Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:58

Батышты жек көргөн Медведев, душман издеген Эрдоган


Дмитрий Медведев. Коллаж.
Дмитрий Медведев. Коллаж.

Economist басылмасы келерки жылы өтө турган ​парламенттик жана президенттик шайлоо Эрдогандын узак карьерасындагы эң татаал өнөктүк болоорун болжойт. АКШ менен Орусиянын алакаларына жаңы дем берүүнү колдогон Медведев кантип Батышка каршы "кара каргага" айланды?

Эрдогандын шайлоо алдындагы саясаты

Economist 9-июндагы санында Түркиядагы саясий абалды талдап, "шайлоо жакындаган сайын президент Режеп Тайып Эрдоган туш-тараптан душмандарды издөө менен алек" деп жазды.

Басылма эмки жылы өтө турган парламенттик жана президенттик шайлоо мамлекет башчынын узак карьерасындагы эң татаал өнөктүк болоорун болжойт. Расмий маалыматта инфляция 73% деп айтылганы менен чыныгы көрсөткүч үч санга жетиши мүмкүн. Сурамжылоолор көргөзгөндөй, түрктөрдүн көбү статистика агенттигинин айткандарына анча ишенбейт. Анын үстүнө улуттук валюта да наркын жоготууда.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Макалада айтылгандай, экономиканы азыркы абалда калыбына келтирүү мүмкүн эместигине көзү жеткен Эрдоган шайлоо алдындагы стратегиясын башкача түзүүнү чечип, өлкө ичиндеги жана чет жактардагы "мокочолорду" жок кылууга киришти. Терроризм менен күрөшкө жамынып, репрессиялардын жаңы толкунун баштагандай.

Мунун белгиси катары автор Конституциялык сот күрттөрдүн ири партиясы – “Элдик демократиялык партияны” (HDP) жабуу чечимин чыгарышы ыктымал экенин мисал келтирет. Анкара бул саясий уюшманын “Күрттөрдүн жумушчу партиясы” (ПКК) менен байланышы бар деп эсептейт. Ал эми ПККга Түркияда "террорчул" деген негизде тыюу салынган. Андан тышкары прокуратура Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуна бийлик өкүлдөрүнө акаарат келтирүү айыбын таккан. Анын соту сентябрга белгиленген. Буга чейинки шайлоо маалында болгон окуя үчүн күнөөсү далилденсе, Имамоглу 4 жылга кесилип, саясатка аралашууга тыюу салынышы мүмкүн. Сурамжылоолорго ылайык, мэр алдыдагы шайлоодо Эрдоганды жеңиши ыктымал.

Макала ошондой эле президент элдик толкундоолорго "жөн карап отурбасын" кыйытканын белгилейт. Июндун башында 2013-жылкы демонстрацияларды сөз кылып, түрк лидери алардын катышуучуларын “террористтер” деп атады.

"Ал эми тышкы саясатта Эрдоган Сириядагы күрт кошуундарына каршы операция баштарын эскертип келатат" деп улантат Economist. Бирок чабуул баштоо чечими ал жактагы күрттөрдү колдоп келаткан Орусиянын аракетине байланыштуу болмокчу. Автор Орусия лидери Владимир Путин Эрдогандын Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуусуна каршы турганына ыраазычылык иретинде Сириядагы операцияга макулдугун бериши мүмкүн деп болжойт.

Андан ары түрк лидери сөз болгон эки өлкөнү күрт согушкерлерин экстрадициялабай жатат деп расмий айыптаганы менен Эрдогандын чыныгы максаты бүдөмүк экени белгиленет. Кандай болгон күндө да президент кризистен пайдаланып, Европага каршы маанай жаратуу менен өлкө ичинде упай топтоп жатат.

“Балким, шайлоо жакындаганда Эрдоган терроримзге каршы башка бир майдан ачат” деп жыйынтыктайт макаласын басылма.

"Батышты жек көргөн Дмитрий Медведев"

La Repubblica гезити Орусиянын экс-президенти, мурдагы өкмөт башчы, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин "кайрадан Батышка асылган билдирүүсүнүн" айланасында сөз кылды. Кабарчы Розалба Кастеллетти 16-июндагы макаласын "Медведев таң калтырбай деле калды" деген пикири менен баштайт.

Твиттердеги постунда орусиялык саясатчы: “Бакалардын, быжынын жана спагеттинин европалык күйөрмандары Киевге майнапсыз барганды жакшы көрүшөт. Еврошаркетке алабыз, эски гаубицаларды беребиз деп убада кылышты да, горилкадан (украиндердин арагы – ред.) тартып алып, 100 жыл илгеркидей поездге түшүп алып үйлөрүнө кайтып барышты. Мунун бардыгы Украинаны тынчтыкка жакындатпайт”, – деп жазган.

Журналисттин айтымында, бул сөздөр Марио Драги, Эммануэл Макрон жана Олаф Шолцтун Киевге сапарын кыйытып жатат.

Буга чейин да экс-президент батыштагыларды, украиндерди, “атайын операцияга каршы болгон орус “чыккынчыларын” мазактаган постторун жазып келген. Бир жума мурун эле саясатчы: “Мен аларды жек көрөм, алар Орусиянын өлүмүн тилешет. Өмүрүм өткүчө алардын жок болушу үчүн аракеттенем”, – деп айткан.

Автор Медведевдин өзөктүк курал колдонуу менен коркутканын, Москва Еврокеңештен жана Европанын адам укуктары боюнча сотунан чыккандан кийин өлүм жазасын кайра киргизүү демилгесин көтөргөнүн эске салат.

Гезит мындай риторика таң калтырбаганы менен бир нече жыл мурун эле, президент болуп турганда АКШ менен Орусиянын алакаларына жаңы дем берүүнү колдогон жетекчинин “Батышка каршы кара каргага айланышын” түшүнүү кыйын деп жазат.

Журналист белгилегендей, Медведев Орусиянын коммунисттик партияга же атайын кзыматтарга тиешеси жок алгачкы лидери, Deep Purple тобунун, айфондун ышкыбозу өлкө ичинде да, сыртында да Батышка ыктаган, демократиячыл саясатчы көрүнчү.

Ошол эле маалда 2010-жылы WikiLeaks жарыялаган каттардан ачыкка чыккандай, америкалык дипломаттар ага “Путиндин майда тапшырмаларын аткарып эки жакка жүгүрүп жүргөн баладай” эле карашчу.

Бүгүн “саясий белгисиздикке кептелген 65 жаштагы экс-президент Путиндин ишенимин кайтарууну көздөгөндөй” деп жыйынтыктайт макаласын La Repubblica.

"Жарнамада өзбек тилинин эрежелерин бузууга жол берилбейт"

Eurasianet 15-июндагы санында Өзбекстанда сентябрда ишке кирип жаткан жарнамалар тууралуу мыйзамга кайрылган. Жаңы жободо өзбек тилинин эрежелерин сактоо милдеттендирилет. Мындан ары коммерциялык жарнамада зордукчул көрүнүштөргө, кимдир бирөөнү расасына, улутуна, жынысына, социалдык абалына, динине карап кемсинтүүгө, мамлекеттин символдоруна акаарат келтирүүгө жол берилбейт.

Макалада айтылгандай, Өзбекстан башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, адамдын аң-сезимине билгизбей таасир эткен, чаташтырган жарнамага тыюу салууну чечти.

Чет жактарда өндүрүлгөн продукцияны ошол түпкү тилде жарнамаласа болот, бирок басымыдуусу өзбекче болууга жана баалар жергиликтүү валютада көргөзүлүүүгө тийиш.

Басылма дагы бир саамалыкты белгилейт. Атап айтканда, жылдыздарга, дарыгерлерге же өздөрүн медициналык кызматкер деп атагандарга дары-дармектин жарнамасына катышуугу уруксат берилбейт. Энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого спортчуларды тартууга да болбойт.

Тескерисинче, Өзбекстандын өзүндө чыгарылган пиво, шараптын жарнамасындагы эрежелер жумшартылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG