لله) сөзүндө “ал” артикли жана “илааh” (“кудай”) сөзү бар, чогуу айтылганда ал Тек кудайдын арапча ысымын – “Алла” деген аталышты берет. Арапча “Алла” сөзүнүн соңундагы үлбүрөк h тыбышы кыргыз тилинде жутулуп кетет да, эч айтылбайт (мисалы, “Алла таала” сөз айкашын алалы).

Бир маанилүү жагдай: арап алфавитинде үнсүз тамгалар “күн тамгасы” (шамсиййа) жана “ай тамгасы (қамариййа) деп эки топко бөлүнөт.

“Күн тамгасы” менен башталган сөздөрдүн алдында “ал” артикли турган чакта, “ал” артиклинин “л” тыбышы өзгөртүлүп, ошол “күн тамгасынын” алгачкы үнсүз тыбышы кош кабат кылып айтылып калат.

Мисалы, “Күн” сөзү “шамс” делет, ага “ал” артикли кошулганда тамгалай “ал-шамс” (الشمس) деп жазылат, бирок окулганда “аш-шамс” деп кош “ш” тыбышы менен айтылып калат.

“Күн тамгаларынын” саны 14 (та, са, дал, зал, ра, за, син, шин, сад, дад, Тта, Зза, лам, нун).

Эми “л” тыбышы ээрчип кеткен мисалдарды келтирели: ат-таажир, ас-саанийа, ад-Дымашки, аз-заакира, ар-Рашид, ас-Судан, ас-Самарканди, ас-Сыни, ар-ражул, аш-Шаши, ал-лутф, ан-наср, ан-Намангани, ат-Тарази, ж.б.

Калган үнсүз 14 тамга “ай тамгалары” (қамариййа) деп аталышат (арасында жим, ха, гайн, фа, каф, кеф, мим сыяктуу тамгалар бар). Бул тамгаларга “ал” артикли алды жагынан жалгашканда бул артиклдин “л” тыбышы эч өзгөртүлбөйт.

Мисалы: ал-Уши (ал-Оши), ал-Баласагуни, ал-Бируни, ал-Кашгари, ал-Барскани, ал-Узжанди, ал-Хварезми, ж.б.

Буларды чоо-жайынан бери жазып жатканыбыздын себеби ушул: арап энчилүү аталыштарын кыргыз тилинде чагылдырууда европалык (орус, англис ж.б.) стандарттарды эмес, нукура кыргызча стандартты эмитеден иштеп чыгышыбыз зарыл.

Арапча аталыштарды чагылдырууда мусулман элдеринин салтын, анын ичинде арап тилинин текстиндеги “ал” артиклинин окулганда “күн тамгалары” менен “ай тамгаларына” ылайык айтылышын кирил жазмасында ырааттуу чагылдырып колдонсок алгылыктуу болмок.

“Аал” – “Баланчанын урпактары”, “Баланчанын тукумдары”

Арапча “ал” артиклинен таптакыр айырмаланган “аал” сөзү азыркы тексттерде бул артикл менен чаташтырылып пайдаланылып жатканын өкүнүү менен белгилешибиз ылаазым.

Арапча “аал” (“лам” тамгасынан мурда созулма АА камтылган: – آل ) деген сөз “(Бирөөнүн) урпактары”, “(Баланчанын) үй-бүлөсү”, “(Төлөнчөнүн тукумдары” деген түшүнүктү берет.

Бул арапча “аал” терминине кыргызча чоң уруунун бир уругунун ичиндеги “(Баланча) уулдары”, “(Баланчанын) үй-бүлөсү”, “(Баланчанын) урпактары” деген түшүнүк кыйла жакын.

Дал ошондуктан эне тилибиздеги текстте “Аль-Нахайян” деп орусчаны ээрчип жазбастан, “Аал-Нахйаан” деп жазуу ылайык.

(“Кудай жалгап”, өз эне тилибизде дагы созулма үндүүлөр ар башка маанини туюнтуу үчүн жигердүү колдонулат эмеспи! Мисалы, кыргызча аары, ары, баар, бар, боор, бор, жаал, жал, кээр, кер, оор, ор, суур, сур, таар, тар, ууру, уруу, чоор, чор, ээр, эр ж.б. сөздөрдүн ар биринин маанилик жүгү ар башка болот. Демек, созулма үндүүлөрдү арапча терминди кыргызча так чагылдыруу максатында оңой эле колдоно алабыз).

Бул “Аал-Нахйаан” деген татаал (кош) сөздөн куралган терминдин алгачкы бөлүгү – “аал” сөзү – санжырадагы бир тиешелүү кишинин “урпактары”, “тукумдары”, “үй-бүлөсү” сөзүн билдирсе, ал эми экинчи бөлүгү – “Нахйаан” сөзү генонимди, б.а. араптардын Абу-Даби эмирлигинин бийликтеги чакан уругунун ата-бабасы болгон Нахйаан (نهيان ) деген кишинин ысымын туюнтат. (“Геноним” сөзүнө чоочуркай карагандарга: эгерде этнология илиминде “этноним” сөзү кеңири мааниде этностук аталыш үчүн колдонулса, “геноним” сөзү болсо тиешелүү этностун кайсы бир уруусунун негиздөөчү бабасынын ысымын белгилөө үчүн колдонулат. Маселен, “кыргыздын сарыбагыш уруусунун ичинен Жантай уулу” дегенде “Жантай” геноним болуп саналат).

Муну орус тилинде “Дом ан-Нахйаана”, “Династия ан-Нахйаана” деп которушса деле ыктымал, бирок орус адистери “Аль Нахайян” сөзүн тандап алышкан.

Эмне үчүн орус тилинде “Нахйаан” сөзүнөн кийин кошумча “а” тыбышы кошулуп калды? Арап тилинде ал тыбыш жок да? Бир орусиялык арабист досубуз мында “Аль” сөзү орус тилинде дайыма баш тамга менен жазылышы керек (ал эми “ал” артикли сүйлөм ортосунда кичине тамга менен деле жазыла берет), ал эми “Нахайян” сөзү алгач кабыл алынган түрү боюнча саясий адабиятта салтка айланып, дал ушундайча колдонулуп кала берген, деп айтты. Албетте, орус тилинде деле илимий адабиятта бул терминдин башка окулуш варианттары жолугушу ыктымал, деп ал түшүндүрдү.

Англис тилинде болсо бул “Аал-Нахйаан” сөз айкашын алгачкы жана кийинкии созулма үндүүнү жоготуп “Al Nahyan” деп гана жазышат да, түшүндүрмө бергенде “Нахйаан Үйү”(“The House of Nahyan”), башкача айтканда, “Нахйаан сулалеси (династиясы)” деп көрсөтүшөт.

Түркиялык түрк тилинде болсо бул терминди “Нехйан үй-бүлөсү” (“Nehyan ailesi” – “Нехйан аилеси”) деп белгилешет. Түрк тилинде созулма үндүүлөр жок эмеспи, бирок түркчө вариантта х тамгасынан соң дароо й тамгасы жазылганын (hy) да өзгөчө баамдоо зарыл.

Санжыралардагы “Аал-Нахйаан” жана “Аал-Мактуум” сөздөрү

Ал эми кыргыз тили өз табиятына ылайык жашайт эмеспи.

Демек, биз арапча тамгалардын окулушуна жакындатып, бул санжырадан келип чыккан чакан сулалелик (династиялык) аталышты эне тилибизде “Аал-Нахйаан” деп берсек туура болот.

Мындагы “аал” сөзүндөгү созулма АА тыбышы бул сөздү араптардын берки “ал” артикли менен чаташтырбоо керектигин баса белгилеген кошумча жана маанилүү көрсөткүчкө айланат. Кыргыз тилиндеги созулма үндүүлөрдүн күчүн ушул мисалдан да айгинелей алабыз. Бул эки сөздүн ортосуна кыска сызыкты кошуу (“Аал-Нахйаан”) алардын бирдиктүү терминди түзөөрүн тастыктайт.

Нахйаан урпактары (Нахйаан уулдары) 1761-жылдан тартып, Абу-Дабинин төбөлдүк катмарын түзүп келген. Алардын өкүлдөрү иш жүзүндө 1971-жылдан тартып, азыркыга чейин Абу-Даби эмирлигинин эмири жана БАЭнин жалпы федерациялык президенти кызматтарын укумдан-тукумга аркалап келүүдө.

Ал эми БАЭдеги бийликтеги дагы бир таасирдүү урук – “Аал Мактуум” деп аталат. Мында дагы “аал” сөзүн арапча “ал” артикли менен чаташтырбоо зарыл.

Мактуум урпактары 1833-жылдан тартып, Дубайдын бийлөөчү катмарын түзүп келет. Алардын өкүлдөрү 1971-жылдан тартып, азыркыга чейин Дубайдын эмири кызматын ырааттуу ээлеп келишет. Мактуум тукумдары (Мактуум уулдары) БАЭнин жалпы федерациялык өкмөт башчысы жана вице-президенти кызматтарын укумдан-тукумга аркалашууда.

Мактуум урпактары да реформачыл маанайы менен айырмаланаарын кошумчалай кетсек болот.

(Караңыз: Мохаммед ибн Рашид ал-Мактум. Ой учкундары / Англис тилинен которгон Касым Машакбай уулу Рахманкулов; жооптуу ред. Тынчтыкбек Чоротегин; ред. Жылдыз Медералиева. — Б.: Аркус, 2021. — 152 б. – ISBN 978-9967-485-17-4. – Котормо “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан аткарылды. – Долбоордун координатору Кенжекан Усупова. – «Өмүрү өрнөк инсандар» түрмөгү).

Демек, БАЭге таандык кыргызча саясий адабиятка “Аал-Нахйаан” жана “Аал-Мактуум” деген терминдерди колдонуу жана түшүндүрмө бергенде “Нахйаан урпактары” жана “Мактуум урпактары” деп көрсөтүү ылайык. Мында “уулдары” сөзүнөн качып жатканыбыз, балким, болочокто бул реформачыл падышалыктарда айымдар деле бийликке келиши ыктымалдыр. “Урпак” сөзү ата-бабанын улантуучуларын жынысына карабай жалпылайт эмеспи. (Бирок ушул тапта БАЭде орто кылымдардагы патриархалдык доордун айрым калдыктары, маселен, көп аял алуучулук ж.б., деле сакталып келет).

Корутунду сунуш

Албетте, Кыргызстандагы болочокку орток терминологиялык комиссия жалаң гана БАЭнин лидерлеринин ата-тегин кандайча жазуу маселеси боюнча чогулбай тургандыгы анык эмеспи.

Мүмкүн болушунча, көйгөйлөрдү (кытай, корей, жапон, монгол, индиялык, арап, парсы жана башка тилдердеги сөздөрдү, түрк элдеринин сөздөрүн, жалпы индо-европалык ж.б. тилдердеги терминдерди кыргыз тилинде чагылдыруунун өз алдынча системасын түзүү маселелерин) кеңири өлчөмдө жана көп баскычтуу илимий талкуу аркылуу чечүү, башка түрк элдеринин урунттуу тажрыйбаларын жана кыргыз тилинин ички нукура өзгөчөлүктөрүн эске алуу алгылыктуу.

Бул көп тарамдуу маселе, албетте, Чыгыш жана Батыш элдеринин тилдериндеги киши жана жер-суу аталыштарын жаңыча системалаштыруу көйгөйүн эле эмес, жаңы деңгээлде түзүлчү терминологиялык комиссияга полиглот кыргыз илимпоз адистерин сөзсүз түрдө жана ырааттуу кошуу зарылдыгын да чагылдырат. Мындай комиссиянын ишине чет өлкөлөрдөгү кыргыз тилдүү адистер онлайн шартында деле катыша алышат эмеспи.

Азырынча кыргыз тил илими, адабият, ономастика, терминология, тарых, саясат таануу, философия, география, картография ж.б. тармактарда чет элдик терминдерди эне тилибизде тактап, системалаштырып жазуу жаатында чар-жайыттык, мурдагы “чоң байкенин” тилинин тажрыйбасына күнкордук менен багынуу аракеттери алигиче өкүм сүрүүдө.

Редакциядан: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG