Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:46

Европанын үч лидери Киевге келди


Франциянын, Германиянын жана Италиянын лидерлери Украинанын Ирпень шаарында, 16-июнь 2022-жыл.
Франциянын, Германиянын жана Италиянын лидерлери Украинанын Ирпень шаарында, 16-июнь 2022-жыл.

16-июнда Франциянын, Германиянын жана Италиянын лидерлери украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүү үчүн Киевге келди. АКШ Украинага 1 миллиард долларлык кошумча курал-жарак жөнөтөрүн жарыялады. Орус күчтөрү Северодонецк шаарына чабуулду күчөттү.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын кацлери Олаф Шольф жана Италиянын премьер-министри Марио Драги Польшадан чыккан поезд менен бейшембинин таңында украин баш калаасына келип түштү. Орусия Украинага басып киргенден бери Европадагы алдыңкы үч экономиканын лидерлери биринчи жолу Киевге келип жатат.

Алар украин президенти менен жолугардан мурда орус күчтөрүнөн эң көп жабыркаган жакынкы Ирпень шаарына барышты.

"Баарыбыз талкаланган бул шаардын сүрөттөрүн көргөнбүз. Бул бир эле учурда баатыр шаар. Анткени дал ушул жерде украиндер орус армиясын Киевге киргизбей токтотуп калышкан. Армиянын гана эмес, украин калкынын каармандыгын элестетип көрөлү", - деди Макрон.

Германиянын канцлери Европа лидерлери Украинага жана украин элине тилектештигин көрсөткүсү келерин айтты. Бирок буга чейин украин өкмөтү Франциянын жана Германиянын бийлигин жана кайсы бир деңгээлде Италияны Киевге колдоо көрсөтүү маселесинде олку-солку абалда турат деп сындаган. Ошондой эле Киев бул өлкөлөрдү Украинага курал-жарак жеткирүү маселесин создуктуруп жатат деп айыптаган.

M777 үлгүсүндөгү гаубицалар, Донецк облусу. 6-июнь, 2022-жыл.
M777 үлгүсүндөгү гаубицалар, Донецк облусу. 6-июнь, 2022-жыл.

Европа лидерлеринин бул сапарынын алдында АКШ Украинага бир миллиард долларлык кошумча курал-жарак жөнөтөрүн жарыялаган болчу.

"Анын ичинде көп жолу багытталган аракеталарды учуруучу системалардын ок-дарылары, M777 үлгүсүндөгү дагы 18 гаубица, аларды сүйрөөчү тактикалык унаалар, 155 миллиметрлик 36 миң ок-дары бар", - деди АКШнын коргоо министри Ллойд Остин.

Украинанын чыгышында айыгышкан салгылашуулар уланууда. Орусиянын күчтөрү Северодонецкке көзөмөлүн орнотуу үчүн шаарга чабуулдарын күчөттү. Украин армиясы билдиргендей, учурда орус аскерлери негизги басымды Луганск облусунун түндүгүнө жасап, бир эле учурда тогуз багыт боюнча чабуулга өттү.

Северодонецк үчүн кармаш бир нече аптадан бери жүрүп жатат. Луганск облусундагы бул шаар дале украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө турат. Эгер Орусия бул калааны басып алса, анда батыш тарапты көздөй жылууга, жакынкы Словянск жана Краматорск шаарларына чабуул коюуга мүмкүнчүлүк алат.

Британиянын чалгын кызматтары 16-июнда билдиришкендей, Северодонецкти коргоп жаткан аскерлер оор абалга туш болгону менен Украина шаардагы жоокерлеринин көбүн чыгарып кеткен болушу мүмкүн.

Бириккен Улуттар Уюму Северодонецктен 12 миңдей жайкын тургун чыга албай калганын, алардын көбү "Азов" химиялык заводунун жер төлөөсүндө баш калкалап жатканын маалымдады.

Северодонецк шаары.
Северодонецк шаары.

15-июнда Орусия заводду коргоп жаткан украин аскерлеринен куралын таштоону талап кылып, карапайым тургундар үчүн "гуманитардык коридор" ачууну убада кылган. Киев Москванын мындай талабын четке каккан.

"Биз Донбассты коргоп жатабыз. Айтмакчы, эл аралык сүйлөшүүлөрдө биздин коргоочуларыбызды даңазалаган сөздөрдү угуп жатабыз. Дүйнө украиндерден кантип согушуп, кантип жеңип чыгууну үйрөнүшү керек. Орусиянын армиясы аскердик күч жана техника жагынан бир топ артыкчылыкка ээ болгонуна карабастан 112 күндөн бери уланып жаткан согушта украин армиясы каармандыгын, акылмандыгын, душманды тактикалык жактан жеңип чыгуу кудуретин көрсөтүп, орчундуу жыйынтыкка жетти", - деп билдирди украин президенти Владимир Зеленский 15-июндагы кайрылуусунда.


АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси, генерал Марк Милли да Орусия Донбасста аскерлеринин жана курал-жарактарынын саны жагынан үстөмдүк кылып жатканын, бирок Москва Украинанын чыгышына көзөмөлүн орнотту деп айтууга эрте экенин белгиледи.

Британ тараптын соңку маалыматында айтылгандай, танктар жана артиллерия орус күчтөрүнө артыкчылык бергени менен бул куралдар шаардын ичиндеги көчөмө-көчө согуштарга анча пайдасын тийгизген жок. Натыйжада орус тарап өзү каалагандай алдыга жыла албай жатат.

Орусия Укринага 24-февралда басып кирген. Андан бери миңдеген жайкын тургундун жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Согушту токтотууну көздөгөн буга чейинки тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG