Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Түркмөнстан АКШ менен кызматташууга кызыкдар


Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов
Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов

Бүгүн (25-июнда) Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередовдун АКШга төрт күндүк сапары башталды. Сапарынын алгачкы күнүндө Рашид Мередов Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушту. Алдыдагы күндөрү Түркмөнстандын тышкы иштер министри өз өлкөсүнө инвестиция тартуу максатында америкалык ExxonMobil жана Chevron өңдүү ири мунай компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушары күтүлүүдө.

Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередовдун сапары америкалык басма сөз каражаттарында өтө көп чагылдырылган жок. Түркмөнстандын Вашингтондогу элчилиги “Азаттык” үналгысынын телефон аркылуу суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Бирок жакында эле Ашгабадга иш сапары менен барган Евразия энергетика чөйрөсүндө АКШнын атайын өкүлү Ричард Морнингстар (Richard Morningstar) Кошмо Штаттары үчүн энергетикалык маселе өтө маанилүү болгонун белгилеген.

Ушул аптада Вашингтондо журналисттер алдында сүйлөгөн Морнингстар мырза АКШ Түркмөнстан менен кызматташууга кызыкдар болгонун белгилеген:

- Түркмөнстандын кызыктырган көп жактары жана көп жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыр биз сүйлөшүп жаткан маалда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Мередов мырза Вашингтондо иш сапары менен жүрөт. Менимче, Түркмөнстандын Батыш компаниялары менен кызматташууда көрсөткөн ийкемдүүлүгү бул өлкө менен биздин компаниялардын бирге иш алып баруусуна жана эки тараптуу кызматташтыкка жол ачат.

Соңку күндөрү расмий Москва менен кескин курчуп кеткен мамилелерден улам, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов газды издөө иштерин жүргүзүүдө Батыш компаниялары, өзгөчө америкалык ишканалар менен кызматташууга кызыгуусун билдире баштады. Кабарларга караганда, Бердимухаммедов министр Мередовду АКШга атайын тапшырма менен жөнөткөн.

Ушул айдын башында министр Рашид Мередов Брюсселде иш сапары менен болуп, Евробиримдик менен Түркмөнстан ортосунда энергетика тармагында кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Түркмөнстан менен АКШ ортосунда эки тараптуу инвестициялык макулдашуу жок. Бул багытта сүйлөшүүлөр 1991-жылы башталган. Бирок 1994-жылы түркмөн президенти Сапармурат Ниязов бардык сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгон. Айрым байкоочулардын баамында, министр Рашид Мередовдун АКШга сапарынын артында президент Гурбангулы Бердимухаммедовдун АКШ менен энергетика тармагында кызматташтыкты кеңейтүү аракети жатат.

Түркмөнстан энергетика чөйрөсүндө Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда чабалактап аласалып жаткан учуру.

Батыш Европа жана Түркияга Орусиядан көз карандысыз, өз алдынча газ жеткирүүгө кызыкдар болгон Түркмөнстан үчүн Набукко газ долбору өзгөчө маанилүү. 2013-жылы курулуп бүтөт делген Набукко газ кууру аркылуу Түркмөнстан 10 миллиард кубметр газ сата алмак.

Соңку убактарда Түркмөнстан Батышка ыктап, Орусиядан оолактай баштаганы байма-бай айтылууда. Буга чейин АКШ жана Батыш өлкөлөрү адам укуктарын коргоо багытында кетирген олуттуу кемчиликтери үчүн түркмөн бийлигин сындап келген. Бирок Евразия энергетика чөйрөсүндө АКШнын атайын өкүлү Ричард Морнингстар Вашингтондо Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушуу маалында адам укуктары темасы талкууланып-талкууланбаганын айтуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG