Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:59

Азия өлкөлөрү цунами курмандыктарын эскеришти


Индонезиядагы мечитте цунами курмандыктары үчүн куран окуу жөрөлгөсү. 26-декабрь, 2014-жыл.
Индонезиядагы мечитте цунами курмандыктары үчүн куран окуу жөрөлгөсү. 26-декабрь, 2014-жыл.

Түштүк-Чыгыш жана Түштүк Азия өлкөлөрүндө бүгүн цунами курмандыктарын эскеришти. Мындан туура он жыл мурун ушул күнү зилзаланын артынан келген топон суудан 200 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган эле. Бул каргаша Инд океандын айланасындагы өлкөлөрдө кырсыкты алдын алуучу эскертме чаралар талаптагыдай жолго коюлбаганын да ачыктаган.

2004-жылдын 26-декабрында суу түбүндө акыркы кырк жылдагы эң күчтүү, Рихтер таякчасы боюнча 9,1 баллга жеткен зилзаланын артынан бийиктиги 10 метрге чейин көтөрүлгөн толкун Инд океандын жээктеринде бак-даракты түп-тамырынан берки омкоруп, турак үйлөрдү кыйратып, жүрүп бараткан авто унаа, поезддерди агызган.

Жалпысынан бир миллиондон ашуун киши турак жайынан айрылып, өмүрү кыйылгандардын такталган саны 200 миңден ашкан эле.

Анда цунамиден Индонезиянын зилзаланын очогуна жакын турган Ачех провинциясы эң көп жабыр тарткан. Ал жерде ондогон кыштактар жер менен жексен болуп, кеминде 168 миң киши топон суу астында калган.

Ачех провинциясынын борбору - Банда-Ачехтеги бүгүнкү эскерүү жөрөлгөсү учурунда Индонезиянын вице-президенти Юсуф Калла төмөнкүлөргө токтолду:

- Бүгүнкү эскерүү жөрөлгөсү курмандыктар үчүн дуба кылуу жана дүйнөдөгү адамдарга ыраазычылык билдирүү эле эмес, бул биз чоң көйгөйдү кантип чечүүнү үйрөнгөн учурубуз. Цунаминин сабагы бизге оор жүктү биргелешип кантип көтөрүүгө болорун үйрөттү.

Ачехтин борборундагы Улуу мечитте бүгүн цунами курмандыктарына куран түшүрүү үчүн миңдеген киши жыйналды.

Он жыл мурдагы зилзаланы коштогон топон суу Индонезия менен катар Шри-Ланка, Индия, Таиланд, Мьянма, Малайзия, Бангладештин жээктерине да кыйракан алып келген.

Зилзаладан алты сааттан кийинки аралыкта Инд океандын толкуну Чыгыш Африканын Сомали, Танзания, Кения сындуу өлкөлөрүнө да жетти.

Шри Ланкада бүгүн цунамиден аман калгандар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү түшкөн поезд борбор Коломбодон түштүктөгү Пирелиа шаарына эскерүү рейсин жасады. Анткени он жыл мурдагы топон суу ошол жолдо 1400 киши бара жаткан поездди агызып кеткен эле.

Таиланддын түштүгүндө цунамиден өмүрү кыйылган 5300 кишинин жарымы чет элдик туристтер болчу.

Эскерүү жөрөлгөсү океан жээгиндеги Бан Нам Кхем кыштагында өтүп, цунами курмандыктарынын ысымы жазылган мемориалга гүлчамбарлар коюлду.

Таиланддын ички иштер министри Анупонг Паочинда ал жерден кабарчылар менен маегинде:

- Цунамини күн мурунтан эскертүүчү система абдан маанилүү экен. Цунами, жер титирөө, суу ташкын болобу биз табигый кырсыктын коркунучунан күн мурунтан кабар алып, алдын ала даярданып, эскертүү бергидей абалда болушубуз керек.

Өзү Инд океанда цунаминин алдын ала эскертүү системасы он жыл мурдагы кыйракандан кийин гана түзүлө алды.

Эл аралык коомчулук кайра куруу жана калыбына келтирүү иштери үчүн 13,5 миллиард доллар чогултуп берген.

Азия өлкөлөрү цунами курмандыктарын эскеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG