Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Беларус: Александр Лукашенко ант берди


21-январда Беларус президенти Александр Лукашенко Минскинин борбордук Ак сарайында өткөн салтанатта ант берип, кийинки 5 жылдык мөөнөткө өлкөнү башкарууга расмий киришти.

Европа биримдиги, АКШ Беларуста өткөн президенттик шайлоону сындап, Лукашенкого каршы жаңы жазаналарды даярдоонун үстүндө. Алар өз өкүлдөрүн ант берүү аземине катыштыруудан баш тартты.

19-декабрда Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын жыйынтыгына ылайык, Александр Лукашенко калктын 80 пайызынын колдоосуна ээ болгон. Расмий жыйынтыкка нааразы болуп Минскиде митингге чыккан миңдеген адамдарды беларус милициясы ур-токмокко алып, 700дөн ашуун киши камалган. Алардын ичинде мурдагы президенттикке талапкерлер да бар. Камалгандардын теңинен көбү абакка кесилди.

20-январда Европарламент токтом кабыл алып, анда беларус бийлигинин оппозицияга көрсөткөн кысымын сынга алып, демократиялык шайлоо өткөрүүгө үндөдү.

Беларус президенти Александр Лукашенко буга нааразылыгын билдирип, Евробиримдиктин ага каршы жаңы жазаналарына жооп даярдоону өкмөткө тапшырды. “Кимде ким өлкөбүзгө каршы экономикалык же башка санкция киргизсе, анда биз ага ошол замат эң катаал жооп даярдашыбыз керек”,-деди Лукашенко.

Ушул эле күнү Москвада Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен Беларус лидери Александр Лукашенко жолугуп, отун кубатына болгон баа тууралуу макулдашты. Муну менен, талдоочулардын баамында, Европа далысын салган чакта расмий Минск Кремлден колдоо издей баштагансыйт. Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин бериле турган жардамдын көлөмүн ачык айтты:

- Ал жардам 4 миллиард 124 миллион долларды түзөт.

Бул жардам аркылуу Кремль Лукашенкону жүгөндөп кармап тургусу келет. КМШ институтунун жетекчиси Константин Затулин буларды айтат:

- Орусия менен Беларус ортосундагы катнашты жаңы мүдөөлөргө үндөчү оппозициянын иш жүзүндө болбогону жакшы эмес. Беларуста мындай саясий кыймылдар, түзүлүштөр пайда болушу үчүн күрөшөбүз.

Беларус оппозициясынын баамында, расмий Москва үчүн Лукашенконун бийликте турганы ыңгайлуу, ошол себептен акчалай жардам көрсөтүүдө. Мындай пикирдин ээси – декабрда камакка алынган оппозициянын өкүлү Дмитрий Савка:

- Бул жерде болгон укук бузууларды Москванын көрмөксөнгө салганы аз келгенсип, Лукашенконун режимине экономикалык жактан жардам бериши – укук бузуу көрүнүштөрүн арттырат. Бирок Орусия бул режимди канчалык колдобосун, азыркы Беларус бийлиги ага ыраазы болбойт.

Der Standard гезити “декабрда Беларуста өткөн шайлоодон кийин оппозицияга карата жасалган кысым Сталин колдонгон жол менен жүргүзүлдү. Шайлоодон бери 1 ай өтсө да ушул күнгө чейин камоолор, үйлөрдү тинтүүлөр уланууда”,-деп жазды.

Александр Лукашенко ант берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

XS
SM
MD
LG