Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Ооганстан: Абдулла менен Гани атаандаш


Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани шайлоонун экинчи айлампасына чыгышты.
Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани шайлоонун экинчи айлампасына чыгышты.

Ооганстанда президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгында мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла жана экс-каржы министри Ашраф Гани алдыга чыкты.

Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмад Юсуф Нуристани акыркы эсеп боюнча, Абдулла 44,9% добуш менен биринчи орунда, Гани 31,5% добуш менен экинчи орунда экенин билдирди. Дагы бир талапкер - мурдагы тышкы иштер министри Залмай Расул 11,5% менен үчүнчү орунду камсыз кылды.

Ооганстанда 5-апрелде өткөн шайлоодо жалпысынын сегиз талапкер ат салышкан. Шайлоонун экинчи айлампасы 7-июнда өтөт деген божомол бар. Бирок расмий айтыла элек.

Шайлоо комиссисиянын төрагасы Нуристани журналисттерге шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча түшкөн арыздарды азыр тиешелүү комиссия кылдат текшерип, жыйынтыгы 13-майда чыгарылаарын айтты.

Атайын арыздарды караган комиссия 240 миң бюллетенди комиссия жараксыз деп тапкан жана андан башка дагы бир топ мыйзам бузууларды каттаган.

Абдулланын шайлоо штабынын жетекчиси Фазел Санчараки жыйынтыктарга нааразы экенин билдирип, “Азаттык” радиосунун Ооган кызматына добуш саноодо көп суроолор жоопсуз калганын айтты:

- Шайлоо комиссиясы өзу 444 шайлоо бекеттеринин бюллетендери санала электигин айтты, ал эми жараксыз деп табылгандары кайсы бекеттерден экени жана эмне себептен жараксыз болуп калганы белгисиз.

Ганинин шайлоо штабынын мүчөсү Аббас Наваян алардын шайлоо командасы мыйзам бузуулар боюнча комиссиянын расмий жыйынтыктарын күтүп жатканын билдирди.

Ашраф Гани өзбек тектүү Абдул Дустумду өз өнөктөшү катары жарыялаганда, аны көптөр ойлонулган саясий жүрүш катары баалашкан. Анткени, мурдагы талаа командири Дустумдун аркасы менен Гани Ооганстандын өзбек тектүү жарандарынын добушуна ээ болот деген кептер жүргөн.

Оогандыктар адатта саясатчылардын этностук белгисине жараша добуш беришет, бул жолу дагы ал түшүнүк роль ойноорун эч ким жокко чыгарган эмес.

Ооганстандын калкынын 9% түзгөн этностук өзбектер Ганини Жаузжан жана Фарьяб аймактарынан жакшы колдоп беришти. Бул эки аймактан тең Ашраф Гани 70% жакын добуш топтой алды. Ошол эле маалда өзбек тектүүлөр байырлаган дагы Сари-Пул, Саманган, жана Кундуз чөлкөмдөрүнөн Ганини колдогондордун саны 40% ашкан жок.

Бул үч аймактын эли тескерисинче анын атаандашы Абдулла Абдулланы колдошту.

Шайлоо алдында Абдулла Абдулла Ооганстандын калкынын 9% түзгөн хазарлардын колдоосуна ээ болот деп эч ким ойлогон эмес. Байкоочулар бул улуттук азчылыктын добушу үч талапкерге Абдуллага, Ганиге жана Залмай Расулга бөлүнөт деп болжолдошкон.

Бирок хазарлар жашаган аймактын дээрлик баарында Абдулла Абдулла лидерлик кылып, добуштардын көбүн топтоду.

Байкоочулар мындай ийгиликтин бир нече себебин айтышууда. Анын бири Абдулланын бир кезде хазарлардын талаа командири болгон Мохаммад Мохакикти экинчи вице-президенттике көрсөтүүсү өбөлгө болду.

Мурда белгилүү болгондой эле Абдулла тажик тектүүлөр отурукташкан аймактардан жеңди. Абдулла өзү тажик-пуштун үй-бүлөдөн чыкса дагы түндүктөн болгондуктан, көптөр тажик деп санашат.

Этностук тажиктер калктын 27% гана түзөөрүн байкап, Абдулла болгон күчүн пуштундардын добушун алууга жумшады. Ошол себептен ал биринчи вице-президенттике пуштун уруусунан чыккан Мохаммад Ханды көрсөткөн.

Пуштундар Абдулланы өтө көп жактыра беришпесе да, алар жашаган аймактардан күтүлгөндөн көп добуш топтолду. Пуштундардын көбү Ганини колдошту. Ал эми Расул болсо Кандагардан жана түштүк аймактардан көп колдоого ээ болду.

Бул президенттик шайлоонун жеңүүчүсү 2001-жылы талиптердин бийлиги кулагандан кийин президентикке келген Хамид Карзайдан биринчи жолу бийликти демократиялык жол менен өткөрүп алат.

Ооган Конституциясы эки мөөнөт бийликте турган Карзайга үчүнчү ирет катары менен президент болууга жол бербейт.

XS
SM
MD
LG